НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ I УЮШТУРУУ СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
27-ноябрь 2024-жыл Нарын шаары
VI чакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоону жараксыз деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 33-беренесин жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 4 -главасын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин “ Нарын деми “ коалициясынын №1 протоколунун чечимине жана “Адилет” фракциясынын сунушунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептөө комиссиясынын 2024-жылдын 27-ноябрындагы № 2 Протоколуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоо жөнүндө Нарын шаардык Кеңешинин VI чакырылыштагы 1-уюштуруу сессиясында түзүлгөн эсептөө комиссиясынын №1, №2 протоколдорунун чечимдери бекитилсин.
- “Нарын деми” көпчүлүк коалициясынан сунушталган талапкер Таалайбеков Жолдошбек Таалайбекович, Нарын шаардык Кеңешинин 1-уюштуруу сессиясына катышкан 31 (отуз бир) депутаттын 15 (он беш) ал эми, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Адилет” фракциясынан талапкерлиги сунушталган депутат Сыдыгалиев Максат Кумарбекович 15 (он беш), 1 (бир) депутат баардыгына каршы добуш бергендиктен, башкача айтканда, эки талапкер жалпы депутаттардын тең, бирдей добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы шайланбагандыгы белгиленсин жана төраганы шайлоо жараксыз деп табылсын.
- Нарын шаардык Кеңешинин төрагасын шайлоону кайрадан уюштуруу үчүн 5 күн аралыгында башка талапкерлерди көрсөтүү менен сессия чакыртылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы А.Жапаралиевага тапшырылсын.
Сессиянын төрагасы А.Төрөгелдиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, АШКга, юстиция башкармалыгына;