ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 6/12 ТОКТОМУ
11-июль 2012-жыл Нарын шаары
Турдалиева Керээзге Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» намын ыйгаруу жөнүндө
Турдалиева Керээз 1952-жылы 20-августа Нарын районунун Эмгекчил айылында кызматчынын үй бүлөсүндө туулган. 1961-жылы Эмгекчил орто мектебине кирип,1971 жылы аяктаган. Мектепти аяктаган соң,1971-жылы Эмгекчил орто мектебинде пионер-вожатый, лаборант болуп иштеген. 1972-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин экономика факультетине тапшырып,1977-жылы аяктаган.1972-1981-жылдары Нарын шаардык финансы бөлүмүндө инспектор, ага экономист,1981-1988-жылдары Нарын облустук аткаруу комитетинин пландоо бөлүмүндө башкы экономист, башкы бухгалтер, 1989-жылдын январь айынан баштап,1991-жылга чейин Нарын райондор аралык СТОсунда инженер,1991-1998-жылдары №3-ПЛУАД мекемесинде кадр боюнча бөлүм башчысы, 1998-2005-жылдары ДЭП№41 мекемесинде кадр боюнча инспектор, башкы бухгалтер, 2005-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Нарын шаардык мэриясында жана депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинде башкы бухгалтер болуп иштеп келүүдө.
Эмгектеги жетишкендиктери үчүн 2009-жылы Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын «Мыкты муниципалдык кызматкер» диплому жана 2011-жылы Нарын шаардык Кеңешинин жана шаардык мэриянын «Ардак Грамотасы» менен сыйланган.
Турдалиева Керээзге Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү Нарын шаардык мэриясынын сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Финансы тармагындагы жана муниципалдык кызматта көп жылдык үзүрлүү эмгектери жана жетишкендиктери үчүн Турдалиева Керээзге Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондугуна байланыштуу,Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык, Турдалиева Керээзге атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешини
төрагасы А.Көкөтаев
______________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектурага,ММДга, «Таза Нарын» ишканасына, К.Турдалиевага