ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 3/1 ТОКТОМУ
11-июль 2012-жыл Нарын шаары
Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаарынын Мусурманкулов 22 «а» көчөсүндө жайгашкан Нарын автоэкспедициялык базасына тиешелүү 9010,0 чарчы метр жер аянты 1996-жылы Нарын облустук керек-жарак коомдорунун биримдиги башкармалыгынын 26-декабрь №19 буйругунун негизинде керек-жарак коомунда көп жылдан бери иштеген Жолочиев Токтобекке үлүш катары берилген.
2002-жылы Жолочиев Токтобектин наамына 8805,75 чарчы метр жер янтын көрсөтүү менен Нарын райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгы тарабынан Серия Ч №378324 мамлекеттик акт берилген.2012-жылы Жолочиев Токтобек бул жер аянтын «Кыймылсыз мүлктү сатуу жана сатып алуу» келишиминин негизинде Самаков Калыбекке сатып, Самаков Калыбектин наамына кайрадан мамлекеттик акт берилген.
Нарын шаардык Кеңешине Самаков Калыбек 2012-жылдын 10-апрелинде өзүнө таандык 8805,75 чарчы метр жер янтын турак жай курууга берүү үчүн бул жер аянты Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» белгиленген зонада К-1 (зона предприятий транспорта, складов-баз, коммунального хозяйства и мелкого производства) зонасында болгондугуна байланыштуу жер аянтын Ж-1 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки с содержанием скота) зонасына которуп берүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Арыз шаардык Кеңештин алдындагы туруктуу комиссиясынын кароосуна коюулуп, комиссияда Мыйзамга ылайык Самаков Калыбектин 8805,75 чарчы метр жер янтын турак жай курууга берүү үчүн жерге жайгаштыруу жана архитектура башкармалыктарынын атайын бүтүмдөрүнүн негизинде сессияга сунушталары белгиленген.
Арыз ээси тарабынан көрсөтүлгөн жер аянтын зонадан зонага которуу боюнча шаардык архитектура башкармалыгынын 3-июль 2012-жылы №С-02/68- жерге жайгаштыруу башкармалыгынын 5-июль 2012-жылы №82 — атайын бүтүмдөрү даярдалган.
Жогорудагы даярдалган бүтүмдөргө жана шаардык Кеңештин «Курулуш куру жана жер маселеси, электр, отун энергетикасы, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш жана коммуникация» боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Нарын шаарынын Мусурманкулов №22 «а» көчөсүндө жайгашкан Самаков Калыбекке таандык 9010,0 чарчы метр жер аянты Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зоналарга өзгөртүүлөр киргизилип, аталган жер аянты К-1 (зона предприятий транспорта, складов-баз, коммунального хозяйства и мелкого производства) зонасынан Ж-1 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки с содержанием скота) которулсун.
- Нарын шаарынын Мусурманкулов №22«а» көчөсүндө жайгашкан Самаков Калыбекке тиешелүү жер аянты боюнча Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизүү Нарын шаардык мэриясына (А.Суранов), шаардык архитектура башкармалыгына (У.Калмамбетов), Нарын аймакты жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Сулайманова) милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Курулуш куруу жана жер маселеси, электр, отун энергетикасы, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш жана коммуникация» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектура башкармалыгына, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, салык башкармалыгына арыз ээсине.