28-февралда Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы болду

          28-февралда Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги  XI сессиясы болуп, кун тартибинде 4 маселе каралды.

Кун тартибиндеги маселелердин биринчиси Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Турсуналиев Эрмек Турдалиевич бир жылдык отчетун берди, Эрмек Турдалиевич өз отчетунда Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын жалпы бир жыл ичинде аткарган иши, иш кагаздар, кабыл алынган токтомдор боюнча токтолуп, сөзүнүн акырында төраганынын иши бул жалпы шаардык Кеңештин 31 депутатынын аткарган иши экендигине токтолду. Андан кийинки маселе Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Мыйзамына жана "Жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын статусу" жөнүндөгү Мыйзамдарына өзгөртүү толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу  Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине өзгөртүү толуктоолорду киргизүү боюнча маселе каралып жалпы депутаттардын колдоосуна ээ болду. Кун тартибиндеги 3-маселе Нарын шаардык Кеңешинин 2014-жылга карата иш планын бекитүү боюнча маселе каралып депутаттардын сунуштарынын негизинде 2014-жылга шаардык Кеңештин иш планы бекитилди. Кун тартибиндеги 4-маселе Нарын шаарында жаш өспүрумдөрдүн ден соолугуна зыян келтирүүчү энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салуу боюнча маселе каралып, сессияга катышкан депутаттардын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  бул ичимдиктердин зыяндуулугун көрсөтүү менен Кыргызстанга алып кирүүгө жана сатууга тыюу салуу боюнча жалпы Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан Кайрылуу жолдоо маселеси айтылып токтом кабыл алынды. Жалпысынан сессияда  суроо жооптор болуп, сессия кызыктуу өттү

Обсуждение закрыто.