ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 6/ 23 ТОКТОМУ
11-июль 2012-жыл Нарын шаары
Эгембердиев Максатка Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Эгембердиев Максат Базаркулович 1963-жылы 27-июлда Нарын шаарында туулган.Мектепти аяктаган соң 1980-1986- Кыргыз Мамлекеттик Медицина Институтунун дарылоо факультетинин офтальмология бөлүмүндө окуган. Эмгек жолун 1986-1987-жылдары Республикалык Клиниклык оруканасынын базалык Интернатурасында иштөө менен баштаган.1987-1992-жылдары Нарын облустук ооруканасында врач-ординатор, 1992-1997-жылдары ушул эле оорукананын көз оорулары бөлүмүнүн башчысы,1997-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Чүй облустук бириктиилген ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенүүдө.Медицина илимдеринин кандидаты.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин «Ардак Грамотасы» менен сыйланган. «Саламаттыкты сактоонун отличниги». Билимин жогорулатуу боюнча курстардан өтүп Бишкек шаарындагы көз оорулар боюнча алдыңкы адистердин бири. .
Эгембердиев Максатка Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу»наамын ыйгаруу боюнча депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Саламаттыкты сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенип,оорулулардын ден соолугуна кам көрүүдө ийгиликтерге жетишкендиги үчүн Эгембердиев Максатка Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык, Эгембердиев Максатка атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга,шаардык мэрияга,шаардык архитектурага,ММДга, «Таза Нарын» ишкнасына,М.Эгембердиевге.