НАРЫН ШААРДЫК КЕНЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ X СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ
18- декабрь 2013-жыл Нарын шаары
АРИС программасынын каржылоосу менен бүткөрүлгөн шаардагы тротуарлардын капиталдык ремонт иштери жөнүндө
Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү жалпы узундугу 1089 метр тротуаларды капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча долбоордун сметалык баасы 3 907 556 сомду, же 2256 чарчы метрди түзөт.Бул долбоорду аткарууда 2013-жылы узундугу 564 метр тротуарга брусчатка төшөлүп, анын жалпы суммасы 2 024 402 сомду же 1128 чарчы метрди түзөт. Ал эми долбоор боюнча узундугу 524 метр тротуарга брусчатка төшөлбөй, же 1049 чарчы метр жер аянтына 1 883 157 сомдун жумушу аткарылбай калган. Долбоорду аткарууда каржылоо булагынын 95 пайызы АРИС программасы аркылуу, ал эми 5 пайызы жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү тротуарларын капиталдык ремонттон өткөрүү иштерин жүргүзүүгө карата тендерге катышууга ОсОО “Босого” 1 861 482 сомго, ОсОО “АТЭС стройсервис” 1 864 314 сомго, ОсОО “Мстард” 1 978 673 сомго ишканалардан өтүнүч келип түшкөн. Тендерди өткөрүүгө Нарын шаардык мэриясынан, шаардык Кеңештин депутаттарынан, Нарын шаардык мэриясынын алдындагы тиешелүү мекемелердин адистеринен жана шаар тургундарынан турган комиссия түзүлгөн. Өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында ОсОО “Мстард” курулуш ишканасы тандалып, тендерден утуп алган.
2013-жылга аткарылган иштер үчүн 2 024 402 сомдун 96000 сому жергиликтүү бюджеттен , АРИС уюму тарабынан 1 885 613 сому каржыланган. Жалпы баасы 2 024 402 сомду түзсө, ОсОО “Мстард” ишканасы тендерде көрсөтүлгөн 1 978 673сомдук жумуш аткарып,ал эми 45 729 сомго АРИС тарап менен макулдашып кошумча иштерди аткарышкан. Тактап айтканда 2 024 402 сомго же 1128 чарчы метр жерге брусчатка плиткалары жаткызылып, обьектинин толук ремонту бүткөрүлгөн.
Нарын шаарынын Ленин көчөсүнө АРИС программасынын каржылоосу менен бүткөрүлгөн шаардагы тротуарлардын капиталдык ремонт иштери жөнүндөгү Нарын шаарынын 1-вицэ мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаарынын Ленин көчөсүнө АРИС программасынын каржылоосу менен бүткөрүлгөн шаардагы тротуардын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү Нарын шаарынын 1-вицэ мэри А.Сурановдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Нарын шаардык мэриясы тарабынан Нарын шаарынын Ленин көчөсүндөгү жалпы узундугу 1089 метр тротуаларды капиталдык ремонттон өткөрүүгө долбоордун аткарылбай калган бөлүгүн, толук бүткөрүү үчүн 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын кароо боюнча сунуш шаардык Кеңештин алдындагы Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына берилсин .
Төрага Э.Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, АРИС программасына