НАРЫН ШААРДЫК КЕНЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ X СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕНЕШИНИН  XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ         КЕЗЕКТЕГИ    X СЕССИЯСЫНЫН    №  6   ТОКТОМУ      

                   18- декабрь 2013-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

Нарын шаарынын көчөлөрүнө,  парктарына(сквер),  мекеме           ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна өзгөртүү, толуктоолорду  киргизүү жөнүндө

Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 9-июль 2010-жылдагы  XXV чакырылштагы IX сессиясынын  №5 токтому менен Нарын шаарынын көчөлөрүнө,  парктарына(сквер),  мекеме ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобосу бекитилген.

Нарын шаардык Кеңешинин  “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча”  туруктуу комиссиясы 2013-жылдын     11-декабрындагы  отурумунда  Жобого өгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча суушун Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүү боюнча комиссиянын протоколун кабыл алышкан.

Нарын шаарынын көчөлөрүнө,  парктарына(сквер),  мекеме       ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна өзгөртүү-толуктоолорду  киргизүү жөнүндө туруктуу комиссиянын жана сессияга катышкан депутаттардын сунушунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 9-июль 2010-жылдагы  XXV чакырылштагы IX сессиясынын  №5 токтому менен Нарын шаарынын көчөлөрүнө,  парктарына(сквер),  мекеме ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна төмөндөгүдөй өзгөртүү толуктоолор киргизилсин.

·         1- бөлүмүнүн 1.4 пункутундагы “Ардагерлер маселелери жаштар саясаты, спорт жана туризимди өнүктүрүү, этика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” деген сүйлөм “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча”  деген сүйлөм менен алмаштырылсын.

 

·         1-бөлүмүнүн 1.6 пункутундагы Нарын шаарынын көчөлөрүнө,  парктарына(сквер),  мекеме            ишканаларына, окуу жайларына ат берүү маселеси деген  сөздөн кийинки  жылына бир гана жолу Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августта берилетдеген сүйлөм  депутаттык Туруктуу комиссиянын сунушу менен Жобого ылайык берилет деп өзгөртүлсүн

 

·         3-бөлүмүнүн 3.1 пункутундагы Ал эми көчөлөрдүн аттары жашап жана иштеп жаткан көзү  тирүү адамдарга берилбесин деген сүйлөм  толугу менен алынып салынсын.

 

2.      Нарын шаарынын көчөлөрүнө,  парктарына(сквер),  мекеме ишканаларына, окуу жайларына ат берүүнүн тартиби жөнүндө Жобосуна киргизилген өзгөртүү, толуктоолорду “Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине  киригизүү Нарын шаардык Кеңешинин аппаратына тапшырылсын.

 

          Төрага                                                                        Э.Турсуналиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга

Обсуждение закрыто.