ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXVI СЕССИЯСЫНЫН
№ 4/1 ТОКТОМУ
15-октябрь 2012-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы троллейбус ДЭПОсунун 1986-жылы өндүрүштөн чыккан троллейбусун балансадан чыгарууга макулдук берүү жөнүндө
Нарын троллейбус ДЭПОсу шаардык Кеңешке мекеменин балансасында турган 1986-жылы өндүрүштөн чыккан ЗИУ-9 инвентарь №007 үлгүсүндөгү троллейбусту көп жылдан бери пайдаланууда жүрүп, өндүрүшкө пайдаланууга мүмкүн болбой, ремонт жасоого көп акча каражатын талап кылгандыктан, сессияда карап, чыгыштап берүү боюнча 2012-жыддын 5-майында № 5 чыгыш каты менен кайрылган.Аталган троллейбусту чыгыштоо боюнча шаардык мэриянын жана тиешелүү мекеменин өкүлдөрү катышкан комиссия түзүлүп комиссия жеринде троллейбустун техникалык абалын карап, акт түзүлгөн.Жогорудагы түзүлгөн комиссиялардын түзгөн актысынын жана туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Нарын троллейбус ДЭПОсунун балансасында турган 1986-жылы өндүрүштөн чыккан ЗИУ-9 инвентарь № 007 троллейбусу комиссиялардын түзгөн актысынын жана троллейбус ДЭПОсунун сунуш каттарынын негизинде балансадан чыгышталсын.
- 1986-жылы өндүрүштөн чыккан ЗИУ-9 инвентарь № 007 троллейбусунун жарактуу тетиктери өндүрүшкө пайдаланылсын, ал эми жараксыз тетиктери металлом катары сатылып, акча каражаты мекеменин кассасына кириштелсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын биринчи вице мэрии А.Сурановго тапшырылсын.
Депутаттардын
Нарын шаардык кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: Иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга,троллейбус ДЭПОсуна