НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XIII КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XIII             КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫНЫН                                                                                                                                 

№ 2 ТОКТОМУ

7-май 2014-жыл                                                                                                                                Нарын шаары 

Нарын шаардык Кеңешинин XXVI  чакырылыштагы II сессиясынын 13-февраль 2013-жылдагы №2 токтому менен бекитилген айрым туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Э.Аскаров  Нарын шаардык Кеңешине Каптагаев Болот Кыдырмышовичти “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиянын курамынын мүчөсүнөн чыгарып,   “Муниципалдык менчик, турак жай, комуналдык тейлөө, архитектура курулуш, отун энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын мүчөлүгүнө киргизүү жана Молдосалиев Автандил Жыргалбаевичти “Муниципалдык менчик, турак жай, комуналдык тейлөө, архитектура курулуш, отун энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгарып, “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиянын курамынын мүчөлүгүнө киргизүү тууралуу ”Ата Мекен” фракциясынын  чечимин жиберген.

“Ата Мекен” фракциясынын сунуш катынын чечиминин негизинде жана шаардык Кеңештин Регламентине ылайык шаардык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Нарын шаардык Кеңешинин 13-февраль 2013-жылдагы №2 токтому менен бекитилген шаардык Кеңештин алдындагы айрым туруктуу комиссияларына шаардык Кеңештин Регламентинин    IV бөлүмүнүн 32-главасынын 32,1; 32,3; 32,6; 32,12чи пунктарына жана “Ата Мекен” фракциясынын сунуш катынын чечимине ылайык төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин;

а) Каптагаев Болот Кыдырмышович “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча”  туруктуу комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылып, “Муниципалдык менчик, турак жай, комуналдык тейлөө, архитектура курулуш, отун энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын мүчөлүгүнө  киргизилсин.

б)Молдосалиев Автандил Жыргалбаевич “Муниципалдык менчик, турак жай, комуналдык тейлөө, архитектура курулуш, отун энергетика, транспорт, экология боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөлүгүнөн чыгарылып, “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча”  туруктуу комиссиясынын мүчөлүгүнө  киргизилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышы  шаардык Кеңештин аппаратына (А.Абдыкеримов) тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                              Э.Турсуналиев

 

 

 

 

 

Жөнөтүлсүн: Иш кагазга, тиешелүү туруктуу комиссияларга

Comments are closed.