ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН
№ 6 /2 ТОКТОМУ
11-июль 2012-жыл Нарын шаары
Осмоналиев Жумабекке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө
Осмоналиев Жумабек 1949-жылы Нарын шаарында туулган. 1956-жылы Нарын шаарындагы №1 «В.П.Чкалов» орто мектебине кирип, аны 1966-жылы мектепти аяктаган.
1966-жылы Фрунзедеги автожолдор техникумуна кирип, 1970-жылы «механик-техник» адистигине ээ болгон.
Эмгек жолун 1970-жылы Нарын автобазасында башкы диспетчерлик кызматынан баштап 1971-жылы ушул эле мекемеде гараждын башкы механиги кызматына которулган.1971-1976-жылдары Нарын башкы автоунаа ишканасында техника коопсуздугу боюнча башкы инженер,1976-1982-жылдары Нарын жүк ташуучу автобазасында эксплуатация бөлүмүнүн мастери, башчысы,1982-1992-жылдары Тянь-Шань автобазасында эксплуатация бөлүмүнүн башчысы кызматтарында иштеп келген.
1992-1996-жылдары Чет-Нура дыйкан чарба бирикмесинин төрагасы, 1996-1997-жылдары Чет-Нура айыл өкмөтүндө айыл башчы, 1997-1998-жылдары Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы, 1998-2007-жылдары «Ала-Тоо» акционердик коомунун төрагасынын орун басары, 2007-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Нарын троллейбус ДЭПОсунун башчысы кызматында эмгектенүүдө.
Иштеги жетишкендиктери үчүн, облустун, райондун айыл чарба тармагына кошкон салымы үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын, Нарын райондук Кеңешинин, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын, Жергиликтүү коомчулуктун күнүнө карата Нарын шаардык Кеңешинин, шаардык мэриянын «Ардак Грамоталары» менен сыйланган.
Осмоналиев Жумабек Кыргыз Республикасында болуп өткөн 2 жолку элдик революцияда активдүү катышкандыгы үчүн Республикалык «Элдик Революцияны Коргоо Кыймылы» коомдук бирикмесинин, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын, «Мекен үчүн» бириккен Элдик кыймылынын «Ардак грамоталарына» ээ болгон.
Осмоналиев Жумабекке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндөгү Нарын троллейбус ДЭПОсунун эмгек жамаатынын сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Транспорт ишканаларында көп жылдык үзүрлүү эмгеги, облустун, райондун айыл чарба тармагына кошкон салымы жана Кыргыз Республикасында болуп өткөн 2 жолку элдик революциясына активдүү катышкандыгы үчүн Жумабек Осмоналиевге Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
- Жобого ылайык Осмоналиев Жумабекке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
_____________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектура башкармалыгына, «Таза Нарын» ишканасына, ММДга, Ж.Осмоналиевге