НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН № 9 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XX  СЕССИЯСЫНЫН

№  9   ТОКТОМУ

19-март  2015-жыл                                                                                                                                         Нарын шаары

Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамына  өзгөрттүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө

               

                   Нарын  шаардык Кеңешинин  алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча” туруктуу комиссиясынын депутаттары   туруктуу комиссиянын төрагасын алмаштыруу боюнча 2014-жылдын  23-декабрында  өз отурумун өткөзүп, отурумда туруктуу комиссиянын төрагасына ушул эле туруктуу комиссиянын курамынан  депутат Телтаев Максат Казыбековичти бекитип берүү сунушун кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү боюнча отурумдун протоколун кабыл алышкан.         Шаардык Кеңештин Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиясынын курамындагы депутаттар  “Республика” фракциясынан Молдокадыров Нурбек Асыранкулович жана “Ата Мекен” фракциясынан  Апсалиева Айнура Ташболотовна депутаттык мандаттарын өткөрүп башка кызматтарга кеткендигине байланыштуу ордуларына кийинки катардагы депутаттар “Республика” фракциясынан Орозакунов Узак Ажымудүнович жана “Ата Мекен” фракциясынан Жунусов  Төрөбек Курманбаевич  Кыргыз Республикасынын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын Токтомунун негизинде депутаттык мандаттарын алышкан. Ал эми шаардык Кеңештин “Ак шумкар” фракциясынын депутаты Адиев Рахат Нурдинович Нарын шаарынын мэри болуп шайланып, депутаттык ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтоп, фракциянын катарына Жакыпов Курманбек Сыдыкович депутаттык мандатын алган.

Жогорудагы Нарын шаардык Кеңешинин  туруктуу комиссияларынын курамына кирип жаткан өзгөрүүлөрдүн негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                            ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу   боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына туруктуу комиссиянын депутаттарынын протоколунун негизинде  ушул эле туруктуу комиссиянын депутаты Телтаев Максат Казыбекович бекитилсин.

2.“Республика” фракциясынын депутаты Орозакунов Узак Ажымүдүнович жана “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Жунусов  Төрөбек Курманбаевич Нарын шаардык Кеңешинин  “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясынын , ал эми “Ак шумкар” фракциясынын депутаты  Жакыпов Курманбек Сыдыкович Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына  киргизилсин.

Төрага                                                                                                    Э.Турсуналиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияларга

Comments are closed.