ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН № 5/9 ТОКТОМУ

shapka-toktom

 ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

    XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXII СЕССИЯСЫНЫН

 

 № 5/9 ТОКТОМУ

 

                               22-январь   2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

                                                                        Балбаев Бакыт Усейиновичке  Нарын  шаарынын

                                                                «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

 

                    Балбаев Бакытбек Усейинович  -1965-жылы 22-январда  Тянь-Шань районуна караштуу Жерге-Тал  айылында, кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган.

 Орто мектепти аяктагандан кийин, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Айыл Чарба Институтунун ветеринардык факультетине тапшырып, 1991-жылы аталган окуу жайын ийгиликтүү аяктап, эмгек жолун  Тянь-Шань районундагы  Жаңы-Талап колхозунда  колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1984-1986-жылдары Советтик Армияда кызмат өтөгөн. 1991-1992-жылы Республикалык Ветеринардык Институтунда башкы адис, 1992-1994-жылдары Тянь-Шань районундагы Коммунизм колхозунда башкы ветврач, 1994-1995-жылдары Тянь-Шань райондук ветстанциясында участканын башчысы, 1995-1997-жылы Нарын облусу боюнча Айыл чарба Министирлигинин алдындагы «ТАСИС-2» долбоорунда башкы консультант, 1997-1998-жылдары «Кой чарбасын өнүктүрүү» долбоорунун координатору, 1998-1999-жылдары райондук «Биримдик» фермерлер Советинин президенти, 1999-2003-жылдары Нарын облустук Айылдык Кеңеш кызматында маркетинг жана кайра иштетүү бөлүмүндө адис, 2003-жылдан бери Нарын облустук Айылдык Кеңеш кызматында аймактын менеджери болуп кызмат кылууда.     Акыркы жылдары үзүрлүү эмгектенүүнүн натыйжасында «Нарын Айылдык Кеңеш Кызматы» төмөндөгү долбоорлор менен иш алып барууда.

Алсак, Германиялык Техникалык Борбор (ГТЦ)- өндүрүштүк жана тейлөө кооперативдерин түзүү, САМР «Ала-Тоо» зыгыр өстүрүү жана кайра иштетүү, жайыттарды рационалдуу пайдалануу, койлорду бордоп семиртүү боюнча «Жака» Япондук долбоору ж.б.

      Мындан сырткары ПРООН, КАМБС, СВТ,Агахан, Байтүшүм уюмдары  менен биргелешип иш алып  барууда.

            Инновациялык методдор менен иш алып барып, үзүрлүү эмгегинин натыйжасында Айыл чарба Министирлигинин «Ардак Грамотасы», Айылдык Кеңеш кызматынын 1-2-даражадагы дипломдору, айылдык Кеңеш кызматынын грамоталары, Нарын облустук администрациянын грамоталары, Кыргыз Республикасынын Айыл, Суу Чарба жана Кайра Иштетүү Өнөр Жай Министирлигинин «Айыл чарбасынын отличниги» төш белгиси менен сыйланган.

            Айыл чарбасын өнүктүрүү жана Айыл чарба кеңешчилик кызматын уюштуруу боюнча Швейцария, Россия өлкөлөрүндө тажырыйба алмашуу боюнча окууда болгон.

  2008-жылдын октябрь айынан баштап шаардык Кеңештин депутаты.

 

Балбаев Бакыт Усейиновичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын жана депутаттардын сунуштарынын негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Нарын облусунун айыл чарабасынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Балбаев Бакыт Усейиновичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

  1. Жобого ылайык Балбаев Бакыт Усейиновичке  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын  шаарынын  «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

           Депутаттардын

 Нарын шаардык Кеңешинин

             төрагасы                                                                                     А.Көкөтаев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, Б.Балбаевге

Обсуждение закрыто.