ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                     

                           XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIV СЕССИЯСЫНЫН               №   1 ТОКТОМУ

 11-июль 2012-жыл                                                                                                                    Нарын шаары

 

Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесиндеги Нарын шаардык мончосун ижарага берүүнүн  мөөнөтүн узартуу жөнүндө.

 

            Нарын шаардык Кеңешине  облустук мамлекеттик администрациясынын  башчысы губернатор К. Муратбеков, шаардын  мэри Б.Жээналиев  Нарын шаарына,  шаардын инфраструктурасын  жакшыртуу, шаар элин сергек, дени сак жашоого үндөө максатында эс алууга ыңгайлуу шарттары бар заманбап бассейн куруу   пландаштырылып жаткандыгын, бул бассейнди курууга шаардык муниципалдык менчик департаментинин балансасында турган  шаардык мончонунун артындагы котлаваны казылып, бирок курулушу  толук бүтпөй калган бассейнди толук реконструкциядан өткөрүү ыңгайлуу экендигин жана  бассейндин курулуш иштерине  талап кылынуучу акча каражаттын   50 пайызын облустук өнүктүрүү фондусунан, ал эми 50 пайызын Нарын райондор аралык  жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмеси тарабынан  каржылана тургандыгын билдирүү менен шаардык мончону оперативдик башкаруу укугуна берүү боюнча кайрылышкан.

            Бирок, буга чейин шаардык мончо  муниципалдык менчик департаментинин балансасында болуп, жылуулук камсыздоо  ишканасы ижара төлөө укугу менен иш жүргүзүп келген.

            Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатор Канатбек Камбарбекович Муратбековдун, Нарын шаарынын мэри Б.С.Жээналиевдин жана Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесинин директору У.Ж.Айтиевдин сессияга жазаган маалыматтарын угуп, талкуулап депутаттар шаардык мончо Нарын шаардык мэриясынын  15-март 2011-жылдагы №73 «Б» буйругунун  жана Нарын шаардык ММД нин эки тараптуу келишиминин негизинде 5 жылдык мөөнөткө  чарба жүргүзүү укугу менен убактылуу  ижарага  пайдаланууга берилгендигин белгилөө менен мөөнөтүн узартып берүү  керектигин жана ижарага акы төлөө укугуна берүү боюнча бир пикирге токтошту.

            Бул маселени талкуулоодогу  депутаттардын сунушунун жана Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык   менчик жөнүндөгү» Мыйзамынын 15-беренесине ылайык депутаттардын шаардык Кеңешинин сессиясы

           

                                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Нарын шаардык мончосундагы курулушу толук бүтпөй калган бассейндин курулушун толук бүткөрүү жана азыркы заманбап шартына ылайыктуу бассейн куруу үчүн Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги шаардык мончосу Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесине ижара төлөө укугу менен 15 жылдык мөөнөткө  берүүгө макулдук берилсин.

2.Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги шаардык мончону Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк бирикмесине 15 жылдык мөөнөткө  ижара төлөө укугу менен берүүдө Мыйзамга ылайык эки тараптуу келишим түзүү,  шаардык мэрияга (Б.Жээналиев), шаардык муниципалдык менчик департаментине (Н.Максуталиев), Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк  бирикмесине (У.Айтиев) милдеттендирилсин.

3. Нарын шаардык мончосуна бассейин куруу  иштерин  бүткөрүүгө бир жарым жылдык  мөөнөтүн (18 ай)  белгилөө менен келишим түзүү  шаардык муниципалдык менчик департаментине (Н.Максуталиев), Нарын райондор аралык жылуулук камсыздоо өндүрүштүк  бирикмесине (У.Айтиев)  тапшырылсын. Эгер белгиленген мөөнөттө курулуш иштери бүткөрүлбөсө, ушул токтомдун 1-пункту күчүн жоготту деп табылсын.  

 

          Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин

           төрагасы                                                                                                                                        А.Көкөтаев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, муниципалдык менчик департаментине,     шаардык жылуулук камсыздоо бирикмесине 

Обсуждение закрыто.