ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН №6/2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                         №6/2 ТОКТОМУ

15-октябрь 2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

      Нарын шаарындагы «Таалай» көчөсүнө  маркум  Шадыканов Касымалынын ысымын                                                                берүү жөнүндө

                Шадыканов Касымалы 1923-жылы 20-октябрда Тянь-Шань  районундагы  Миң-Булак айылында төрөлгөн.1930-жылы орто мектепке кирип, аны бүтүргөндөн кийин,1940-жылы алты айлык мугалимдерди даярдоо курсун аяктап,1941-1942-жылдары   Тогуз-Торо районундагы Атай мекетебинде мугалим болуу  менен эмгек жолун баштаган.1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакыртылып, 1943-жылы  Казахстандын Ак-Мола шаарында аскердик милдетин аткарып жүргөн мезгилинде, Улуу Ата Мекендик Согушка чакыртылган.Согушта № 623-аткычтар полкунда болуп, Орлов, Курск дугасына катышып, согуштун эң оор жеринде кызмат өтөп жеңиштерге  ээ болгон. 1943-жылдары көптөгөн салгылашууларга чыгып, Белорусиянын шаарларын бошотууда, денесинен оор жаракат алып, аскердик госпиталдан чыкандан кийин, ушул эле жылы Ленинград шаарын душмандардан бошотууга катышып, ал жэрден экинчи ирээт жаракат алган. Ал эми 1944-жылы Эстонияда согушта болуп, ал жерден үчүнчү ирээт денесинен оор жаракат алып 8 ай аскердик госпиталда дарыланып, 1945-жылы өз мекенине кайтып келген.

                Шадыканов Касымалы өз мекенине келгенден кийин Тянь-Шань облустук комсомол комитетинде иштеген.1949-1957-жылдары Нарын облустук финансы бөлүмүндө бөлүм башчы, ревизор, 1958-1967-жылдары Нарын облсовесинде ревизор,1967-1986-жылдары Нарын ПЭСинде бухгалтер болуп иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан.

                Согуш мезгилиндеги көрсөткөн  эр жүрөк патриоттуулугу үчүн Россия Федерациясынын Президентинин «Жуков» медалы, Улуу Ата Мекендик Согуштун 1-даражадагы ордени, Улуу Ата Мекендик Согуштун Жеңишинин 30-40-50-60- жылдык юбилейлик медалдары, СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн 50-60-70-жылдыгана карата медалдары, депутаттардын Нарын облустук Кеңешинин чечими менен «Эмгек Ардагери» медалы менен сыйланган.Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» болгон.

 2012-жылдын 29-майында Шадыканов Касымалы 90 жашка караган курагында каза болгон.

 Улуу Ата Мекендик Согуштун катышуучусу маркум Шадыканов Касымалынын  ар тармактардагы  көп жылдык эмгегин баалап Нарын шаарынын «Таалай » көчөсүнүн бир бөлүгүнө анын  ысымын ыйгаруу жөнүндөгү туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ 

  1. Улуу Ата Мекендик  Согушта элин, жерин коргоп, мекени үчүн каармандык көрсөткөндүгү   үчүн   согуштун катышуучусу маркум  Шадыканов Касымалынын ысымы   Нарын шаарынын «Таалай» көчөсүндөгү  каналдын үстүндөгү № 1,2,3,4,5,6,7,8,9 жана № 25 «а», 25 «а» кВ2, 61,63,65. 68, 69,70,71,73,75,76,77,79, 80,81, 82-а,83,84, 85,119 үйлөрүнө, №23 барак тибиндеги үйгө, №25 ветеринарие мекемесине   берилсин . 
  2. Нарын шаарындагы  Таалай  көчөсүндө жайгашкан жогорудагы үйлөр  мындан ары Шадыканов Касымалы   атындагы көчө деп  аталсын. 
  3. Көчөнүн атын өзгөртүүгө, оңдоого, түзөтүүгө, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга, арыктарды ирээтке келтирүүгө жана ушул көчөнүн жашоочуларынын үй китепчелерин, паспортторун жана үйлөргө тиешелүү мамлекеттик актыларын үйгө тиешелүү техникалык паспортторун  которууга кеткен финансалык чыгымдарын көтөрүү К.Шадыкановдун үй бүлөсүнө  (кызы Г.Шадыканова) тапшырылсын.

 

           Депутаттардын

 Нарын шаардык Кеңешинин

                төрагасы                                                                                             А.Көкөтаев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектура башкармалыгына, райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгына, муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына, ММДга, паспорт столго,  К.Шадыкановдун үй-бүлөсүнө.

Обсуждение закрыто.