ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН №4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

 ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                   

                                                       XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН                                                         №  4  ТОКТОМУ

 

11- июль 2012-жыл                                                                                                                         Нарын шаары

                                                             

                                                               Нарын шаарындагы «Ден соолукту чыңдоо борборунун»      аймагындагы муниципалдык жер аянтын                                                 Кыргыз    Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажы   кызматынын «Чыгыш бажысы мөөнөтсүз пайдаланууга       берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

             Нарын шаардык Кеңешине шаардык мэрия  тарабынан 2012-жылдын 5-июлунда 03/1016 чыгыш каты менен  Нарын шаарындагы «Ден соолукту чыңдоо борборунун» аймагындагы  1050,0 чарчы метр жер аянтын  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Чыгыш бажысына» спорт комплексин жана футбол аянтчасын курууга көп жылдык мөөнөт менен берүү өтүнүчү менен кайрылган. Аталган жер аянты буга чейин «Ден соолукту чыңдоо борборунун» (ФОК) аймагынын күн батыш тарабындагы 1050,0 чарчы метр жер аянтына спорт комплексин жана футбол аянтчасын куруу үчүн 5 жылдык мөөнөткө убактылуу  пайдаланууга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик Бажы кызматынын  «Чыгыш бажысына» Нарын шаардык мэриясынын алдындагы жер комиссиясынын25-ноябрь 2011-жылдагы №4 протоколунун, шаардык мэриянын 26-ноябрь 2011-жылдагы №481-б буйругунун негизинде берилген.

Бүгүнкү күндө «Чыгыш бажысы» Нарын  шаардык мэриясынан  жер аянтын мөөнөтсүз пайдаланууга алуу үчүн жана ал жерге спорт комплексин жана футбол аянтчасын куруу үчүн атайын кат жүзүндө кайрылышкан.

                30-декабрь 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын 2011-2013-жылга карата Өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашыруу боюнча №342-токтому кабыл алынган. Өкмөттүн токтомун ишке ашыруу максатында «Чыгыш бажысы»кызматы тарабынан Нарын шаарына  футбол аянтчасын, спорт комплексин куруу иштери пландаштырылган.

Нарын шаардык мэриясына «Чыгыш бажысы» кызматынын 27-октябрь 2010-жылдагы чыгыш №01/706 катынын, Нарын  шаардык мэриясынын жана шаардык муниципалдык менчик департаментинин сунуш каттарынын жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин

25-беренесинин 2-бөлүмчөсүнүн негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 25-беренесинин 2-бөлүмчөсүнүн негизинде, 30-декабрь 2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын «2011-2013-жылга карата Өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын ишке ашыруу боюнча» №342-токтомун аткарууга карата Нарын шаарына заманбап спорт комплексин жана футбол аянтчасын курууга Нарын шаарындагы «Ден соолукту чыңдоо борборунун» аймагындагы күн батыш тарабынан  1050,0 чарчы метр жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Чыгыш бажысына» мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин.

 

  1. Нарын шаарындагы «Ден соолукту чыңдоо борборунун» аймагындагы  1050,0 чарчы метр жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Чыгыш бажысына»мөөнөтсүз ижарага пайдаланууга берүүдө Мыйзамга ылайык эки тараптуу келишим түзүү Нарын шаардык мэриясына (А.Суранов), шаардык муниципалдык менчик департаментине (Н.Максуталиев)  жана «Чыгыш Бажысы»  кызмытына (Б.Акелеев)  тапшырылсын.

 

3.        Спорт комплексин жана Футбол аянтчасын куруу иштерин бүткөрүүгө бир жарым жылдык мөөнөтү (18 ай)  белгиленсин, эгер келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө курулуш иштери бүткөрүлбөсө, ушул токтомдун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

 

         Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин 

            төрагасы                                                                                                                            А.Көкөтаев

 

 

  Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, муниципалдык менчик департаментине, «Чыгыш Бажысы» кызматына, Нарын шаардык мэриясынын алдындагы «Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясына

Обсуждение закрыто.