ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН

XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXII СЕССИЯСЫНЫН

 

№ 4 ТОКТОМУ

 

 

21-январь  2012-жыл                                                                                                                                                                                                       Нарын шаары

 

 

Нарын шаарында ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутууга имарат чечип берүү жөнүндө

 

            Латвиялык «Портадж» асоцияциясы Кыргызстанда мҮмкҮнчҮлҮгҮ чектелген балдардын укугун коргоо боюнча долбоор сунушташып, бул долбоорду Кыргыз Республикасынын ӨкмөтҮ колдоого алып,  долбоордун алкагында Нарын, Ысык-көл, Ош облустарында атайын окутуу реабилитациялык борборлорду ачууну максат кылышкан. «Портадж» долбоорунун негизинде Нарын шаарында семинар уюштурулуп, семинардын негизги  демилгечи тобу Латвиялык «Портадж» ассоцияциясы болгон. Долбоордун негизги максаты  ден соолугу боюнча мҮмкҮнчҮлҮгҮ чектелген балдарга эрте жашында  кам көрҮҮ.

 Латвиялык «Портадж» асоцияциясы жана КР Социалдык  коргоо министирлиги тарабынан Реабилитациялык борборду Нарын шаарында  ачуу колдоого алынып пилоттук долбоорго киргизилген.

Реабилитациялык борбордо балдарды окутууга керектҮҮ жабдыктар менен камсыз кылууну Кумтөр Оперейтинг Компаниясы, ал эми окутуучулардын эмгек акысы Социалдык коргоо министирлиги тарабынан чечилҮҮдө.

            Нарын шаардык мэриясы  жогорудагы шарттарды белгилөө менен бул реабилитациялык  борборду ачууга шаардагы №5 К.Жакыпов орто мектебинин пайдаланылбаган окуу бөлмөлөрҮн аренда акысыз    чечип берҮҮ жөнҮндө шаардык Кеңешке №03" 18.01.12 сунуш каты менен кайрылышкан.

Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы «Билим, илим  жана маданият, саламаттыкты сактоо, гендердик саясат, улуттук каада-салттарды өнҮктҮрҮҮ, эмгек, калкты социалдык жактан коргоо»  боюнча туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, комиссиянын отурумунда каралган.

            Нарын шаарында ден соолугу боюнча мҮмкҮнчҮлҮгҮ чектелген балдарды окутууга имарат чечип берҮҮ жөнҮндө шаардык мэриянын жана туруктуу комиссиянын сунуштарынын  негизинде Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Кыргыз Республикасынын «МҮлккө муниципалдык менчик» жөнҮндөгҮ Мыйзамынын 15-16- беренелерине ылайык №5 К.Жакыпов орто мектебинин пайдаланылбаган окуу бөлмөлөрҮн аренда акысыз   5 жылдык мөөнөткө  Нарын шаарында ден соолугу боюнча мҮмкҮнчҮлҮгҮ чектелген балдарды окутуучу реабилитациялык борборду ачууга берилсин.

 

  1. №5 К.Жакыпов орто мектебинин пайдаланылбаган окуу бөлмөлөрҮн аренда акысыз   5 жылдык мөөнөткө  Нарын шаарында ден соолугу боюнча мҮмкҮнчҮлҮгҮ чектелген балдарды окутуучу реабилитациялык борборду ачуу ҮчҮн берҮҮдө Мыйзамга ылайык тараптар ортосунда келишим тҮзҮҮ жана келишимде көрсөтҮлгөн талаптардын аткарылышына көзөмөл кылуу Нарын шаардык мэриясынын вице мэри  Ч.Абдыраимакуновага милдеттендирилсин.

 

         Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин

          төрагасы                                                                                             А.Көкөтаев

 

ЖөнөтҮлсҮн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, К.Жакыпов орто мектебине.

Добавить комментарий