НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                            

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XX  СЕССИЯСЫНЫН

№  6 ТОКТОМУ

19-март  2015-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

 

2014-жылга Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө

Нарын шаарынын 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө “ Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктук негизги приницптери жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү “ Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алынып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Нарын шаарынын 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин (1 тиркеме тиркелет).

 

2.      Нарын шаарынын 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен 535,0 миң сом, Нарын шаардык Кеңешинин буйруктары менен 200,0 миң сом берилген акча каражаттары бекитилсин (2 тиркеме тиркелет).

 

3.      Нарын шаарынын 2014-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 10427,2 миң сом акча каржаты бекитилсин (№3 тиркеме тиркелет).

 

 

4.      Токтомду аткаруу жагы Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.

 

   

           Төрага                                                                          Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн : иш кагазга, шаардык мэрияга, финансы бөлүмүнө

Comments are closed.