ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 3\3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН              

    № 3 /3ТОКТОМУ

 

11-июль 2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

 Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген  Нарын        шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

      Нарын шаардык Кеңешине  Нарын шаарынын Ленин 182кв №1 үйүнүн тургуну Молдобаева Шайгүл 712,88 чарчы метр жана Ленин 182 кв№4 үйүнүн тургуну Сокеева Нуржан 928,12 чарчы метр  жалпы аянты 1509,0 чарчы метр жер аянттарын турак жай курууга 17-август 2009-жылы Нарын ПВЭСтин №72 буйругунун негизинде  жана Нарын аймактык жерге жайгаштыруу башкармалыгы тарабынан Ч№319563, Ч№ 319564 номерлүү  жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алышкандыгын, ал эми бул жер аянты  Нарын шаардык Кеңешинин  4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген  Нарын  шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зонада  П-1 зонасында (зона промышленных производственных предприятий) болуп жаткандыгына байланыштуу аталган жер аянтын Ж-2 ( зона индивидуальной жилой застройки) зонасына которуп берүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан. Арыз шаардык Кеңештин алдындагы Курулуш архитектура, жер маселеси, электр, отун энергетикасы, коммуналдык менчиктештирүү, транспорт, байланыш жана коммуникация иштери боюнча  туруктуу комиссиясында шаардык архитектура жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынын адистеринин катышуусу менен каралып, жер аянттарын тиешелүү зонага котрууга атайын тиешелүү мекемелердин бүтүмдөрүнөн кийин  сессияга сунушталары белгиленген.

Шаардык архитектура башкармалыгынын 6.07.12 №С-71, №М-70 жана жерге жайгаштыруу башкармалыгынын 6.07.12 №84, №85 бүтүмдөрүнүн жана   туруктуу комиссиясынын  протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы


     


                                                ТОКТОМ КЫЛАТ


 


1.      Нарын шаарынын Ленин 182кв №1 үйүнүн тургуну Молдобаева Шайгүлгө тиешелүү  712,88 чарчы метр жана Ленин 182 кв№4 үйүнүн тургуну Сокеева Нуржан 928,12 чарчы метр , жалпысы 1641,00 чарчы метр жер аянты Нарын шаарынын «Курулуш куруу  жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зоналарга өзгөртүүлөр киргизилип, аталган жер аянты П-1 (зона промышленных производственных предприятий) зонасынан Ж-2 ( зона индивидуальной жилой застройки)    зонасына которулсун.

 


2.      Нарын шаарынын Ленин 182кв №1 үйүнүн тургуну Молдобаева Шайгүлгө тиешелүү  712,88 чарчы метр жана Ленин 182 кв№4 үйүнүн тургуну Сокеева Нуржан 796,45 чарчы метр  жер аянттарын Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизүү Нарын шаардык мэриясына (А.Суранов), шаардык архитектура башкармалыгына (У.Калмамбетов), Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Сулайманова) милдеттендирилсин.

 


3.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Курулуш куру жана жер маселеси, электр, отун энергетикасы, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш жана коммуникация» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

           Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин

               төрагасы                                                                                               А.Көкөтаев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык архитектура башкармалыгына, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, арыз ээлерине

Comments are closed.