ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 6 /1 ТОКТОМУ
15 октябрь 2012-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы Акыйкат көчөсүнө маркум Алышбаев Эсеналынын ысымын берүү жөнүндө
Алышбаев Эсеналы – Улуу Ата-Мекендик Согуштун Ветераны, Нарын шаарынын тургуну 1915-жылы 15-февралда Нарын обласынын Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 1936-жылы 21 жашында колхоздун малын багып эмгек жолун баштайт. Андан кийин Улуу Ата-Мекендик согуш башталганда 1942-жылы мекенин, элин, жерин фашисттерден коргоо үчүн аттанган. Беларусь фронтунда аскердик катарда Мекенди коргоп жеңишке өз үлүшүн кошконго милдеттенет. Беларусияда согуштун бир нече шаар, кыштактарды бошотууга салымын кошкон. Андан кийин Украина фронтуна которулуп согушта согушуп жүрүп, көптөгөн шаар, кыштактарды бошотушкан. Севостополь шаарына көптөгөн солдаттардын бири болуп көптөгөн эрдиктерди көрсөткөн немецтерге чабуул коюда эки сакчысын өлтүрүп 50 немецти колго түшүрүүгө активдүү катышкан. Көптөгөн эрдиктерди көрсөткөндүгү үчүн Улуу-Ата Мекендик согуштун I, II даражадагы ордени менен сыйланган. Жалпысынан 10 орден медалдардын ээси. Ошол согушта Снаряд жарылып сол колунан ажырапбир гана колу калган эле. Буга карабай согуштан келгенден кийин 1-май колхозунун мал чарбасына багууга үлүшүн кошот. Андан кийин турмуш шартка байланыштуу 1947-жылы Нарын шаарына көчүп келет. Нарын шаарынын педагогикалык окуу жайында жана нан заводунда жана башка мекемелерде 1948-жылдан 1963-жылга чейин кароолчулук кесибинде эмгектенет. Бир канча жолу мекеменин ардактуу атуулу катары мекеменинин ар кандай сыйлыктарына алкоолугуна ээ болуп келген. Көпчүлүк убактысында жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн жыйындарда эл алдында чыгып сүйлөп, өзүнүн жакшы насаат сөздөрүн айтып, өзгөчө жаштарга адамдарды ак эмгекке үндөп, өз салымын кошуп келген. Нарын шаарынын өнүгүп өсүшүнө карата үгүт-насат иштерин жүргүзүү менен согуштун ветераны катары активдүү аракеттенгендердин катарында болду. Алышбаев Эсеналы жөнүндө анын эрдиктерин чагылдырган маалыматтар областтык, шаардык газеталардын беттеринде үзгүлтүксүз жарыяланган.
Ал үй бүлөлүк турмушунда 6 бала 18 небереси 10 чөбөрөсү уул келиндери бар. 1976-жылдан бери Нарын шаарынын Акыйкат көчөсүндө жашап 1995-жылы ушул жерден дүйнөдөн кайтты. 1-группадагы майыбы экендигин согушта көрсөткөн эрдиги эл арасында насатчы катары кадыр-баркын эске алуу менен Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаарынын Акыйкат көчөсүнө Алышбаев Эсеналынын ысымын ыйгарууну сунуш кылат.
Нарын шаарынын Акыйкат көчөсүнө Алышбаев Эсенаалынын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү Акыйкат көчөсүнүн жашоочуларынын сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Алышбаев Эсенаалынын ысмы Нарын шаарындагы Акыйкат көчөсүнө ыйгарылсын.
- Көчөнүн атын өзгөртүүгө,оңдоого, түзөтүүгө, көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга арыктарды ирээтке келтирүүгө жана ушул көчөнүн жашоочуларынын үй китепчелерин,паспортторун которууга кеткен финансылык чыгымдарын көтөрүү Алышбаев Эсенаалыныны үй бүлөсүнө тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, жашылдандыруу мекемесине, архитектурага, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, «Таза Нарын» ишканасына, паспорт столго, Э.Алышбаевдин үй бүлөсүнө.