ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН №3\2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                          

XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН                                                                                  №3 /2ТОКТОМУ                                                  

 

11-июль 2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

  Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген  Нарын       шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

              Нарын шаарынын Мусурманкулов №12 көчөсүндө жайгашкан «Нарын курулуш» ЖЧКнун 1977,07 чарчы метр жер аянты , 2012-жылдын 14-январында «Нарын курулуш» ЖЧКнун жалпы чогулушунун   №4 токтомунун негизинде  коомдун имараты жана тиешелүү жер аянты директор А.Сапарбаевге  берилген. А.Сапарбаев  Нарын аймактык жерге жайгаштыруу башкармалыгынан 1977,07 чарчы метр жер аянтын белгилөө менен мамлекеттик акт алган.

2012-жылдын 29-майында А.Сапарбаев жогорудагы жер аянты   Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь 2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген  Нарын  шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги»  белгиленген зонада К-1 (зона предприятий транспорта, складов-баз, коммунального хозяйства и мелкого производства) зонасында болгондугуна байланыштуу жер аянтын Ж-1 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки с содержанием скота) зонасына которуп берүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Арыз шаардык Кеңештин алдындагы туруктуу комиссиясынын кароосуна коюулуп, комиссияда Мыйзамга ылайык Сапарбаев Асанкулдун 1977,07 чарчы метр жер аянтын Ж-1 (зона индивидуальной усадебной жилой застройки с содержанием скота) зонасына которуп берүү үчүн     жерге жайгаштыруу жана архитектура башкармалыктарынын атайын бүтүмдөрүнүн негизинде сессияга сунушталары белгиленген.

            Арыз  ээси тарабынан жер аянтын зонадан зонага которуу боюнча  шаардык архитектура башкармалыгынын   2-июль 2012-жылы №С-02+ , жерге жайгаштыруу башкармалыгынын 2-июль 2012-жылы №76-  атайын бүтүмдөрү даярдалган.

            Жогорудагы даярдалган бүтүмдөргө жана шаардык Кеңештин «Курулуш куруу жана жер маселеси, электр, отун энергетикасы, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш жана коммуникация» боюнча туруктуу комиссиясынын протоколунун  негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Нарын шаарынын Мусурманкулов №12   көчөсүндө  жайгашкан  Сапарбаев Асанкулга таандык  1977,07 чарчы метр   жер аянты Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зоналарга өзгөртүүлөр киргизилип, аталган жер аянты К-1 (зона предприятий транспорта, складов-баз, коммунального хозяйства и мелкого производства) зонасынан Ж-1 (зона индивидуальной  усадебной жилой застройки   с содержанием  которулсун.

  1. Нарын шаарынын Мусурманкулов №12көчөсүндө жайгашкан  Сапарбаев Асанкулга  тиешелүү  жер аянты боюнча Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизүү Нарын шаардык  мэрисына (А.Суранов), шаардык архитектура башкармалыгына (У.Калмамбетов), Нарын аймакты кжерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына (А.Сулайманова) милдеттендирилсин.
  2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Курулуш куруу жана жер маселеси, электр, отун энергетикасы, муниципалдык менчик, транспорт, байланыш жана коммуникация» боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

          Депутаттардын

 Нарын шаардык Кеңешинин

          төрагасы                                                                                                     А.Көкөтаев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектура башкармалыгына, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, салык башкармалыгына арыз ээсине

Обсуждение закрыто.