НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХХVIII СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ  ХХVIII СЕССИЯСЫНЫН  

№ 2 ТОКТОМУ

                             

27-декабрь  2019-жыл                                                                                                                                                                           Нарын шаары

Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлердин тизмесин

бекитип берүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун негизинде “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19-22-беренелерине ылайык, Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо максатында эмгек жамааттардан, коомдук уюмдардан жана жеке шайлоочулардан Нарын шаардык Кеңешине келип түшкөн сунуштардын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” жана “Депутаттык иш, ардагерлер,жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссияларынын биргелешкен  отурумунун протоколуна ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин тизмеси тиркемеге (тиркелет) ылайык   бекитилсин.
  2. Бекитилген тизме Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстицияга, БШКга.

 

2-токтомго_тиркеме

 

Добавить комментарий