ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXV СЕССИЯСЫНЫН
№ 3 ТОКТОМУ
13-август 2012-жыл Нарын шаары
Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаарынын Ленин №32 үйүнүн тургуну Жакшылыкова Бактыгүл «Нарын» жоопкерчилиги чектелген коомунан жер аянтын сатып алгандыгын, бул жер аянты өндүрүштүк зонада болгондугуна байланыштуу турак жай салуу үчүн бул жер аянтын Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизип П-1 (зона промышленных и производственных предприятий) зонасынан Ж-1 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки с содержанием скота) зонасына которуп берүү арызы менен 2012-жылдын 1-августунда кайрылган.
Бул жер аянтын Жакшылыкова Бактыгүл Жакшылыкова Жылдызгүлдөн кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу келишиминин негизинде сатып алып, Нарын райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынан укук күбөлөндүрүүчү документ Мамлекеттик акт алган.
Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин Курулуш архитектура, жер маселеси, электр, отун энергетикасы, коммуналдык менчиктештирүү, транспорт, байланыш жана коммуникация иштери боюнча туруктуу комиссиясы сунушунун жана архитектура, жерге жайгаштыруу башкармалыктарынын бүтүмдөрүнүн негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаарынын «Көтөрмө» аймагындагы Ленин 182 «Б» көчөсү жайгашкан Жакшылыкова Бактыгүлгө таандык 3328,0 чарчы метр жер аянты Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зоналарга өзгөртүүлөр киргизилип, аталган жер аянты П-1 (зона промышленных и производственных предприятий ) зонасынан Ж-1 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки с содержанием скота) зонасына которулсун.
2. Жакшылыкова Бактыгүл өзүнө тиешелүү жер аянты боюнча Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зоналарга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө шаардык архитектура башкармалыгынан жана Нарын аймактык жерге жайгаштыруу башкармалыгынан тиешелүү бүтүмдөрүн алып, шаардык Кеңешке тапшыруусу милдеттендирилсин.
3. Нарын шаарынын Көтөрмө» аймагындагы Ленин 182 «Б» көчөсү жайгашкан Жакшылыкова Бактыгүлгө тиешелүү жер аянты боюнча Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизүү Нарын шаардык мэрясына (А.Суранов), шаардык архитектура башкармалыгына (У.Калмамбетов), Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Сулайманова) милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясынын биринчи вице мэри А.Сурановго тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектура башкармалыгына, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, салык башкармалыгына, арыз ээсине.