ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН № 5/5 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXII СЕССИЯСЫНЫН   

 

                                                № 5/5 ТОКТОМУ

 

21-январь 2012-жыл                                                                                          Нарын шаары

 

  Шайзындаев Арстанбек Аскарбековичке     Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

 

      Шайзындаев Арстанбек Аскарбекович 1973-жылы Ысык Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 1990-жылы Балыкчы шаарындагы Ленин атындагы орто мектепти аяктаган соң, Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин юридикалык факультетине тапшырып окуу жайды 1995-жылы аяктаган.

        1995-2000-жылдары    Бишкек шаарындагы Октябрь райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы, прокурордун ага жардамчысы кызматтарында  иштеген. 2000-жылдын сентябрь айынан октябрь айына чейин Ат- Башы райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы болуп эмгектенип, ушул эле жылдын октябрь айынан  2004-жылга чейин   Нарын облустук прокуратурасында тергөө бөлүмүнүн прокурору,  ага тергөөчү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчү кызматында иштеген. 2004-2010-жылдары Нарын облустук сотуна судьялык кызмат ордунда, ал эми 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин  Нарын облустук сотунун төрагасынын  орун басары  кызматында эмгектенип келүүдө.

          Прокуратура системасында иштеген жылдарда Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын «Ардак Грамотасы» менен сыйланган.

          Шайзындаев Арстанбек Аскаровичке Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө Нарын облустук сотунун эмгек жамааты шаардык Кеңешке сунуш менен кайрылышкан.

         Нарын облустук сотунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын сунуштарынын негизинде  депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Юридикалык жактан билимдүүлүгүн, судялык кызматта тажырыйбалуу,  жоопкерчиликтүү  юрист катары  өзүн көрсөтө алгандыгы  үчүн Шайзындаев Арстанбек Аскарбековичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наам ыйгарылсын.

 

2.Жобого ылайык Шайзындаев Арстанбек Аскаровичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

 

       Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин

         төрагасы                                                                                   А.Көкөтаев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, А.Шайзындаевге

Обсуждение закрыто.