ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН № 7 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

                                                        XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXII СЕССИЯСЫНЫН                                                        № 7 ТОКТОМУ

 

                            21-январь    2012-жыл                                                                                                      Нарын шаары                                                                                    

                                                                                           Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин             16-январь 2011-                                                                                                          жылдагы        №1-б буйругу менен түзүлгөн      депутаттык комиссиянын билдирүүсү жөнүндө 

            19-январь 2011-жылы Нарын шаардык Кеңешине  шаардын Московский аймагындагы Раззаков көчөсүнүн  1Д үйүнүн 1-12-чейинки квартираларынын жашоочулары Нарын шаардык  жылуулук берүү ишканасы тарабынан үйлөргө жеткиликтүү деңгээлде жылуулук берилбей жаткандыгын, үй ээлери менен жылуулук берүү ишканасынын ортосунда түзүлгөн

Келишимдеги талаптар аткарылбай, кыштын суук күндөрүндө үйлөрүнө кошумча жылыткычтарды колдонуп, жылуулук энергиясы үчүн да, электрэнергиясы үчүн да каражат төлөнүп жаткандыгын белгилөө менен жылуулук энергиясы үчүн  төлөнүүчү тарифти төмөндөтүп берүү боюнча жашоочулардын колу коюлган арыз менен кайрылышкан.

Арызды жеринде барып кароо, келишимдеги талаптардын Мыйзам чегинде аткарылышы  боюнча  Шаардык Кеңештин атайын буйругунун негизинде депутаттык комиссия түзүлгөн.         Комиссия  Московский чөлкөмүнүн жылуулук менен камсыз кылуучу электр котелун жеринде көрүп,  шаардык жылуулук берүү ишканасы тарабынан өз деңгээлинде жылуулук берилбей жаткандыгы боюнча, электр отканасында иштеген жумушчулардын өз милдеттерин так аткарбагандыгы боюнча  фактылар аныкталган.

Нарын шаардык жылуулук берүү ишканасы менен шаардын Московский аймагындагы үйлөрдүн жылуулук энергиясын пайдалануу боюнча түзүлгөн келишим  Мыйзам чегинде аткарылбай жаткандгы боюнча шаардык Кеңештин Укук коргоо, Мыйзамдуулукту сактоо жана коррупцияга каршы күрөшүү, эл чарба тармактары, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция, эл аралык байланыш, керектөөчүлөрдүн эмгегин коргоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү,  мыйзамдуулукту коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б,Балбаев төрагалык кылган депутаттык  комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

 

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

 

Нарын шаардык жылуулук берүү ишканасынын жетекчиси У.Айтиевге шаардын Московский аймагындагы үйлөрдүн анын ичинде  Раззаков1Д үйүнүн жылуулук түтүктөрүн оңдоону тез арада ишке ашыруу жагы милдеттендирилсин жана кыш айларында ар бир абонент менен  түзүлгөн келишимдеги талаптардын аткарылышы  көзөмөлгө алсын.

 

 

Московский аймагындагы Раззаков 1Д  үйүнө  кыш айларында жылуулук берүүнү үзгүлтүкө учураткандыгы,  жылуулук түтүктөрүн ирээтке келтирүүгө өз учурунда кам көрбөгөндүгү үчүн шаардык жылуулук берүү ишканасынын  жетекчиси У.Айтиевге шаардык мэриянын коллегиясында тиешелүү чара көрүү жагы шаардын мэри Б.Жээналиевге тапшырылсын.

 

 

        Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин

         төрагасы                                                                              А.Көкөтаев

 

_____________________________________________________________________________

 

       Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, жылуулук берүү ишканасына

Обсуждение закрыто.