НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ IX СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ                                                                                                                                                                                                                                  КЕЗЕКТЕГИ     IX СЕССИЯСЫНЫН

№ 3 ТОКТОМУ

 29-октябрь 2013-жыл                                                                                                      Нарын шаары

2013-2014-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери  жөнүндө

Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык  2013-2014-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана тиешелүү тармактардын жүргүзүп жаткан ишин  кароо боюнча Нарын шаардык Кеңешинин  23-сентябрь 2013-жылдагы №54-б буйругунун негизинде комиссия түзүлүп, Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо бирикмесинин, Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын, Нарын  суу-канал ишканасынын  кышка карата даярдыктарын жеринде барып  көрүшкөн.

Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесине тиешелүү   19 откана бар, анын ичинен 17 откана электр энергиясы,  2 откана  көмүр менен иштейт. Жылуулук камсыздоо өндүруштүк бирикмеси 79 көп кабаттуу үйдү, 28 менчик турак үйдү, республикалык бюджеттен каржыланган 19 мекемени,  бала- бакчаны, орто мектептерди кошкондо жергиликтүү бюджеттен каржыланган 17 мекемени, 6 башка керектөөчүлөрдү жана 1463  абонентти жылуулук менен камсыз кылат.

2013-2014-жылдардын кыш айларына карата 1-участок “Московская” отканасында, 2-участок “ЦРК” отканасында, 3-участок “Ипподром” отканасына тийиштүү көп кабаттуу үйлөргө, мекемелерге, бала-бакчага, мектептерге тиешелүү жылуулук өтүүчү трассалар жазалып, жаңы отказандар коюулуп,  жалпы  жылуулук трассаларын жаңыртууда 1352,19пметр  труба керектелсе, мунун ичинен капиталдык ремонт учүн 420,42 пметр, ал эми текуңий ремонт үчүн 931,77 пметр   жаңы трубалар  алмаштырылып,  жалпы ремонт иштерине 1млн 761,14 миң сом акча каражаты чыгымдалган. 2013-жылдын  14-майында ОсОО “Коулгруп” ишканасы менен 1200тн көмүргө жана 13.05.2013-жылы ОсОО “Разрез Бусурманкул-Т” ишканасы аркылуу 1500тн көмүргө тендер өткөрүлгөн. 2013-жылдын 1-октябрына карата 1653,0 тн көмур тартылып, план (2700 тонна) 61,2 пайызга аткарылган.

“Чыгышэлектр” ААК Нарын филиалынын  Нарын РЭТи  Нарын шаарында аталган мезгил ичинде пайдаланган электр энергия 97384,5 мин кВт саат же 72834,4 миң сомго сатылды (2012-жылы 106312 мин кВт саат же 85089,6 миң сомго сатылган) 2013-жылдын 8927,5 миң кВт саат аз пайдаланылды. Кабыл алынган электр энергиянын ичинен жалпы коромдор 18433,1 миң кВт сааты башкача айтканда 18,93%,  мунун ичинен 11361,6 мин кВт 10/ 0,4 кВ боюнча техникалык жоготууга же11,67%,  3663,4 кВт саат 35кВ  боюнча техникалык жоготуулар  же 3,76% ,  3408,1 мин кВт саат комерциялык жоготуу 3,50 %  болгон.  Нарын РЭТинин дебитордук карыздары 2013-жылдын 1-октябрына карата жалпысы 39064,2 миң сомду түзөт. Мунун ичинен элдики 6588,3 миң сом, мекеме ишканалардыкы 32475,9 миң сом же Республикалык бюджеттеги мекемелеррдин карызы 233,176 миң сом, жергиликтүү бюджеттеги мекемелердин карызы 258,8 мин сом, коммерциялык структуралар 4422,269 миң сом, ал эми башка структуралардыкы 27561,7 миң сом.            Жогорудагы белгиленген сууманын ичинен Нарын жылуулук берүү ишканасынын карызы 62753, 976 миң сом,  мунун ичинен эл.энергиясы 18340,221 миң сом НДС 3777,971 миң сом, тууму (пеня) 406335,783 миң сом. ФОК “Намыс” жалпы карызы 3486,702 миң сом мунун ичинен эл.энергияга 423,699 миң сом,  НДС- 55,079 миң сом, тууму 706,855 миң сом. Нарын шаардык троллейбус ДЭПОсунун карызы 806,417 миң сом, мунун ичинен эл.энергияга 423,699 миң сом, НДС 55,079 миң сом, тууму 327,637 миң сом. “ Таза-Нарын” ишканасынын жалпы карызы 2516,622 миң сом, мунун ичинен эл.энергиясына 1594,131 мин сом, НДС 207,236 миң сом, тууму 715,254 мин сом. Накталай сатылган товардык продукция 92820,3 миң сомду же 127,4 пайызды түзсө,  2012-жылы 62841 миң сом же 73,9 пайызды түзүп,  салыштырмалуу 29978,5 миң сомго көп жыйналган.  Кардарлар менен сатылган электр энергиясы жана андан келип тушкөн акча каражатын тактоо максатында кардарлар менен эсептешүү автоматташтырылган. Учурда жеке кардарларга жана мекеме ишканаларга 100 пайыз эсептешүү счету таркатылган.                                 Электр энергиясын уурдаган кардарларды санын азайтуу жана төлөмдөрдү жогорулатуу максатында ай сайын рейддик иштер уюштурулуп, 225 рейддик иш жүргузүлүп,электр энергиясын пайдалануу эрежесин бузган 413 кардарга акт пртокол түзүлүп, 4187,4 миң сом акча каражаты кайрадан эсепке кирген.

            Нарын суу канал ишканасы шаардын калкын жана мекеме ишканаларды таза суу менен камсыз кылат жана ыплас сууларды кабыл алып тазалайт. 2013-жылга карата шаардын калкы менен ишканаларына 485,миң м3 таза суу берилип, 351, миң м3 ыплас суу кабыл алынып тазалоодон откөрүлгөн.Мекеменинин балансасында жалпы кубаттуулугу 7,26 миң м3/ суткалык 3 суу алуучу  Ак-Бечел, Батыш  Теке-Секирик жайлары бар. Шаардын  Чыгыш, Батыш, Ак-Бечел, Кирпич завод аймактарында  жалпы узундугу  101,54 км узундуктагы суу алуучу түтукчөлөр, 102 даана суу алуучу колонка, кубаттуулугу 6,0 миң м3/суткасына ыплас сууларды тазалоочу жай жана узундугу 28,34 км канализациялык түтүкчөлөр бар.          Шаар боюнча абоненттердин жалпы саны 7849 түтүн же 23797 адам. Мунун ичинен үйлөрүндө суу-канализациясы барлардын саны  2196 түтүн (5812 киши), үйүнөн суу чыккандардын саны 1982түтүн ( 6672 киши), колонкалардан суу алуучулардын саны 3675 түтүн (11323 киши). Мекеме ишканалар боюнча абоненттердин саны 225, мунун ичинен суу-канализациясы барлар 68, ичинде суусу барлар 114.       Калктан алынуучу жыйымдарды жакшыртуу максатында 2007-жылдан бери компьютерлештирилген, 1-С “Билинг” программасы иштеп жатат. 2012-жылга салыштырмалуу элден алынуучу жыйым 529,7 миң сомго же 125 пайызга өскөн. Мекемелердин бүгүнкү күндөгү дебитордук карызы  9281,5 миң сомду түзөт. Анын ичинен элдики  4918,1 миң сом, чарбалык эсептеги мекемелердики  1164,3 миң сом. Ал эми мекеменин жалпы кредитордук карызы   3199,1 миң сомду түзөт.                                               Шаардын ичиндеги суу түтүкчөлөрүнун эскилиги жетип, жарылуулар жылдан жылга көбөйүп,  жыл башынан бери  36 жарылуу болуп, 33 жарылуу оңдолуп кайра калыбына келтирилген. Нормага ылайык суу алуучу колонкалар 2 жолудан учурдук ремонттон өтүүсү керек болсо, көпчүлүгү 7-8 жолудан  учурдук оңдоодон өткөн. 17 миң сомдук 10 даана гидрант алынып келинип,  5 даанасы коюлган. Московкий аймагындагы скважинага 80,0 миң сомдук  насос жана тазалоочу жайга 55,0 миң сомдук клапан алынып келинген. 20 ири жарылуулар калыбына келтирилип, 230 метрлик Д-150 мм болгон суу өтүүчү водовод алмаштырылган. Ишканананын балансасында турган суу алуучу колонкаларды, суу кудукчаларынын ичиндеги вентилдер алмаштырылып, задвижкалар учурдук оңдоодон өткөрулүп, колонкалардын, кудукчалардын тегерек четтери тазаланып, бетондолгон.

Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык  2013-2014-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана тиешелүү тармактардын жүргүзүп жаткан ишин  кароо боюнча Нарын шаардык Кеңешинин  18-сентябрь 2013-жылдагы №40-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                 ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      2012-2013-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштерин кароо боюнча Нарын шаардык Кеңешинин 23-сентябрь 2012-жылдагы №54-б буйругунун негизинде түзүлгөн комиссиянын жана мекемелердин берген маалыматтары эске алынсын.

 

2.      2013-2014-жылдарга от жагуу сезонуна « Коулгруп »,  “Разрез Бусурманкул-Т”  ЖЧКка аркылуу келүүчү калган  көмүрдү 2013-жылдын 1-декабрына чейин  тартуу Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесине (У.Айтиев)  милдеттендирилсин.

 

3.       Шаардык мэрия тарабынан (А.Суранов) жылуулук берүү ишканасына (У.Айтиев) жалпы окуу жайларга, бала-бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине, эл жашаган көп кабаттуу үйлөргө нормага ылайык, үзгүлтүксүз жылуулук менен  камсыз кылуусуна,  көп кабаттуу үйлөрдү  жылуулоого,   Нарын суу канал ишканасына  (Г. Бактыбаева)    жылуулук түтүкчөлөрүн жана суу алуучу калонкалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга  жана электр тармактар ишканасына   (Н.Шукурканов)  электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпоо,  ТПлардын абалын кайрадан карап чыгуу, керектүү жерлердин ТПларын, линияларын  алмаштыруу, айрыкча калктын аярлуу катмарында турган үй-бүлөлөрдүн электр жарыктарын өчүрбөөгө  жана дебитордук карыздарды өндүрүүгө карата тапшырмалар берилсин жана  тиешелүү чараларды көрүү жагы тапшырылсын.

 

4.      Шаардын элине, айрыкча калктын аярлуу катмарларын сапаттуу, арзан көмүр менен камсыз кылуу жана 2013-жылдын 10-ноябрына чейин  көмүр тартуу иштерин уюштуруу шаардык мэрияга ( А.Суранов) милдеттендирилсин.

 

5.      Сессиянын атынан “Нарын сууканал” ишканасынын “Ак-Бечел” суу алуучу жайынын жаңы курулушунун иштешин жана Нарын шаарындагы “Намыс” ден-соолукту чыңдоо борборунун (ФОК) электр энергиясына болгон карызын тактоо максатында шаардык Кеңешинин депутаттарынан турган атайын комиссияны түзүү шаардык Кеңештин төрагасы Э.Турсуналиевге тапшырылсын.

 

6.      Нарын шаардык электр тармактар ишканасынын акими  Н.Шүкүркановго,  Нарын жылуулук берүү ишканасынын директору У.Айтиевге, Нарын суу канал ишканасынын жетекчиси Г.Бактыбаевага дебитордук карыздарды өндүрүү  жана электр, жылуулук энергиясынын, таза суунун коромдорун кыскартууга өзгөчө көңүл бурулуп,   тиешелүү  деңгээлде иштер жүргүзүлсүн.

7.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана жеткиликтүү чараларды көрүү жагы Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналиевге) милдеттендирилсин.

 

                            Төрага                                                                   Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, жылуулук берүү ишканасына, суу канал ишканасына, электр тармактар ишканасына

Comments are closed.