ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 6/14 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

                              XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН           

                                                                      № 6/14 ТОКТОМУ

 

 

11-июль     2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

  

                                                                      Түлеев Нариман Ташболотовичке Нарын шаарынын                                                                                                                                             «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

            Түлеев Нариман Ташболотович 1963-жылы 24-декабрда Нарын шаарында кызматчынын үй бүлөсүндө туулган. Мектепти аяктаган соң Фрунзедеги Политехникалык Институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1985-жылы Нарын ПМКсында мастер болуп иштөө менен баштаган.1986-1990-жылдары Тянь-Шань РК ЛКСМда, Кыргызстан ЛКСМнын Ысык-Көл облустук комитетинде,Оренбург шаарында ВЛКСМда  иштеп келген.1990-2001-жылдары кичи ишкана ачып, жеке ишкерликте  ишин алып барган. 2001-2005-жылдары Кыргыз «Темир» мамлекеттик ишканасында жетекчи, 2005-2008-жылдары «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын ишин алып барган.2008-жылы 7-июлда КРнын Президентинин Указы менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына киришип, 2008-жылдын 14-июлунда Бишкек шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясында көпчүлүк депутаттардын добушу менен Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган.Жогорку Кеңештин Ата Журт фракциясынын атынан депутаты.

            КРнын Темир жол транспортунун өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн «Даңк» медалына,  «Россиялык темир куруучулар»ААКнун «Россия Федерациясынын Ардактуу темир жол куруучусу»күбөлүгүнө ээ болгон.Республикалык тармактык профсоюздар бирикмесинин «Жумушчу табынын маанисин жогорулаткандыгы үчүн» төш белгиси менен сыйланган.

            Жогорку Кеңештин депутаты катары өзү тулуп өскөн Нарын шаарына жардам катары  бир топ орчундуу иштерди жазаган.Н.Түлеев тарабынан Нарын шаарынын Кеңеш көчөсүнө 5км аралыкка баллас төгүлгөн.Айрым көп кабаттуу үйлөрдүн подьездерине темир эшиктер салынган, №2-Чкалов орто мектебине 1компьютердик класс ачып, аудио-видео аппаратура, мебель,китептер менен камсыз кылган. Ушул эле мектепке 1млн сомдук аппаратура алып берген. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн имаратын оңдотуу үчүн жардам берип, жылуулук системасын койдуртуп берген.Интернат аймагындагы мектеп лицейге суу насосун алып берген.Шаарыбызга 2 троллейбус белекке берген.Өрттөнүп кеткен базардагы соода кылган адамдарга жардам катары 500 000 сом акча каражатын берген.№16 — «Ыйман» б.бакчасына таза суу чыгарткан. Шаарыбыздагы жетим балдарды кышкы кийимдер менен камсыз кылып.ден соолугу начар дарыланууга муктаж адамдарга материалдык жардамдарды көрсөтүп келген.

            Түлеев Нариман Ташболотовичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча Нарын шаарынын тургундарынын сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                            ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Нарын шаарынын экономикасынын өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымдары жана жардамга муктаж  шаар тургундарына көрсөткөн жардамдары үчүн Түлеев Нариман Ташболотовичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу»наамы ыйгарылсын.

 

2. Жобого ылайык, Түлеев Нариман Ташболотовичке  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын               шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

     

           Депутаттардын

Нарын шаардыкКеңешинин

          төрагасы                                                                                           А.Көкөтаев

_______________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга,шаардык архитектура башкармалыгына, ММДга, «Таза Нарын» ишканасына, Н.Түлеевге.

Обсуждение закрыто.