Нарын шаарында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик
же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө
ЖОБОСУ
Депутаттардын Нарын шаардык Кенешинин 11-апрель 2012-жылдагы 25-чакырылыштагы
23-сессиясынын №4 токтомуна № 1тиркеме
Нарын шаарында муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик
же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө
ЖОБОСУ
1. Жалпы жоболор
2. Жободо колдонулган түшүнүктөр
3. Тоорукту жана түз сатууну уюштуруучулар ,катышуучулар жана анын предмети
4. Жер тилкелерине укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары
5. Жер тилкелерин тандоо жана ижарага берүүгө даярдоо тартиби
6. Коомдук угууларды өткөрүүнүн жана тоорукту жана түз сатууну уюштуруунун тартиби
7. Тооруктарды жана туз сатууларды өткөрүүнүн тартиби
8.Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыктары боюнча документтерди тариздөөнүн тартиби
9. Ижара акыларды төлөө, эсептөө шарттары жана тартиби
10. Акча каражаттарды бөлүштүрүү
11. Корутунду жоболор
Тиркемеде: Жер тилкелеринин планы
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары» жөнүндө Жобонун негизинде иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине (мындан ары-жер участкалары) менчик же ижара укуктарын акы төлөө менен берүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт.
2. Жер тилкелерине менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүүнү ыйгарым укуктуу орган ачык тоорукта ишке ашырат. Ал эми ушул Жобонун 11-пунктунда каралган учурларда жер тилкелерин ижарага акы төлөө менен берүү тике сатуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн.
Жер менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт.
3. Жер тилкелер ижарага 50 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Жер тилкелерди ижарага берүү мөөнөтүн ыйгарым укуктуу орган аныктайт.
4. Бул Жобонун талаптары бардык учурларда аткарылууга тийиш болгон жер тилкелерди түзүү процедурасынан башка учурларда Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде каралган учурларга карата колдонулбайт.
2.Жободо колдонулган түшүнүктөр
5. Жободо колдонулуучу түшүнүктөр:
жерлерди ижаралоо — менчик ээсинин/жер пайдалануучунун (ижарага берүүчүнүн) жер тилкесин ижарачыга тийиштүү акысына белгилүү бир убакытка пайдалануу укугу менен бериши;
аукцион — тооруктун түрү, мында баарынан кымбат бааны сунуштаган жак утат;
гарантиялык взнос — жер тилкесине укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер төгүүчү акчанын суммасы;
шаар куруу регламенти — шаардык жана айылдык калктуу конуштарда конуш куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтеринде, курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринде жана жер тилкелерди, кыймылсыз мүлктүн башка обьекттерин уруксат менен пайдалануунун аныкталган параметрлери менен түрлөрүнүн жыйнагы;
шаар куруу документтери — калктуу конуштарды пландоонун структурасынын райондук пландарынын документтери, башкы пландары, чектерге бөлүштүрүүнүн, кварталдарды, тоомдорду жана башка элементтерди куруу куруунун долбоорлору;
сары линиялар — кыйраткыч жер титирөөлөрдүн, табигый же техногендик башка кырсыктардын натыйжасында имараттардын (түзүлүштөрдүн, курулуштардын) урандыларынын мүмкүн болгон түшүүсүнүн максимум жол берилүүчү зоналарынын чектери. Сары линиялар, эреже катары, имаратгар менен курулуштардын ортосундагы аралыктарды жөнгө салуу үчүн колдонулат;
кызыл линиялар — бул көчөлөрдү жана жолдорду пландык структуранын башка элементтеринен бөлүп туруучу, көчөлөрдүн жана жолдордун эсин аныктоочу жана чек ара болуучу линиялар;
лот — алуу укугу тоорукка коюлган конкреттүү жер участогу;
тоорук — муниципалдык менчикте турган жер тилкесине укукту берүүнүн ыкмасы. Тооруктар аукцион же конкурс түрүндө өткөрүлөт;
конкурс — сатып алуучулардан тооруктун предметине карата тийиштүү шарттарды аткаруу талуу менен тооруктун предметин сатуу;
карасанатай атаандаштык — субьекттердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн адаттарына, тартиптүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген, артыкчылык алууга багытталган аракеттери, эгер
мындай аракеттер төмөнкүдөй натыйжаларга алып келсе:
а) тооруктун катышуучуларынын өз ара жашыруун макулдашуусуна;
б) коррупцияга;
в) тоорукта бааны жасалма кымбаттатууга, арзандатууга же кармап турууга;
г) потенциалдуу катышуучулардын тоорукка катышуусун чектөөгө же катыштырбай коюуга жана башка карасанатай аракеттерге;
кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочу — кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча атайын адистикке окуганы жөнүндө тийиштүү сертификатты аныкталган тартипте алган жана баа берилчү обьектиге карата уюштуруучусу, менчик ээси, аукционери, мүлктүк кызыкчылыгы бар жак болбогон, ал адамдар менен жакын туугандык мамилеси жок адам;
курулуш куруунун жана жерди пайдалануунун эрежелери — жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кыймылсыз мүлк обьекттерин пайдаланууну жана өзгөртүп курууну шаар куруу регламенттерин киргизүү жолу менен жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылары;
түз сатуу — жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер тилкесине менчик же ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;
жер тилкесине менчик укугу — жеке адамдардын жана юридикалык жактардын өзүнө таандык жер участогуна Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинде белгиленген чектөөлөр менен өз каалоосу боюнча ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана башка мыйзамдык актылары менен таанылуучу жана корголуучу укугу;
жер тилкесин уруксат менен пайдалануу — кыймылсыз мүлк обүектилерин калктуу конуштардын шаар куруу документтери жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери менен белгиленген шаар куруу регламенттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөргө жана сервитуттарга ылайык пайдалануу;
жер тилкесинин старттык баасы — тоорукта же түз сатуу үчүн коюлган жер тилкесинин баштапкы баасы;
жерлердин максаттуу пайдаланылышы — жер тилкелеринин жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу;
ыйгарым укуктуу орган — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө ыйгарым укук берилген бөлүгү.
3. Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары, катышуучулары жана предмети
6. Жер тилкесине укукту берүү боюнча тоорукту ыйгарым укуктуу орган уюштурат.
7. Жер тилкесине укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн ушул Жобого ылайык жерге укукту берүү боюнча комиссия (мындан ары — комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын, коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын жергиликтүү Кеңеш Нарын шаардык мэриясынын сунушу боюнча бекитет.
8. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
— жер тилкеси менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим чыгарат;
— жер тилкеси укуктун (менчик, ижара) түрүн, аны берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт; аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлсө) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда) аныктайт;
— сатуу жөнүндө түз сүйлөшүү жүргүзүү үчүн лоттун же жер участоктун старттык баасын белгилейт;
— тооруктун жыйынтыгын аныктайт;
— жер тилкесине укук берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул Жободо жана башка нормативдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде карайт.
Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо, добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана жыйынга катышкан мүчөлөрү, ал эми ушул Жободо каралган учурларда болсо — тооруктун жеңүүчүсү да кол коюшат.
9. Тооруктардын жана түз сатуулардын катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке адамдар жана юридикалык жактар болушат.
10. Тооруктун предмети болуп жер тилкесин сатуу-сатып алуу же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет, ал эми түз сатуунун предмети болуп жер тилкесин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга (ижаралоого) келишим түзүү укугу эсептелет.
4. Жер тилкелерине укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары
11. Жер тилкесин ижаралоо укугун ыйгарым укуктуу орган жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) төмөнкүдөй учурларда түз сатуу жолу менен берет, эгерде:
а) мурда мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участокто имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бүтпөгөн обьектилер бар болсо жана алар ошол адамдарга менчик укугунда таандык болсо;
б) жер тилкеси ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе;
в) жер тилкеси ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, ал обьекттерге кирүүчү топту куруу, абаттоо же обьекттин аянтын кеңейтүү максатында кошуп куруу үчүн ал жер участок козголбос мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлүшү мүмкүн эмес болсо жана андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болгон шартта;
г) жер тилкелер ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, же ал имараттардын жана курулмалардын жанына жакын жайгашса жана аларды тейлөө үчүн транспортту коюучу жайларды уюштуруу керек болсо, андай жер участокко укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болсо.
12. Калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери менчикке берилбейт. Өзгөчө учурларда аларды ыйгарым укуктуу орган беш жылга чейинки кыска мөөнөттүү ижарага бериши мүмкүн. Мындай жерлерде жеңилдетилген типтеги имараттарды жана курулмаларды курууга уруксат берилиши мүмкүн.
5. Жер тилкелерди түзүүнүн жана ага укукту тоорукта же түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби
13. Менчик же ижара укугу түзүлгөн жер тилкелерге берилет. Жер тилкеси төмөнкүдөй учурларда түзүлдү деп эсептелет, эгерде:
— жер тилкеси үчүнчү жактардын укуктарынан бош (сервитут жолу менен бекитилген укуктардан башка);
— жер тилкесинин чек аралары аныкталган;
— жер тилкесин уруксат берилген пайдалануунун белгиленген түрлөрү жана башка керектүү шаар куруу регламенттери бар;
— ал жер тилкеси боюнча инженерлик коммуникациялар бар же жок экени жөнүндө, уруксат берилген максимум кубаттуулугу, инженерлик коммуникацияларга кошуунун убактысы жана баасы жөнүндө маалыматтар берилген болсо, ошондой эле инженердик коммуникациялары жок болсо — ал райондо инженерлик коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы жөнүндө, пландалып жаткан инженерлик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу жөнүндө, аларга кошуунун мөөнөтү жана баасы жөнүндө маалыматтар берилген болсо;
— ал жер тилкесинде турган бак-дарактарды пайдалануу, кыюу, которуштуруу макулдашылса (эгер алар бар болсо).
14. Менчик же ижара укугун берүү үчүн жер тилкелерин түзүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан өз демилгеси боюнча же жеке жана юридикалык жактардын арызынын негизинде ишке ашырылат.
15. Тоорукта жер тилкесине укукту алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.
Арызда булар көрсөтүлөт:
— арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
— жер тилкесине суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);
— инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы, участоктун аянты жана турган жери; конкреттүү жер участок жөнүндө маалымат жок болсо арыз ээси алгылыктуу жерди көрсөтөт, ошого жараша жер тилкеси тандалат жана түзүлөт.
16. Жер тилкесине укукту түз сатуу жолу менен алууга талапкер жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат.
Арызда булар көрсөтүлөт:
— арыз ээси жөнүндө маалыматтар (аны чаташтырбастан идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк же чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);
— жер тилкесине суралып жаткан укуктун түрү (менчик укугу же убактылуу пайдалануу укугу);
— тилкенин аянты жана турган жери;
— козголбос мүлк обьекти жөнүндө маалыматтар (эгер бар болсо);
— ушул жободо каралган учурларда инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы.
Арызга булар тиркелет: ушул жободо каралгандан башка учурларда — жер тилкесине жана козголбос мүлктүн обьектисине (имаратка жана курулмага) укукту күбөлөндүрүүчү документтердин копиялары.
17. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыз кабыл алынганы жөнүндө ырастама берет.
18. Ыйгарым укуктуу орган өз демилгеси боюнча арыз түшкөндөн кийин 3 күндүк мөөнөттүн ичинде аймактык архитектура жана курулуш органына жер тилкесин түзүү боюнча тийиштүү тапшырма жиберет.
Ыйгарым укуктуу органдын тапшырмасында инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасы жана аянттын болжолдуу аянты менен жайгашкан жерин көрсөтүү каралат.
19. Ушул Жободо каралган учурларда, ошондой эле эгер укук берилип жаткан жер тилкеси мурда түзүлгөн болсо , жер тилкесин кайрадан түзүү талап кылынбайт.
20. Архитектуранын жана курулуштун аймактык органы суралып жаткан жер тилкеси боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгын 5 иш күндөн ичинде аныктайт.
Билдирилген ниеттер ылайык эместиги аныкталса архитектуранын аймактык органы кийинки күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу органга суралып жаткан жер тилкеси боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайык эместиги жөнүндө корутундуну жиберет.
21. Суралып жаткан жер тилкеси боюнча билдирилген курулуштук ниеттер шаар куруу документтерине жана курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгы аныкталганда архитектуранын аймактык органы 7 иш күндүн ичинде жер тилкесинин 1:500 масштабда аткарылган топографиялык негиздеги схемасын даярдайт, анда булар чийилет:
— жер тилкесинин чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк обьекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
— жер тилкеси аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары.
22. Жер тилкелерин түзүү боюнча иштин стадиясында архитектуранын жана курулуштун аймактык органы инженердик-техникалык коммуникацияларга кошуунун баштапкы техникалык шарттарын аныктоо үчүн инженердик-техникалык кызматтар менен, ошондой эле тийиштүү корутундуларды жана башка зарыл документтерди алуу максатында ушул пунктта көрсөтүлгөн башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара байланышта иштешүүнү камсыздайт.
Архитектуранын аймактык органы жер тилкелеринин схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен ушул Жобого ылайык жер тилкесинин схемасынын копиясы менен кошо буларга суроо жиберет:
— жергиликтүү каттоо органына, жер тилкесинин чек араларын, үчүнчү жактардын укуктары, оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин жана коңшулаш жер пайдалануучулар-жер тилкелеринин менчик ээлери менен схеманы макулдашуу үчүн;
— электр, суу жана канализация, жылуулук жана газ менен камсыздоочу инженердик-техникалык кызматтарга, баштапкы техникалык шарттарды алуу үчүн;
— экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт көзөмөлүнүн ыйгарым укуктуу органдарына, тийиштүү корутунду алуу үчүн;
— эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер тилкелери эстеликтерди коруу зонасында болсо);
— өсүмдүктөрдү өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга, өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же которуу маселесин чечүү үчүн (жер тилкесине муниципалдык менчиктеги өсүмдүктөр бар болсо).
Эгер жер тилкесине укуктар жогоруда аталган органдар менен макулдашылган шаар куруу документтеринин негизинде өткөрүлүп жатса, анда өзүнчө жер тилкени ушул пунктка ылайык түзүүдө бул аталган ыйгарым укуктуу органдар менен кайрадан макулдашуу талап кылынбайт.
23. Ушул Жобонун 22-пунктунда көрсөтүлгөн инженердик-техникалык кызматтар баштапкы техникалык шарттарды, ал эми ыйгарым укуктуу органдар тийиштүү корутундуну архитектура органына 5 иш күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү.
Баштапкы техникалык шартта инженердик коммуникациялар бар же жок экени, максимум жол берилген кубаттуулугу, инженердик коммуникацияларга кошуу мөөнөтү жана баасы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт, ал эми инженерлик коммуникациялары жок болсо — ал райондо инженерлик-коммуникацияларды өнүктүрүү пландалып жатканы, пландалган инженерлик коммуникациялардын мүмкүн болгон кубаттуулугу, аларга кошуунун мөөнөтү жана кубаттуулугу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларында курулуш куруу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат, жана мыйзамда каралган учурларда — тийиштүү мыйзамдарды аткаруу боюнча чектөөлөр жана талаптар көрсөтүлөт.
Инженерлик тармактарга кошууга мүмкүндүк жоктугу тооруктун катышуучусу же жер тилкесин түз сатып алуу жолу менен алып жаткан жак бул жөнүндө маалымдалган шартта жер тилкесине укукту берүүгө тоскоол болбойт.
Корутундулар көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе архитектуранын аймактык органы жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жактырылган деп эсептелет.
24. Эгер жер тилкеси менчикке берилип жатса, анда жер тилкеси менчик укугу менен кошо ал жер тилкесине жайгашкан башка кыймылсыз мүлк обьекттерине, анын ичинде бак-дарактарга да менчик укугу менчик ээсине өтөт.
Эгер бак-дарактарды кыюуга же которууга же жеке менчикке берүүгө мыйзам жол бербесе, анда бак-дарактарды багуу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган ал жөнүндө негизделген корутунду түзөт жана өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттарын аныктайт.
Эгер бак-дарактарды кыюуга же которууга же жеке менчикке берүүгө мыйзам тыюу салбаса, бак-дарактарды багуу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык орган андай өсүмдүктөрдүн баасын компенсациялоонун суммасын көрсөтүү менен тийиштүү корутунду түзөт.
Мындай учурда бак-дарактарды кыюуга же көчүрүүгө уруксат документтерди кайрадан макулдашуу же алуу талап кылынбайт.
25. Архитектуранын жапа курулуштун аймактык органы алынган материалдардын негизинде 7 иш күндүн ичинде белгиленген формада Жер участоктун планын тиркемеге ылайык 2 нускада түзөт.
Жер тилкенин планы төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) жер тилкени топографиялык негизде 1:500 масштабда аткарылган схемасы түрүндөгү графикалык материал, ага булар тартылат:
— жер тилкенин чек арасы, участоктун бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк обүекттерине же геодезиялык белгилерге байлаштырылат;
— жер тилкеси аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары;
— инженердик-техникалык тармак өтүүчү долбоорлук трассалар жана ага кошулуучу чекиттер, ошондой эле инженерлик коммуникациялардын куруу зонасына туш келүүчү трассалары;
— курулуш курулчу линиялар, кызыл, сары линиялар;
— сууну коргоо зоналарынын, санитардык-коргоочу зоналардын жана санитардык коруу зоналарынын чектери;
— участокко баруучу жолдун уюштурулушу;
— транспорт коюучу орундун мүмкүн болгон жайгаштырылышы, санын көрсөтүү менен (эгер зарыл болсо).
б) Текстик материал, анда төмөнкүлөр каралат: жер тилкенин параметрлери (мүнөздөмөсү), анын ичинде жер титирөө жагдайындагы шарттары, опурталдуу инженердик-геологиялык жана техногендик кубулуштардын бар же жок экендиги, суралып жаткан жер тилкеси боюнча билдирилген курулуштук ниеттин шаар куруу документтерине жана Курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгы жөнүндө маалыматтар, ошондой эле жер тилкелерди уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү жана параметрлери боюнча негизги жана кошумча шаар куруу регламенттери.
Негизги шаар куруу регламенттери төмөнкүлөрдү караштырат:
— уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү;
— курулуштардын жер тилкелердин чегинен минимум аралыктары;
— курулуштардын жол берилген (максимум жана/же минимум) кабаттуулугу;
— участокко курулуштарды куруунун максимум мүмкүн болгон аянты жана проценти.
Участок тийиштүү чектөөлөр бар зонада жайгашкан болсо жер тилкенин планында кошумча шаар куруу регламенттери бар экени көрсөтүлөт:
— курулуштарды куруунун жана жер пайдалануунун санитардык, сууну коргоочу жана экологиялык шарттары боюнча;
— тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча.
Участоктун жайгашкан жерине жана обьектинин функциялык арналышына жараша төмөнкүдөй кошумча талаптар белгилениши мүмкүн:
— абаттоо(көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана фасаддар боюнча талаптар;
— транспорт коюучу, а.и. курулуш убагындагы убактылуу орунга талаптар, орундун санын менен (эгер зарыл болсо) жана тилкесине баруучу жолдорду көрсөтүү менен;
— инженердик-техникалык коммуникацияларды курулуш курулуучу аянттан сыртка алып чыгуу боюнча талаптар (жеке менчикте тургандан башкаларын);
в) обьектини инженердик тармактарга кошуунун инженердик-техникалык кызматтар берген баштапкы техникалык шарттары;
г) ушул Жободо каралган тийиштүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундулары.
Жер тилкенин планына архитектуранын жана курулуштун аймактык органынын жетекчиси кол коет.
Жер тилкенин планын даярдоодо ал жердин чек араларын белгилөө камсыздалат, ал жөнүндө Планга тийиштүү жазуу жазылат.
26. Жер тилкенин планын даярдоонун жалпы мөөнөтү тапшырма берилген күндөн баштап 25 иш күн.
27. Ушул Жободо каралган учурларда жер тилкесин түзүү жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу орган арыз алынган күндөн баштап 3 иш күндүн ичинде архитектуранын жана курулуштун аймактык органына арыздын копиясын тиркөө менен тапшырма жиберет.
Ыйгарым укуктуу органдын тапшырмасында инвестициялык-курулуштук ниеттердин баяндамасын, участоктун болжолдуу аянтын жана дарегин көрсөтүү караштырылат. Жер участоктун аянтын ыйгарым укуктуу орган түшкөн арызга жараша жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктайт.
Архитектуранын жана курулуштун аймактык органы суралып жаткан жер тилкеси боюнча курулуштук ниеттердин курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежелерине ылайыктыгын 5 иш күндүн ичинде аныктайт.
Суралып жаткан жер тилкеси боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайык эместиги аныкталса архитектуранын жана курулуштун аймактык органы 7 иш күндүн ичинде жер тилкенин 1:500 масштабда аткарылган топографиялык негиздеги схемасын даярдайт, анда булар чийилет:
— жер тилкесинин чек арасы, тилкенин бурчтук чекиттери көрсөтүлөт же чектери турган козголбос мүлк обьекттерине же геодезиялык белгилерге байланыштырылат;
— жер тилкеси аркылуу өткөн инженердик-техникалык тармактын трассалары.
Архитектуранын аймактык органы жер тилкесинин схемасы даярдалгандан кийинки күндөн кечиктирбестен жер тилкесинин схемасынын копиясын ага тиркелген арыздын копиясы менен кошо төмөнкүлөргө жиберет:
— жергиликтүү каттоо органына, жер тилкенин чек араларын, үчүнчү жактардын укуктары, оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экенин жана коңшулаш жер пайдалануучулар-жер тилкесинин бардык менчик ээлери менен схеманы макулдашуу үчүн;
— эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоонун шарттарын аныктоо үчүн (жер тилкеси эстеликтерди коруу зонасында болсо);
— бак-дарактарды өстүрүү жана коруу боюнча ыйгарым укуктуу муниципалдык органга, өсүмдүктөрдү пайдалануунун шарттары жөнүндө маселени, анын ичинде аларды кыюу же которуу
маселесин чечүү үчүн (жер тилкесинде муниципалдык менчиктеги өсүмдүктөр бар болсо).
28. Жергиликтүү каттоо органы жана ушул Жободо көрсөтүлгөн тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар архитектуранын жана курулуштун аймактык органына тийиштүү корутундуну ушул
Жободо каралган маалыматты көрсөтүү менен 5 иш күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү.
Корутундулар көрсөтүлгөн мөөнөттө берилбесе архитектуранын аймактык органы жиберген материалдар тийиштүү ыйгарым укуктуу органда жактырылды деп эсептелет.
Зарыл болсо архитектуранын жана курулуштун аймактык органы жергиликтүү каттоо органынан келген материалдардын негизинде жер тилкесинин планын 1 иш күндүн ичинде тактайт.
29. Жер тилкесинин планы курулуш обьектини долбоорлоого баштапкы материал болот жана курулуш обүектин инженердик тармактарга кошуу үчүн инженердик-техникалык шарттарды алууда инженердик-техникалык коммуникациялар өтүүчү трассалардын долбоорун жана аларга кошуу чекиттерин чийүү үчүн графикалык негиз болот. Курулушка уруксат документтерди тариздөөдө(оформление) архитектуралык-пландоо шарттарын алуу талап кылынбайт.
30. Архитектуранын аймактык органы ушул Жободо каралган мөөнөт бүткөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен жер тилкесинин планын ага тиркелген бардык материалдар менен кошо ыйгарым укуктуу органга берет.
31. Жер тилкесин түзүүгө байланыштуу чыгымдарды ыйгарым укуктуу орган жер тилкесине менчик жана ижара укугун сатуудан түшкөндөн топтолуучу каражаттардын эсебинен төлөйт. Түзүлгөн ар бир жер тилкеси боюнча жер тилкесин түзүүгө кетүүчү чыгымдардын сметасы түзүлүп, ал ыйгарым укуктуу органга берилет. Ыйгарым укуктуу органдын жер тилкесин түзүүгө байланышкан чыгымдары жер тилкесинин баасына киргизилет.
32. Төмөнкүдөй учурларда жер тилкесине укукту берүүгө болбойт, эгерде:
— жер тилкеси ушул Жобого ылайык түзүлбөсө;
— архитектуранын аймактык органынан суралып жаткан жер тилкеси боюнча билдирилген курулуштук ниеттер ылайык эместиги жөнүндө корутундусу болсо, же жергиликтүү каттоо органы жер тилкесин берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду чыгарса.
6. Коомдук угууларды өткөрүү, тоорукту жана түз сатууну уюштуруунун тартиби
33. Ыйгарым укуктуу орган жер тилкесинин планын ага тиркелген бардык материалдары менен 3 иш күндүн ичинде карайт.
Аталган документтерди кароонун жыйынтыгында ыйгарым укуктуу орган:
— коомдук угууларды өткөрөт;
— жер тилкесин баалайт;
— же аталган документтерди толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо аларды архитектуранын жана курулуштун аймактык органына кемчиликтерин көрсөтүү менен кайра жиберет.
Архитектуранын жана курулуштун аймактык органы ал документтерди 5 иш күндүн ичинде толуктап иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу органга жиберет.
34. Тарыхый жана маданий мурас зонасындагы, ошондой эле турак жай зонасындагы жер тилкесине укук берилип жатканда ыйгарым укуктуу орган ушул Жободо каралгандан башка учурларда жер тилкесинин планы алынган күндөн кийин бир айдын ичинде ушул Жобого ылайык коомдук угуу өткөрөт.
Ыйгарым укуктуу орган кызыкдар жактарга угуулар болгону жактаны жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына коомдук угуу болоордон 15 күн мурдатан жарыялоо менен кабарлайт.
Билдирүүдө угуу өткөрүлчү күн, убактысы жана орду; укукка берилип жаткан тилкеси жөнүндө маалыматтар (турган жери, аянты, уруксат берилген пайдалануунун түрлөрү), тийиштүү информация менен алгачкы тааныштыруучу күн, убактысы жана орду жөнүндө маалыматтар, ыйгарым укуктуу органдын байланышуучу маалыматтары болууга тийиш.
Коомдук угууга кызыкдар жеке жана юридикалык жактар катышууга укуктуу. Ыйгарым укуктуу орган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, архитектура жана курулуш органдарынын, жергиликтүү каттоочу органдын жана башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрүн коомдук угууга катышуу үчүн чакырууга укуктуу.
Коомдук угуу процессинде ыйгарым укуктуу орган протокол түзөт, анда түшкөн бардык сунуштар, сын-пикирлер жана аларды кароонун жыйынтыктары жазылат.
Коомдук угуунун жыйынтыгы жөнүндө протокол жер тилкесинин планы жана ага тиркелген материалдар менен комиссияга жиберилет. Протоколдун копиясы ыйгарым укуктуу органдын кызматтык имаратында жалпыга көрүнөө жердеги атайын стендге илинет жана анын расмий сайтына жарыяланат.
35. Коомдук угуунун жыйынтыгында жер тилкесинин планын толуктап иштеп чыгуу зарыл болсо ыйгарым укуктуу орган аны аймактык архитектура жана курулуш органына кайра жиберүүгө укуктуу, ал жиберилген документтерди ушул Жободо белгиленген мөөнөттө иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу органга жиберет.
36. Жер тилкесине укук коомдук угуу өткөрүү менен кабыл алынган шаар куруу документтеринин негизинде берилип жатса, ал жер тилкесин берүү максатында кайталап коомдук угуу өткөрүү талап кылынбайт.
37. Түзүлгөн жер тилкесинин старттык баасы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган тартипте аныкталат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жер тилкесинин баасы козголбос мүлктү көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен аныкталат.
Жер тилкесине муниципалдык менчикке тиешелүү имараттар жана курулмалар, ошондой эле бүтө элек курулуш бар болсо участоктун баасына ушул обьекттердин баасы да кошулат.
Ыйгарым укуктуу орган жер тилкесинин баасын, анын ичинде көз карандысыз баалоо жүргүзүү менен жер тилкесинин планы алынгандан кийин 10 иш күндүн ичинде аныктайт (эсептейт).
Көз каранды эмес баалоо жүргүзүү ыйгарым укуктуу орган менен көз карандысыз баалоочунун ортосунда түзүлүүчү келишимдин негизинде ишке ашырылат.
38. Комиссия жер тилкесинин планын жана ага тиркелген бардык материалдарды алгандан кийин карайт.
Комиссия жер тилкесин тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алса комиссия төмөнкүлөрдү аныктайт: жер тилкесине берилип жаткан укуктун түрүн (менчик, ижара), жер участокко укукту берүүнүн ыкмасы (аукцион, конкурс, түз сатуу), жер участоктун старттык баасын, гарантиялык акынын өлчөмүн, тоорукка катышуучулардын акы төгүүчү мөөнөтү жана тартиби, аукциондук кадамы (аукцион өткөрүлгөн учурда) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлсө).
Тоорук же түз сатуу өткөрүлгөндө тооруктун ар бир предмети боюнча старттык бааны комиссия көз каранды эмес баалоочулардын корутундусунун негизинде белгилейт.
Комиссиянын жер участогун тоорукка коюу же түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечими протокол түрүндө түзүлөт.
39. Ушул Жободо каралган учурларда ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине анын арызын кароонун жыйынтыгы жөнүндө 5 күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.
40. Ыйгарым укуктуу орган ар бир жер участогу боюнча маалымат пакетин түзөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылат:
— Жер тилкесинин анынын көчүрмөсү, ага тиркелген материалдары менен кошо;
— жер тилкесинин старттык баасы;
— конкурстун шарттары (эгер конкурс өткөрүлсө);
— гарантиялык акынын (барымтанын) өлчөмү. Тоорукка катышуучулар акы төгүүсүнүн мөөнөтү жана тартиби;
— жер тилкесин сатуу-сатып алуу же ижарага алуу келишиминин долбоору;
— тооруктун жеңүүчүсү же түз сатуу жолу менен берилчү жер тилкесин сатып алуучу менен келишим түзүүнүн мөөнөтү.
Ыйгарым укуктуу орган тоорукка катышууну каалагандарга маалымат пакетти берүүгө милдеттүү.
Маалымат пакет акы төлөө менен берилген учурда анын баасы аны даярдоого кеткен чыгымдардан ашпоого тийиш.
41. Ыйгарым укуктуу орган тоорук өткөрүлөөрдөн 30 икүндөн кем эмес, мурдатан жалпыга маалымдоо каражаттарына жана ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүү жарыялоого милдеттүү.
Билдирүүдө тооруктун убактысы, орду жана формасы, предмети, тооруктун предметинин старттык баасы, анын ичинде тоорукка катышууга арыздарды кабыл алуу бүтүүчү мөөнөт, гарантиялык акы (барымта) төгүлүүчү банктын реквизиттери, толук маалымат алуу үчүн ыйгарым укуктуу органдын байланыш маалыматтары көрсөтүлүүгө тийиш.
7. Тооруктарды жана түз сатууларды өткөрүүнүн тартиби
42. Жер тилкесине менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт:
43. Тоорукка коюлчу бардык обьекттер лотторго бөлүштүрүлүүгө тийиш.
44. Тоорукта обьектилер "бир номер — бир лот" деген схема боюнча берилет.
45. Талапкер тоорукка катышуу укугун алуу үчүн тооруктун уюштуруучусуна буларды берет:
а) тоорукка катышуу жөнүндө ниетин билдирген арыз, лоттун номерин көрсөтүү менен;
б) талапкер болгон жеке адамдын ким экенин билдирүүчү документ;
в) талапкер болгон юридикалык жактын укукка жарактуулугун ырастоочу документ;
г) адам талапкер болуп жаткан юридикалык жактын жетекчиси экенин ырастаган документ, же талапкер болуп жаткан жеке же юридикалык тараптын атынан чыгууга укугун билдирүүчү ишеним кат;
д) гарантиялык акы (барымта) төлөнгөнүн ырастоочу төлөм документтер.
Жер тилкесине менчик укугун берүү боюнча тоорукка катышуу ниетин билдирген юридикалык жак ал юридикалык жак чет өлкөлүк эмес экенин ырастаган документти кошумча тапшырат (уставдын же уюштуруу келишиминин копиясы, акционерлердин реестринен көчүрмө ж.у.с).
46. Талапкерлер гарантиялык акыны (барымтаны) ыйгарым укуктуу органдын учурдагы эсебине акчалай эмес которуу же кассасына накта акча төгүү жолу менен төлөшөт. Гарантиялык акынын өлчөмүн ыйгарым укуктуу орган берилүүчү жер тилкесинин старттык баасынын 10 процентинен ашык эмес белгилейт.
47. Тооруктун жеңүүчүсү менен келишим түзүүдө гарантиялык акынын (барымтанын) суммасы тооруктун предметинин сатык баасына киргизилет.
48. Эгер талапкер тоорукка бир нече обьект боюнча катышса, гарантиялык акы ар бир обьект боюнча өзүнчө төлөнөт.
Гарантиялык акы (барымта) төмөнкүдөй учурларда 5 иш күндүн ичинде кайра берилүүгө тийиш:а) тоорукта утпаган катышуучуга;
б) эгер тоорук болбой калса;
в) тоорукка катышуудан тоорук өткөрүлөөрдөн 3 күн мурда баш тартылса.
49. Ыйгарым укуктуу орган катышуучулардын арыздарын кабыл алат жана каттайт. Талапкерлер арыз кабыл алынып жана номер ыйгарылганы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүнү алган учурдан баштап тооруктун катышуучусунун статусун алышат.
50. Төмөнкүдөй учурларда арыз ээсинин документтерин алуудан баш тартылышы мүмкүн:
а) арыз тоорук өткөрүлөөрү жөнүндө билдирүүдө белгиленген аны кабыл алуу мөөнөтү бүткөндөн кийин берилсе;
б) арызды арыз ээсинин атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугу жок адам тапшырса;
в) ушул Жободо көрсөтүлгөн документтер тапшырылбаса, же тапшырылган документтер тийиштүү түрдө түзүлбөсө.(таризделбесе)
Документтерди кабыл алуудан баш тартуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан, баш тартуунун себебин көрсөтүү менен, арыз берилгенден кийинки күндөн кечиктирбестен ишке ашырылат. Ыйгарым укуктуу орган кабыл албаган арыз жана ага тиркелген документтер арыз ээсине аларды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө маалымат менен кошо кайра берилет.
51. Тооруктун катышуучулары төмөнкүдөй укуктарга ээ:
— тоорукка өзү же өкүлдөрү аркылуу катышууга;
— тооруктун предмети жөнүндө толук маалыматты маалымат пакетти алуу жолу менен алууга;
— тоорукка катышуудан баш тартууга, бирок ал жөнүндө тооруктун уюштуруучусуна тоорук өткөрүлөөрдөн 3 күндөн кем эмес, мурдатан билдирүүгө жана өзүнүн гарантиялык акысын алууга. Көрсөтүлгөн мөөнөт бузулса гарантиялык акы кайра берилбейт;
— тооруктун предметин кароого;
— комиссиянын протоколдору менен таанышууга жана алардын көчүрмөлөрүн алууга;
— тооруктун катышуучусу катары укугу бузулса сотко кайрылууга.
52. Бир гана катышуучу катышкан тооруктар болбой калды деп эсептелет жана ыйгарым укуктуу орган же ал лот боюнча тоорук өткөрүлгөнү жөнүндө билдирүү жарыялайт же ал лотту тоорукка койбоо жөнүндө чечим чыгарат.
53. Тоорукка тооруктун катышуучусу эмес адамдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышууга укуктуу.
54. Комиссия аукциондон каалаган убакта, бирок аны өткөрүүчү күндөн 3 күндөн кем эмес мурдатан, ал эми конкурстан болсо — аны өткөрүүчү күндөн 30 күндөн кем эмес мурдатан баш тартууга укуктуу, ал жөнүндө протокол түзүлүп, анда тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себеби көрсөтүлөт. Тооруктан баш тартылган учурда ыйгарым укуктуу орган ал жөнүндө тооруктун катышуучуларына тоорук өткөрүүдөн баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө кабарлайт.
55. Карасанатай атаандаштык аныкталган учурда комиссия коюлуп жаткан лотту качан болсо да алып салууга же лот боюнча тооруктун жыйынтыгын жокко чыгарууга укуктуу.
56. Тооруктун катышуучусу тараптан болгон карасанатай атаандаштык аныкталган учурда, ал ошол лот боюнча тоорукка андан ары катышуу укугунан ажыратылат, мында ага гарантиялык акы (барымта) кайра берилбейт.
57. Аукцион өткөрүүнүн тартиби:
Ыйгарым укуктуу орган аукцион башталаардын алдында аукционго келген катышуучуларды каттайт жана аларга номер ыйгарылган табличкаларды берет.
Аукционду комиссия дайындоочу аукциончу өткөрөт. Аукциондо тооруктун башталышы болуп аукциончу лоттун номерин, тооруктун предметинин старттык баасын жана аукциондук кадамды жарыялаган учур эсептелет.
Лоттун старттык баасы боюнча алууну каалаган аукциондун катышуучусу, аукциончуга каратылган номерлүү табличкасын көтөрүп, лотту айтылган баасы боюнча алууга макулдугун билдирет.
Аукциондун катышуучусунун ар бир сунушу кабыл алынганы аукционисттин катышуучунун номерин жана ал сунуш кылган бааны жарыялашы менен билдирилет.
Ар бир жаңы сунуш мурункусунан бир кадамдан кем эмес ашууга тийиш. (20%).
Эгер аукциончу акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуш кылган аукциондун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
58. Конкурс өткөрүүнүн тартиби:
Конкурска катышуучу билдирүүдө жана маалымат пакетте көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ылайыктуу конкурстук сунушун конкурс өткөрүлчү күнү, белгиленген убакыттан кечиктирбестен комиссиянын жыйынында чапталган конвертин тапшырат.
Бир лот боюнча бир катышуучудан бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн.
59. Конкурстук сунуштар алар кабыл алынып бүткөндөн кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн көзүнчө ачылат.
Комиссия түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурска катышуучунун номерин, аты-жөнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу сунуш кылган негизги конкурстук шарттарды (анын ичинде жер тилкесинин баасын же ижара акысынын өлчөмүн) айтат,
конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгын протоколго жазат жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.
60. Конкурстук сунуштарды баалоо конкурстук документтерде белгиленген критерийлер боюнча, конкурстук сунуштар ачылган күнү ишке ашырылат.
Конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгон өзгөчө учурларда комиссия конкурсту өткөрүү мөөнөтүн үч күндөн ашпаган мөөнөткө узартса болот, ал жөнүндө конкурстук сунуштарды ачуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколго тийиштүү жазуу жазылып, комиссиянын мүчөлөрү жана комиссиянын жыйынына катышып отурган конкурстун катышуучулары кол коюшат.
Берилген арыздарды баалоонун жүрүшүндө комиссия конкурстун катышуучуларын өздөрүнүн конкурстук сунуштарын түшүндүрүүсүн сурап кайрылууга укуктуу.
Конкурстун шарттарынын мазмунун, анын ичинде конкурстун катышуучуларына сунушталып жаткан жер тилкесинин баасын же ижара акынын өлчөмүн эч кандай өзгөртүүгө же алар менен комиссиянын ортосунда берилген конкурстук сунуштар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө болбойт.
Комиссия конкурстук документтерде белгиленген талаптарга ылайык эмес конкурстук сунушту четке кагат.
61. Өзүнчө жер тилкелери комиссиянын чечими менен конкурска коюлуп, төмөндөгүдөй шарттар менен конкурстун жеңүүчүлөрүнө (куруучуларга) муниципалдык жер тилкеси катары берилет.
Конкурсту өткөрүүнүн кошумча шарттары Нарын шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызыкчылыгын эске алуу менен комиссия жүргүзөт.
62. Конкурстук сунуштарды баалоонун жыйынтыгында комиссия баарынан артык сунушту берген конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол түзүлөт, ага комиссиянын жыйынына катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү кол коюшат.Конкурстун протоколун комиссиянын катчысы түзөт.
63. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосундагы талаш-тартыш маселелер ачык добуш берүү аркылуу колго салынат,эгер добуш берүүнүн жыйынтыгы тең чыгып калса ,анда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү добуш катары эсептелинет.
64. Конкурсту өткөрүүдө:
а) Артыкча шарттарды сушуштаган жеке тарап комиссиянын чечими менен конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат;
б) Жыйынтыгын билүү үчүн конвертти ачаарда конкурстун катышуучулары же анын ишеним каттары бар өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катыша алат.
65. Жер тилкесине укукту түз сатуу жолу менен берүүнүн тартиби:
Түз сатууну комиссия жер тилкесин түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алынган убактан тартып өткөрөт.
Ыйгарым укуктуу орган комиссия жер тилкесин түз сатуу жолу менен берүү жөнүндө чечим кабыл алган учурдан баштап ушул Жобон ылайык арыз ээсине түз сатуу өткөрүлчү күн жана орду жөнүндө кабарлоого жана ага информациялык пакетти жиберүүгө милдеттүү.
Түз сатууну комиссия арыз ээси менен берилүүчү жер тилкесинин баасы боюнча сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен ишке ашырат.
Сүйлөшүү процессинин жүрүшүндө комиссия жертилкесинин баасын баалоо наркынын 20 процентинин чегинде кымбаттатууга же арзандатууга укуктуу.
Арыз ээси жер тилкесин алуудан сүйлөшүүнүн кайсы стадиясында болсо да баш тартууга укуктуу.
8. Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын
жыйынтыктары боюнча документтерди даярдоонун (тариздөө) тартиби
66. Тооруктун жүрүшүндө обьектиге акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу же конкурстун баарынан жакшы шартты сунуштаган катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
67. Тоорук же түз сатуу өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго комиссиянын анын жыйынына катышкан мүчөлөрү жана тооруктун жеңүүчүсү же жер тилкесин түз сатуу жолу менен сатып алган, сатып алуучу тоорук же түз сатуу өткөрүлгөн күнү кол коюшат. Протокол келишимдей күчүнө ээ болот.
68. Протоколго төмөнкүдөй маалыматтар киргизилиши караштырылат:
а) тооруктун предмети болгон лоттун номери жана жер тилкесинин маалыматтары (турган ордун, аянты);
б) тооруктун жеңүүчүсүнүн же жер тилкесин түз сатып алгандын аты-жөнү же аталышы;
в) тооруктун же түз сатуунун предметинин старттык жана акыркы баасы;
г) тараптардын сатуу-сатып алуу же ижара келишимине кол коюу боюнча милдеттенмелери;
д) ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка реквизиттери.
Тооруктун же түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун көчүрмөсү тооруктун жеңүүчүсүнө жана жер тилкесин түз сатып алуучуга берилет.
69. Тоорукта уткан жак протоколго кол коюудан качса ал төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат.
Тооруктун уюштуруучусу протоколго кол коюудан баш тартса, гарантиялык акыны (барымтаны) эки эсе өлчөмдө кайра төлөөгө, ошондой эле тоорукта уткан жакка тоорукка катышуудан болгон чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттүү.
Эгер тоорукта жеңүүчү деп таанылган тооруктун кийинки катышуучусу протоколго кол коюудан баш тартса, ал да төккөн гарантиялык акыны (барымтаны) кайра албайт жана тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана ошол лот боюнча кайта өткөрүлүүчү тооруктарга катышуу укугунан ажыратылат. Мындай учурда ал лот боюнча кайра тоорук өткөрүү жөнүндө жарыяланат.
70. Тооруктун жана түз сатуунун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун негизинде ага кол коюлгандан кийин 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган тооруктун жеңүүчүсү же жер участоктун түз сатып алуучусу менен жер участокту сатуу-сатып алуу же ижаралоо келишимин түзөт.
71. Жер тилкеси үчүн нак акы акчалай же которуу жолу менен төлөнсө болот.
Накта акчалай төлөнгөн учурда акы ыйгарым укуктуу органдын кассасына төгүлөт.
72. Келишим жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик каттоого алынууга тийиш жана нотариуста милдеттүү күбөлөндүрүү талап кылынбайт. Жер участокко менчик же ижара укугу кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирет.
73. Жер тилкесинин схемасы (чиймеси)графикалык бөлүкчөнүн укуктук күбөлүк документи катары пайдаланылат.
9.Ижара акысын төлөөнүн жана эсептөө тартибинин шарттары
74. Ижара акысын төлөө жана эсептөө тартибин жүргүзүүнүн шарттары.
Жер тилкесин убактылуу пайдалануу үчүн тез аранын ичинде ижарага берүүдө ижара акысын төлөө жана эсептөө шарттары формула менен жүргүзүлөт.
Аб өП х C
Аб-Ижара акысынын базалык өлчөмү (сом менен)
П- Жер тилкесинин аянтычарчы квадрат менен
С-Ижара акысы чарчы метрге ( Нарын шаардык Кеңешинин токтомуна ылайык)
75. Чет элдик жарандарга жер тилкесин убактылуу (мөөнөттүү) ижарага конкурс аркылуу пайдаланууга берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомдоруна ылайык чет элдик жарандарга ижара акысынын коэффиценти (Кил) колдонулат
· Юридикалык жактарга (Кил)-2
· Физикалык жактарга 1,5 (Кил)-1,5
76.Ижара акы төлөөнүн ченемин Нарын шаардык Кеңешинин ыйгарым органдарынын сунушу менен Нарын шаардык Кеңеши бекитет.
77. Нарын шаардык Кеңешинин токтомунун негизинде ижара акы төлөмдөрүн эсептөөсүн ыйгарым укуктуу органдары акы ставкаларды пайдалануу менен аткарат.
Жогорудагы көрсөтүлгөн формула жер тилкесине ижара акысын төлөөгө пайдаланылат.Мунун ичинде старттык баасы жана жер тилкесин убактылуу пайдалануудан мөөнөтүн узартууда колдонулат.Жер салыгы эсептелинбейт.
78. Эгерде жер тилкесин убактылуу ижарага пайдаланууга эки же андан көп пайдалануучу болсо жана ал жерди өзүнчө бирдик жер тилкеси кылып бөлүп берүүгө мүмкүнчүлүк жок болсо, анда ал жер биргелешип чогуу пайдалануучу жер тилкесине кирет.
79. Эгерде ижара акысы убагында төлөнбөсө же укуктук жарандык келишимдердин, соттун чечимдеринин негизинде жер тилкеси өткөрүлүп берилген учурда, топтолгон карыздары кийинки жер пайдалануучуга төлөөсү милдеттендирилет.
Ижара акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда ыйгарым укуктуу орган тарабынан айып чаралар (үстөк) каралат, ошондой эле алдын ала билдирүү менен инженердик-техникалык коммуникациялардын пайдалануусу чектелиши мүмкүн.
80.Эгерде, ижарачы жер пайдалануунун мөөнөтү өтүп кеткен учурда пайдалануусун уланта турган болсо, анда ижарачы жерди өткөрүп берүү учурунан пайдаланган учурга чейинки ижара акысын төлөөгө милдеттүү.
81. Жер тилкесине жана башка акы төлөөлөрдүн өлчөмү эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлүшү мүмкүн, бирок Нарын шаардык Кеңешинин токтому менен бекитилген тарифтерден кем эмес өлчөмү коюулат.
10. Акча каражаттарын бөлүштүрүү
82. Жер тилкелерин тоорукта жана түз сатууларда менчикке же ижарага берүүдөн алынган каражаттар тийиштүү жергиликтүү бюджетке түшөт. Ал акчанын 10 проценти ушул Жободо көрсөтүлгөн чыгымдарды жабууга жана муниципалдык мүлккө пайдаланууга, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, муниципалдык менчик обьектилерди курууга долбоор түзүүгө, анын негизинде курулуштарды курууга ж.б.у.с жумшалат.
83. Жер тилкелерин менчикке же ижарага берүүгө байланыштуу чыгымдар, анын ичинде Нарын шаардык архитектуранын, мамлекеттик каттоо органынын, көз каранды эмес баалоочулардын кызматтарына акы төлөөгө байланышкан чыгымдарды муниципалдык менчик департаменти көтөрөт.
Жер тилкеси берилип, акча каражаты жергиликтүү бюджетке которулгандан кийин 30 (отуз) күндүн ичинде тийиштүү кызматтарга төлөнүп берилет.
11. Корутунду жоболор
84. Ыйгарым укуктуу органдардын жер тилкелерин берүүгө тиешелүү чечимдер боюнча Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык соттук тартипте даттанууга жатат
Нарын шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси А.Абдыкеримов