ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXI I I СЕССИЯСЫНЫН № 2/2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                   

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXI I I СЕССИЯСЫНЫН

    №  2/2 ТОКТОМУ

 

                                            11-апрель  2012-жыл                                                                                                           Нарын шаары

 

                                     Нарын шаарынын 2012-жылдын жергиликтүү бюджетинин  киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2013-2014- жылдардын           долбоорун бекитүү жөнүндө

 

             Нарын шаарынын 2012-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү жана 2013-2014-жылдардын долбоору  «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга Республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдардын долбоорлору жөнүндө», «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, бюджеттик мекеме-ишканалардын берген долбоорлорунун негизинде түзүлүп, Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин «Социалдык экономикалык өнүгүү, бюджет, финансы, салык, лицензия, патент, приватташтыруу» боюнча туруктуу комиссиянын сунуштарын эске алып Депутаттардын Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Нарын шаарынын 2012-жылдын жергиликтүү  бюджетинин көлөмү кирешелер боюнча 200334,5 мин сом мунун ичинен жалпы жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше 52375,0 миң сом, категориалдык грант  147959,5   миң сом өлчөмүндө жана 2013-жылдын долбоору 200589.5 миң сомго, 2014-жылдын долбоору  201528.0 миң сомго  бекитилсин.(№1,2 тиркемелер тиркелет)

 

2.Чыгашалар бөлүгү боюнча  200334,5 мин сомго аныкталып, анын ичинен билим берүү тармагына 160695,0 миң сом, саламаттыкты сактоого 40,0 миң сом, маданият тармагына 4763,0  миң сом,  социалдык коргоо тармагына 4884,5 мин сом, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тармагына 9814,5 мин сом, турак жай жана коммуналдык чарбага 17291,5 мин сом, коргоо тармагына 180,0 миң сом, коомдук тартипти сактоого 196,0 миң сом жана  башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдарга 2470,0 миң сом  өлчөмүндө бекитилсин.  (№3,4 тиркемелер тиркелет)

 

3.Нарын шаардык Билим берүү тармагында «Агахан» фондусу тарабынан жүргүзүп жаткан проектилерин колдоо максатында№14 «Алтын балалык» , №18 «Ак дил»,  №17 «Ынтымак», №15 «Бактылуу балалык», №16 «Ыйман», балдар бакчаларында жана №10 Ж.Чолпонбаев атындагы орто мектепке келишим менен штаттык бирдиктер кармалып каржылоого  жалпысынан 203,0 миң сом акча каражаты каралсын жана келишим түзүү, көзөмөл жүргүзүү жагы Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнө (К.Стамов) жана шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) милдеттендирилсин. (№ 5 тиркеме тиркелет)

 

4 Мамлекеттик салык кызматынын  Нарын шаары боюнча салык кызматына жергиликтүү салыктарды чогултуу үчүн келишимдин негизинде 3 (үч) штаттык бирдикти кармоого 270,0( эки жүз жетимиш миң) сом жана Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн жол коопсуздук кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнө келишимдин негизинде 1(бир) штаттык бирдикти кармоого 196,0 (жүз токсон алты миң) сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.

 

5. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекеме ишканалардын штаттык бирдиктери жана чыгаша сметасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана «Социалдык экономикалык өнүгүү, бюджет, финансы, салык, лицензия, патент, приватташтыруу» боюнча туруктуу  комиссиянын сунушу менен  шаардык финансы бөлүмү  тарабынан бекитилсин.

 

 

 

 

6.Нарын шаарынын муниципалдык менчиктен түшүүчү 2100,0 (эки миллион бир жүз )  сом  акча каражаты жергиликтүү бюджеттин   киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизилсин жана толук чогултуу муниципалдык менчик департаментинин   (Н.Максуталиев) персоналдык милдети деп белгиленсин. (№ 6 тиркеме)

 

7.Нарын шаардык салык кызматы аркылуу жергиликтүү бюджетке түшүүчү 39575,0 (отуз  тогуз миллион беш жүз жетимиш беш) сом каражатты бюджетке түшүрүү  Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын  (К.Насирдинов) персоналдык милдети деп белгиленсин.

 

8.Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасы тарабынан бюджеттин атайын каражатына түшүүчү 2500,0 (эки миллион беш жүз миң)  сом акча каражаты толук чогултуу ишкананын директоруна (Б.Жакиев)  милдеттендирилсин

 

9.Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн 10 (он) айлык эмгек акысы жергиликтүү бюджеттен каралсын, ал эми 2 (эки) айлык эмгек акысы  өздөрү чогулткан атайын каражаттан төлөнүп берилсин.

 

10. 2012-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетте калган калдыктын эсебинен Нарын шаарындагы Кара-Бүк участкасындагы таштанды төгүүчү жайды рекультивация жасоо үчүн 140,0 (жүз кырк миң) сом, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана керектүү материалдарды алууга 103,0 (жүз үч миң) сом,  жолбун иттерди аттырууга кеткен карыздарды жабууга 97,0 (токтон жети миң) жана Нарын шаарындагы С.Бекмамбетов атындагы балдар уландар спорт мектебине спорт шаймандарын алуу үчүн 60,0 (алтымыш миң) сом бөлүнүп берилсин.

 

 

11.«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын  негизги принциптери» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  21-пунктуна ылайык шаардык бюджеттин  чыгаша бөлүгүнүн көлөмүнө жараша өзүн-өзү башкаруу органынын  1 пайызга чейинки 1000,0 миң сом резервдик фонду түзүлсүн, мунун ичинен 350,0 миң сом депутаттардын Нарын шаардык Кеңешине бекитилсин.

 

 

12.Бул токтом менен бекитилген Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына  (К.Насирдинов), шаардык муниципиалдык менчик департаментине (Н.Максуталиев), Нарын шаардык муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына (Б.Жакиев), Нарын регионалдык казына бөлүмүнө (Ж.Окенова) жана шаардык мекеме жетекчилери тарабынан кыйшаюсуз аткаруу жагы милдеттендирилсин

 

13.Нарын шаарынын 2012-жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жана 2013-2014-жылдардын план-долбооруна катуу көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык мэриясына (Б.Жээналиев) жана Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.

 

 

             Депутаттардын

 Нарын  шаардык Кеңешинин

                  төрагасы:                                                                А.Көкөтаев     каттоо № 2012-4

____________________________________________________________________________________       

Жөнөтүлсүн: иш кагазга,  Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине,  шаардык мэрияга, шаардык финансы бөлүмүнө

Обсуждение закрыто.