ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН
№ 5/7ТОКТОМУ
21-январь 2012-жыл Нарын шаары
Карагулова Асылга Нарын шаарынын
«Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Карагулова Асыл 1947-жылы Тянь-Шань районундагы Миң-Булак айылында туулган.1964-жылы Нарын шаарындагы Токтогул орто мектебин бүтүрүп, ушул эле жылы Фрунзе шаарындагы Кыргыз Улуттук универститетине тапшырган. Эмгек жолун 1966-1970-жылдары Жумгал районундагы «Чаек» орто мектебинде химия, биология сабагынын мугалими жана кыздар жатак мектебинде (интернат) тарбиячы болуп эмгектенүү менен баштаган.
1970-1971-жылдары Тянь-Шань районундагы «Оттук» орто мектебинде, 1971-1979-жылдары Нарын шаарындагы №4 В.И.Ленин атындагы орто мектебинде,1979-1999-жылдары Нарын шаарындагы №5 К.Жакыпов орто мектебинде химия, биология сабагынын мугалими болуп эмгектенген.
Билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси, «Методист мугалим» наамдары менен сыйланган.
Өз кесибин сүйгөн мугалим катары көптөгөн улан кыздарга билим, тарбия берип, бүгүнкү күндө Асыл Карагулованын тарбиясын алган окуучулар врач, медсестра, мугалим болуп эмгектенип келишүүдө. Биология сабагынан билим алып, тажырыйбага бай мугалимдин билимин алган, бул сабакка кызыккан окуучулар шаардык, облустук, республикалык олимпиядаларга катышып байгелүү орундарга ээ болушкан.
Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаардык билим берүү бөлүмү Карагулова Асылга Нарын шаарынын «Ардактуу атуулун» берүү жөнүндө сунуш менен кайрылышкан.Сунуш шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосунда каралып, сессияга сунушталган.
Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана депутаттык туруктуу комиссиянын сунуштарынын негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын шаарынын билим берүү тармагына кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Карагулова Асылга Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Карагулова Асылга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, А.Карагуловага