ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН             

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXII СЕССИЯСЫНЫН

 

       №  3 ТОКТОМУ

 

21-январь    2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

 

Нарын шаарындагы Баткен коогалыңынын       катышуучуларына  материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө

 

Нарын шаардык Кеңешине Нарын шаардык, райондук Баткен коогалаңынын ветерандар союзунун төрагасынан  кайрылуу кат  келип, ал катта 1999-2000-жылдары  Баткен коогалаңында курман болгон жоокерлерге мамлекет тарабынан эч кандай колдоо көрсөтүлбөй келгендигин билдирген.  Коогалаңда Мекени үчүн кызмат өтөгөн жоокерлерге көңүл бурулбай келгендигин белгилөө менен  аларга жергиликтүү бийлик жана  эл өкүлү болуп шайланган жергиликтүү Кеңештин депутаттары тарабынан колдоо көрсөтүүсүн өтүнүшкөн.

Нарын шаардык калкты социалдык коргоо башкармасы   Баткен окуясынын 55 катышуучусуна жылына бир жолу 1000 сомдон материалдык жардам, ал эми ушул коогалаңда 20 жаш курагында баатырларча курман болгон Нарын шаарынын кулуну Муканбет уулу Уландын үй бүлөсүнө 3000 сом өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам берилсе деген сунуш каты менен шаардык Кеңешке кайрылган.

Бул сунуш каттар  шаардык Кеңештин алдындагы туруктуу комиссиялардын депутаттарынын  жана шаардык финансы бөлүмүнүн кароосуна коюлуп, Баткен коогалаңынын катышуучуларына жылына бир жолу жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык колдоо көрсөтүүнү сессияга жалпы депутаттардын кароосуна сунуш кылынды.

Нарын шаардык  Баткен коогалаңынын ветерандар союзунун,  шаардык  калкты социалдык коргоо башкармалыгынын, шаардык финансы бөлүмүнүн, шаардык Кеңештин депутаттарынын сунуштарынын    жана  Кыргыз Республикасынын 8-май 1996-жылдагы  №14 «Согуштун ветерандары, куралдуу күчтөр жана тылдагы эмгекчилер жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                                            ТОКТОМ  КЫЛАТ

1.      Баткен коогалаңынын катышуучуларына материалдык колдоо көрсөтүү максатында Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен  ар жыл сайын жылына бир жолу  1000 сомдон (бир миң сом)  жана ушул коогалаңда 20 жаш курагында каза болгон Мукамбет уулу Уландын үй бүлөсүнө 3000 сом ( үч миң сом)  өлчөмүндө акча каражаты берилсин.

 

2.      Бул акча каражаттын каржылоосун жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактап киргизүү шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов),  Нарын  шаарында жашаган  Баткен коогалаңынын катышуучуларынын  санын жашаган дареги менен тактап чыгуу шаардык калкты социалдык коргоо башкармасына (Э.Мусаев)  жана шаардык бириктирилген Аскер комиссариатына ( Ж.Шайкидинов) тапшырылсын.

 

3.      Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык мэрия (Б.Жээналиевге) милдеттендирилсин.

 

 

       Депутаттардын

Нарын шаардык кеңешинин

         төрагасы                                                                                        А.Көкөтаев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын шаардык Баткен коогалаңынын ветерандар союзуна, шаардык финансы бөлүмүнө, шаардык калкты социалдык коргоо башкармасына, бириктирилген Аскер комиссариатына  

Обсуждение закрыто.