НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН № 10 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН  XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ     КЕЗЕКТЕГИ  XX  СЕССИЯСЫНЫН                                     №  10 ТОКТОМУ

19-март  2015-жыл                                                                                                                                               Нарын шаары  

   Нарын шаардык мэриясынын 11.03.2015-жылдагы №03/343 сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин  26-август 2013-жылдагы 8-сессиясынын  №8 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Нарын облустук бириктирилген  ооруканасынын мурунку урология, травматология, жугуштуу оорулар (инфекция)  бөдүмдөрүнүн имараттары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 25-апрель 2012-жылдагы №1877-V токтомун, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы №143 токтомуна ылайык  2012-2014-жылдардын мамлекеттик менчиктештирүү (приватизация) программасына кирген.Нарын шаардык мэриясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 2012-жылдын 29-майында №01-1674 чыгыш каты менен жергиликтүү маанидеги социалдык маселелерди чечүүгө карата жогорудагы аты аталган обьектилерди муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө сунуш катын жиберген.                                                                                                Жогорудагылардын негизинде 2012-жылдын 11-июлунда депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин ХХV чакырылыштагы ХХIV сессиясынын №2 — токтому менен Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жогорудагы аты аталган бөлүмдөрүн муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилген.                                                                                                                                                                                         Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын бөлүмдөрүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6- июнунда №315 токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун 3-июнь 2013-жылдагы №103-п буйругунун негизинде комиссия түзүлүп, өткөрүп берүү, кабыл алуу актысы түзүлгөн.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунда белгиленгендей, Нарын шаарынын Качкынов көчөсү-5 дарегинде жайгашкан Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын бөлүмдөрүнүн балансалык калдык наркы 632023,23 сомду түзгөн. Ошондой эле токтомдо аталган обьектилерди белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүү,бөлүмдөрдү кайрадан багытын өзгөртүп профилдөө жана оорукана бөлүмдөрүн жеке менчикке берүүдө ошол жерде жашаган саламаттыкты сактоо кызматкерлерине кийин сатып алуу менен, жеңилдетилген шартта узак мөөнөттүү ижарага берүү жолдору белгиленип, Нарын шаардык Кеңеши 26-август 2013-жылдагы VIII сессиясында  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 25-апрель 2012-жылдагы №1877-V токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-июнундагы №315 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун 3-июль 2013-жылдагы №103-п буйруктарына ылайык №8 токтомун кабыл алган.                                                                                                                                                                                          Нарын шаардык Кеңешинин жалпы депутаттарына  аталган ооруканада жашап жаткан 36 кенже кызматкерлер жана алардын өкүлү, Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу”, Кыргыз Республикасынын “өзгөчө эмгеги сиңген” пенсионери  Жанабил Абдырахманов  жана  Нарын шаардык мэриясы 11.03.2015-жылы №03/343 чыгыш каты менен Нарын шаардык Кеңешинин 26-август 2013-жылдагы 8-сессиясынын  №8 токтомунун 2-пункутуна өзгөртүү киргизип берүү сунушу менен кайрылган.                                                                            Нарын шаардык Кеңешинин 26-август 2013-жылдагы 8-сессиясынын  №8 токтомунун 2-пункутуна өзгөртүү киргизип берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

1.       Нарын шаардык Кеңешинин 26-август 2013-жылдагы 8-сессиясынын  №8 токтомунун 2-пунктундагы “кийин сатып алуу менен, жеңилдетилген шартта узак мөөнөттүү ижарага берилсин” деген сөздөр алынып салынып “түз сатуу жолу менен менчиктештирилип берилсин” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2.      Нарын шаарынын Качкынов көчөсү-5 дарегинде жайгашкан Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын бөлүмдөрүн менчиктештирүүдө 36 кенже кызматкердин кайрылган  маселесин  өз убагында чечпей кечиктиргендиги үчүн Кыргыз Республикасынын “өзгөчө эмгеги сиңген” пенсионери  Жанабил Абдырахмановдун Кайрылуусунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри А.Сурановго жана Нарын шаардык турак жай башкармалыгынын жетекчиси С.Орозобековдун кемчиликтерин белгилөө менен чара көрүү Нарын шаарынын мэри Р.Адиевге тапшырылсын.

 

            Төрага                                                                                                Э.Турсуналиев

      Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, турак жай башкармалыгына, Ж.Абдырахмановго

Comments are closed.