ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН №6\10 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН

 

                №6/10  ТОКТОМУ

11-июль 2012-жыл                                                                                                                   Нарын шаары

 

                                                                       Чороев Бакытбек Кадырмамбетовичке «Нарын шаарынын«Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу  жөнүндө

                                           

 

                Чороев Бакытбек Кадырмамбетович 1962-жылы 4-февралда Нарын районуна караштуу

Он Арча айылында туулган. 1969-жылы Куйбышев атындагы орто мектебине кирип, 1979-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1989-95-жылдары КМУУнун биология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

                Эмгек жолун 1979-жылы Нарын облустук «Билим» коомунда ротаторшик кызматынан баштаган.1980-жылы Тянь-Шань МЖСинде айдоочу болуп иштеген.1980-1982-жылдары Советтик Армиянын катарында Германияда  кызмат өтөгөн.1983-жылы Нарын МСХ ПМКсында айдоочу болуп иштеген.Ушул эле жылы Карелия АССРинин борбору Петрозаводск шаарындагы Петрозаводск токой техникалык техникумуна кирип,1986-жылы аяктап, техник-лесовод кесибине ээ болгон. 1986-жылы Карель токой жайгаштыруу ишканасына техник-таксатор кызмат ордунда иштеген.1987-жылы Нарын шаарындагы Куланак кесиптик-техникалык окуу жайында дзюдо боюнча секция башчысы болуп иштеп, алгачкы спорт машыктыруучулук менен биринчи чемпиондорду даярдаган. 1991-жылы Нарын облустук жаратылышты коргоо комитетинде адис,1994—2008-жылдары Каратал-Жапырык  мамлекеттик коругунда директордун орун басары, 2008-2012-жылдары Нарын токой чарбасынын башчысы,ал эми 2012-жылдын май айынан бери Каратал Жапырык мамлекеттик коругунундиректору болуп иштеп келүүдө. 1998-жылдан бери Нарын облустук  балдар, уландар спорт мектебинде дзюдо, самбо күрөштөрү боюнча машыктыруучулук ишин кошо  алып барууда. Спорт тармагында эмгектенүү учурунда 10дон ашык спорт чеберлерин даярдаган.Тарбиялаган окуучулары самбо күрөшү боюнча Азиянын Чемпионатында байгелүү оорундарын ээлешип, дзюдо, самбо күрөштөрү боюнча Кыргыз Республикасынын Спартакиадаларында, Чемпионаттарында жеңүүчүлөрдөн болушкан.

                Жаш өспүрүмдөрдү дене тарбия, спортко тартууда жана алардын спорттук чеберчилигин жогорулатуудагы көрсөткөн үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын облустук балдар жана уландар спорт мектебинин «Ардак Грамотасы» менен, олимпиадалык резервдеги Республикалык училишанын грамотасы менен, КРнын дзюдо өнүктүрүү боюнча Республикалык борборунун «Грамоталары»,Нарын облустукмамлекеттик администрациясынын , Нарын шаардык  Кеңешинин жана мэриясынын  «Ардак  Грамотасы» менен,  КРнын  билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргызстан дзюдо Федерациясынын диплому менен сыйланган. «Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын жана билим берүүнүн отличниги»төш белгилеринин ээси 2202-жылы Кыргыз Республикасынын туризм,спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттиккомитети «Дзюдо»боюнча КРнын улуттук даражадагы калысы деген наамын ыйгарган.2012-жылы жаштарды патриоттуулукка тарбиялоодогу эмгектери үчүн төш белгисинин ээси.

 

                Чороев Бакытбек Кадырмамбетовичке Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү   Нарын облустук балдар жана уландар спорт мектебинин сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы 

                                                                          ТОКТОМ КЫЛАТ

1.       Токой чарба тармагында үзүрлүү эмгеги жана Нарын шаарынын спортунун өсүп -өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Чороев Бакытбек Кадырмамбетовичке  Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.       Жобого ылайык, Чороев Бакытбекке  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын     «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

             Депутаттардын

   Нарын шаардыкКеңешинин

  төрагасы                                                                            А.Көкөтаев

 

__________________________________________________________________________

                Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга,шардык архитектурага, ММДга, «Таза Нарын» ишканасына, Б.Чороевге.

Comments are closed.