ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН № 6/2ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXII СЕССИЯСЫНЫН

№ 6/2ТОКТОМУ

 

21-январь  2012-жыл                                                                                                        Нарын шаары

 

                                                                            Нарын шаарынын « Дыйкан» көчөсүнө  

                                                                                Маркум  Акунов Турганалынын  

                                                                                ысмын берүү жөнүндө

           Акунов Турганалы 1924-жылы Нарын облусуна караштуу Оттук айлында туулган. 1941-жылы Нарын шаарындагы Токтогул атындагы орто мектебин аяктаган.

           Эмгек жолун 1941-жылы Төш Булак жети жылдык мектебинде мугалим болуп эмгектенүү менен баштаган.Фашистик Германия менен болгон согушка байланыштуу 1943-жылы Советтик Армиянын катарына чакыртылып, Омск шаарындагы Аскердик окуу жайына жиберилген.Окуу жайды бүтүргөн соң кенже лейтенант наамын алган.

           Аскердик окуу жайдан 4- Украина фронтуна караштуу 140-стрелковый дивизиясына пулеметтук взводго командир болуп жиберилген. Ата Мекендик согушта Украина, Польша, Чехославакия, Германиянын айрым шаарларын жана согуштун аягында Чехославакиянын борбору Праганы фашистерден бошотууга катышкан. Согуш бүткөндөн кийин батыш Украинадагы Станиславский областына келип, батыш Бендоровчулардын бандаларын жоюуга, рота командири  кызматына өткөн.

            1946-жылы 16-июнда Армиядан демобилизацияланып,1947-жылга чейин Тянь-Шань областык партия комитетинде инструктор болуп иштеген.

             1947-1961-жылдары областык партия комитетинин жолдомосу боюнча ички иштер органына кызматка жиберилип, областык ички иштер башкармасынын бөлүм башчысы, Жумгал жана Кочкор райондорунда райондук милициянын начальниги болуп эмгектенген.1961-1985-жылдары  ДОСААФ областык комитетинин төрагасы болуп иштеген.

             Ата Мекендик согуштун ардагери, «Красная Звезда» ордени, «За Победу над Германией в Великой Отечественной войне 1941-1945», « За освобождение Праги» медалдары менен сыйланган. Бир нече жолу республикалык жана борбордук жалпы союздуу ДОСААФ уюмунун делегаты болгон.

            1985-жылы узакка созулган оорудан кийин каза болгон. 

         Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаарынын Дыйкан көчөсүнүн тургундары маркум Акунов Турганалынын ысымын берүү боюнча сунуш менен кайрылышкан.Сунуш шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, комиссия кезектеги сессиянын күн тартибине киргизүү сунушун жиберишкен.

       Нарын шаарынын Дыйкан көчөсүнүн тургундарынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын сунуштарынын негизинде Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                           

 

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери  маркум  Акунов Турганалынын ысымы Нарын шаарындагы «Дыйкан» көчөсүнө берилсин.

 

  1. Көчөнүн атын өзгөртүүгө, оңдоого, түзөтүүгө, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга, арыктарды ирээтке келтирүүгө жана ушул көчөнүн жашоочуларынын үй китепчелерин, паспортторун которууга кеткен финансылык чыгымдарын көтөрүү Акунов Турганалынын   үй бүлөсүнө тапшырылсын.

 

        Депутаттардын

 Нарын шаардык Кеңешинин

         төрагасы                                                                                       А.Көкөтаев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, архитектура башкармалыгына, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, муниципалдык «Таза-Нарын» ишканасына, паспорт столго, Т.Акуновдун  үй-бүлөсүнө.

Добавить комментарий