НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                            

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XX  СЕССИЯСЫНЫН    №  5 ТОКТОМУ

19-март  2015-жыл                                                                                                                     Нарын шаары

2015-2016-жылдарга карата Нарын шаарынын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун бекитүү жөнүндө

                                                                                                 

           

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын  44-беренесинин 7 пунктунда жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 58-главасынында   Нарын шаарынын мэри кызмат ордуна кирген учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат, шаардык Кеңешке бекитүү үчүн сунуштайт деп белгиленген.

 Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаарынын мэри Адиев Рахат Нурдинович 2015-2016-жылдарга карата Нарын шаарынын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кун тартибине киргизип бекитип берүү  сунушу менен кайрылган.

Нарын шаарынын мэри Адиев Рахат Нурдиновичтин  2015-2016-жылдарга карата Нарын шаарынын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүунүн прогораммасынын  долбоору боюнча билдирүүсун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                             ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1.      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын  44-беренесинин 7 пунктунда жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 58-главасынына ылайык  Нарын шаарынын мэри Адиев  Рахат Нурдинович сунуштаган  2015-2016-жылдарга карата Нарын шаарынын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын  долбоору бекитилсин (долбоор тиркелет).

 

2.       Нарын шаарынын социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын  долбоорун аткарууга карата  Нарын шаарынын мэри Р.Адиев алгылыктуу иш аракеттерди көрсүн жана 2015-жылда аткарылган иштин жыйынтыгы боюнча 2016-жылы шаардык Кеңешке отчет берилсин.

 

 

   

                   Төрага                                                                              Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн : иш кагазга, шаардык мэрияга   

Comments are closed.