ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 7 ТОКТОМУ
15-октябрь 2012-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Нарын шаарынын социалдык экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары, өзгөчө сиңирген эмгектери үчүн Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаарынын социалдык экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары, өзгөчө сиңирген эмгектери үчүн Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы тиркеме көрсөтүлгөн адамдарга ыйгарылсын. (тиркеме тиркелет)
2. Жобого ылайык Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алгандарга атайын жазалган үлгудөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
__________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга