НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                            

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XX  СЕССИЯСЫНЫН

№  1 ТОКТОМУ

19-март  2015-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

 

  Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө

 

Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы I сессиясында Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарлары Мыйзам талаптарына ылайык  депутаттардын ачык добуш берүүсү менен шайланган.

Нарын шаардык Кеңешинин  XXVI чакырылыштагы XVI I сессиясында Нарын шаардык Кеңешинин “Ак шумкар” фракциясынын депутаты –төраганын орун басары Адиев Рахат Нурдинович Нарын шаарынын мэри болуп шайланып, депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 38-беренесине жана Нарын шаардык Кеңешинин  Регламентинин 29-46-главаларына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары шайланышы керек.

Жогорудагы Мыйзам талаптарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясында депутаттардын талкуусунан кийин Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                     ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо  сессияга катышкан көпчүлүк депутаттардын сунушунун негизинде шаардык Кеңештин кезектеги сессиясына калтырылсын.

 

 

 

 

   

                   Төрага                                                                               Э.Турсуналиев 

 

Жөнөтүлсүн:   иш кагазга, шаардык мэрияга

Comments are closed.