ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 9 ТОКТОМУ
«11» апрель 2012-жыл Нарын шаары
Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин
2012-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарынын ишинин уюштуруу укуктук негиздери жөнүндөгү колдонмонун жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу » жөнүндөгү Мыйзамына ылайык депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 2012-жылга иш планын бекитүү боюнча депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин жылдык иш планы бекитилсин (иш план тиркелет).
- Иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияларга