ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 6/ 7 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                    

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН

  № 6/ 7 ТОКТОМУ

 

11-июль  2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

                                                                                      Сагын Мамбетакуновага Нарын шаарынын                                                                              «Ардактуу  атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө

 

             Мамбетакунова    Сагын    1934-жылы    31-декабрда    Тянь-Шань районуна караштуу

 8-март айылында туулган. Орто мектепти аяктаган соң, Кыргыз Мамлекеттик Университетине тапшырып окуу жайды ийгиликтүү аяктаган. Алма-Ата шаарындагы КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектебин сырттан окуп бүтүргөн.

            Эмгек жолун 1953-1956-жылдары  комсомолдун Нарын шаардык комитетинин мектептер бөлүмүнүн башчысы кызмат ордунда иштөө менен баштаган.1956-1963-жылдары партиянын  Тянь-Шань райкомунун партиялык учеттор бөлүмүнүн башчысы,1963-1969-жылдары Нарын шаарынын мектептеринде мугалим,окуу бөлүмү боюнча директордун орун басары, 1969-1970-жылдары эмгекчилер депутаттарынын Нарын шаардык Советинин  төрагасынын орун басары, 1970-1983-жылдары партиянын Нарын шаардык комитетинин секретары, партиялык комитеттин мүчөсү жана бюро мүчөсү болгон. Бир нече жолу эмгекчилер депутатынын шаардык Советинин  депутаты болуп келген.1983-1988-жылдары партиянын Нарын областтык комитетинин секретары, партиянын Нарын обкомунун мүчөсү, бюронун мүчөсү болгон. Акыркы жылдары партиянын Чүй облусунда иш кагаздар бөлүмүндө  инструктор болуп иштеген. Эмгекчилер депутаттарынын Нарын областтык Советине үч жолку чакырылышына депутат болгон. Кыргызстан Коммунисттик партиясынын ХVIII сьездине делегат болуп шайланган.40жыл КПССтин мүчөсүнүн катарында болуп, 22 жыл партиялык органдарда кызмат өтөгөн.

            Республиканын эл чарбасын, илимин жана маданиятын өнүктүрүүдө активдүү катышкандыгы жана Улуу Октябрь Социалисттик Революциясынын 60 жылдыгынын урматына кабыл алынган социалисттик милдеттенмелерин аткаруудагы  жогорку көрсөткүчтөрү үчүн эки жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин «Ардак грамотасы» менен . 1968- жылы «Элге билим берүүнүн отличниги» значогу менен сыйланган. «Эмгек ветераны» медалынын  жана «Эмгектеги күжүрмөндүүлүгү үчүн», «Эмгектеги артыкчылыгы   үчүн» жана бир нече төш белгилердин ээси.1988-жылдан бери   Кыргыз Республикасынын алдындагы  өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн персоналдык пенсионер.

           Мамбетакунова Сагынга Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү боюнча Нарын шаарынын жашоочуларынын токтомунун жана депутаттык туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 


                                   ТОКТОМ КЫЛАТ


 

1.Нарын облусунун, Нарын шаарынын социалдык — экономикалык жактан өсүп-өнүгүшүнө,илим жана маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымдары үчүн Сагын Мамбетакуновага Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.Жобого ылайык Мамбетакунова Сагынга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

              Депутаттардын

            Нарын шаардык Кеңешинин

                          төрагасы                                                                         А.Көкөтаев

          _____________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, «Таза Нарын» ишканасына, С.Мамбетакуновага 

Обсуждение закрыто.