Депутаттардын Нарын шаардык Кещешинин 11.04.2012-жылдагы 25-чакырылыштагы 23-сессияссынын №4токтомуна№2 тиркеме

«Жеңилдетилген типтеги обьектер үчүн  Нарын шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер тилкелерине                                                 ижара укутарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө»      ЖОБОСУ

                                                                                                                                Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 11.04.2012-                                                                                                                      жылдагы    25-чакырылыштагы      23-сессияссынын       №4токтомуна№2 тиркеме  

 

 

              

 

«Жеңилдетилген типтеги обьектер үчүн  Нарын шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер тилкелерине                                                 ижара укутарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө»                                                                                          ЖОБОСУ

 

1. Жалпы жоболор

2. Бул жободо колдонулган түшүнүктөр

3. Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары, катышуучулары жана предмети

4. Жер тилкелерине  укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары

5. Жер тилкелерди  тандоо жана аны даярдоо тартиби

6. Тооруктарды жана туз сатууларды өткөрүүнүн тартиби

7. Өткөрүлгөн тооруктардын жана түз сатуулардын жыйынтыктары боюнча 

   документтерди тариздөөнүн тартиби

8. Ижара акыларды төлөө, эсептөө шарттары жана тартиби

9. Жеңилдетилген типтеги обьектилерди ордунан алып салуу

 

                                                                 I. Жалпы жоболор

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы N 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине  менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары» жөнүндө  Жобонун негизинде  иштелип чыкты жана муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине (мындан ары-жер участкалары) жеңилдетилген типтеги обьекттер үчүн Нарын шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер тилкелерине ижара укуктарды  берүү тартибин  жана шарттарын белгилейт.

 

II. Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр

2. Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр:

жерлерди ижаралоо — менчик ээсинин жер пайдалануучунун (ижарага берүүчүнүн) жер тилкесин  ижарачыга тийиштүү акысына белгилүү бир убакытка пайдалануу укугу менен бериши;

аукцион — тооруктун түрү, мында баарынан кымбат бааны сунуштаган жак утат;

гарантиялык взнос — жер тилкесине  укукту алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер төгүүчү акчанын суммасы;

шаар куруу регламенти — шаардык жана айылдык калктуу конуштарда конуш куруу ишин жүргүзүүдө шаар куруу документтеринде, курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринде жана жер тилкелерди, кыймылсыз мүлктүн башка обьекттерин уруксат менен пайдалануунун аныкталган параметрлери менен түрлөрүнүн жыйнагы;

шаар куруу документтери — калктуу конуштарды пландоонун структурасынын райондук пландарынын документтери, башкы пландары, чектерге бөлүштүрүүнүн, кварталдарды, тоомдорду жана башка курулуш куру долбоорунун элементтери;

конкурс — сатып алуучулардан тооруктун предметине карата тийиштүү шарттарды аткаруу менен тооруктун предметин сатуу;

лот — алуу укугу тоорукка коюлган конкреттүү жер участогу;

кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочу — кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча атайын адистикке окуганы жөнүндө тийиштүү сертификатты аныкталган тартипте алган жана баа берилчү обьектиге карата уюштуруучусу, менчик ээси, акционери, мүлктүк кызыкчылыгы бар жак болбогон, ал адамдар менен жакын туугандык мамилеси жок адам;

жеңилдетилген обьектижылдырма, ташылуулучу  палаткалар, күркөөлөр,лотоктор, павильондор, жайкы аянттар, бастырмалар, жарыя конструкциялар, суусундуктарды  ташып сатылуучу (мобилдик) күркөөлөр, сатураторлор, коомдук тамак аш сатуучу күркөлөр, уюлдук байланыштардын мунааралы жана башка курулуштар, курулмалар, ошондой эле автобус аялдамаларындагы курулуштар:

түз сатуу — жеке адамдарга жана юридикалык жактарга (арыз бергендерге) жер тилкесине менчик же ижара укугун тоорук өткөрбөстөн түз сүйлөшүү жүргүзүү жолу менен берүү ыкмасы;

жер тилкесин жана башка кыймылсыз обьектилерди уруксат менен пайдалануу — кыймылсыз мүлк обүектилерин калктуу конуштардын шаар куруу документтери жана жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелери менен белгиленген шаар куруу регламенттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген чектөөлөргө жана сервитуттарга ылайык пайдалануу;

муниципалдык ыйгарым укуктуу орган — жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө ыйгарым укук берилген бөлүгү.

фактическая границабелгиленген үлгүдөгү чектерге бөлүштүрүүчү белгиси менен жеринде бекитилбеген, 1:200, 1:500 масштабта аткарылган, жер тилкесинин чек арасы.

фиксированная границабелгилүү координаттары менен бар болгон баардык тегеректүү чекиттер, юридикалык документтердин негизинде, капиталдык имараттарга жана курулмаларга байлаштырылган, белгиленген үлгүдөгү чектерге бөлүштүрүүчү белгиси менен жеринде бекитилген жер тилкесинин чек арасы.

жерлердин максаттуу пайдаланылышы — жер тилкесин жер тилкесине  болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу:

 

 

 

III. Тооруктун жана түз сатуунун уюштуруучулары, катышуучулары жана предмети

3. Кыргыз Республикасынын физикалык жана юридикалык жактарына, ошондой эле чет мамлекеттин физикалык жана юридикалык жактарына жеңилдетилген типтеги обьектилерди жер тилкесине  коюуга укук берилет.

4. Жеңилдетилген типтеги обьектилерге жер тилкесин  ижара берүү укугу ачык тоорукта берилет.

5. Жер тилкесин  ижаралоо укугун жер комиссиясынын чечими менен  жеке жана юридикалык жактарга төмөнкүдөй учурларда түз сатуу жолу менен берет, эгерде:

а)  мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер тилкесинде имараттар жана курулмалар, анын ичинде курулушу бүтө электери бар болсо жана алар ошол адамдарга менчик укугунда таандык болсо;

б) жер тилкеси  ачык тоорукка эки жолу белгиленген тартипте коюлса жана ижарага берилбесе;

в) жер тилкеси  ал жактарга менчик укугунда таандык имараттын жана курулманын четине тийишип (чектешип) турса, ал обьекттерге кирүүчү топту куруу, абаттоо же обьекттин аянтын кеңейтүү максатында кошуп куруу үчүн ал жер тилкеси  козголбос мүлктүн өз алдынча бирдиги катары түзүлүшү мүмкүн эмес болсо жана андай жер тилкесине  укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болгон шартта;

г) жер тилкеси менчик укугуна таандык имараттын жана курулманын четинде тийишип (чектешип) турса же ал имараттардын жана курулмалардын жанына жакын жайгашкан жана аларды тейлөө үчүн транспорту коюучу жайларды уюштуруу керек болсо, андай жер тилкесине укукту үчүнчү жактарга берүү көрсөтүлгөн имараттардын жана курулмалардын менчик ээлеринин укуктары бузулушуна алып келиши ыктымал болгон шартта;

Эгер укук берилип жаткан жер тилкесине мурда документ түзүлгөн болсо, бирок ижара келишим жок болсо, анда комиссия ижара келишимин түзүүгө чечим чыгаруусу мүмкүн.

6. Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруусу ушул Жобого ылайык, депутаттарынын Нарын шаардык Кенешинин токтому менен бекитилген Нарын шаарынын  «Курулуш куру жана жер пайдадалануу» комиссиясы  жөнүндөгү  Жобонун негизинде, жерге укукту берүү боюнча комиссия (мындан ары — комиссия) жүргүзөт.

Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын,  коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын Нарын шаардык мэриясынын  сунушу боюнча бекитет.

Комиссиянын чечимдери мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышканда кворум болсо добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калса комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болот. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана жыйынга катышкан мүчөлөрү кол коюшат.

7. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

а) жер тилкесине менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим чыгарат;

б) жер тилкесине укуктун (менчик, ижара) түрүн, аны берүүнүн ыкмасын (аукцион, конкурс, түз сатуу) аныктайт; аукциондук кадамды (аукцион өткөрүлсө) же конкурстун шарттарын (конкурс өткөрүлгөн учурда) аныктайт;

в) сатуу жөнүндө түз сүйлөшүү жүргүзүү үчүн лоттун же жер тилкесинин  старттык баасын белгилейт;

г) белгиленген тартипте тооруктун жыйынтыгын аныктайт;

д) жер тилкесине  укук берүүгө байланышкан башка маселелерди ушул Жободо жана башка нормативдик укуктук актыларда каралган компетенциясынын чегинде карайт.

Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:

а) Нарын шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан, бөлүмдөрүнөн жана чарба жүргүзүп жаткан субьекттерден отурумда карала турган маселелерге таандык документтерди, корутундуларды, экспертизанын актыларын жана башка материалдарды алууга;

б) ижара келишимдерин түзүүгө баш тарткандыгы тууралуу  чечим чыгарууга;

в) комиссиянын тийштүү чечимдерин даярдоо иштерине экспертерди (көз караандусуз эксперди дагы) катыштырууга,

г) комиссиянын ишмердүүлүгү боюнча жергиликтүү массалык каражаттарда чалгындыруу;

д) жер тилкесине укуктарды берүү процессинде өз компетенциясынын чегинде, ушул Жобонун жана башка нормативдик укук актыларына ылайык башка маселелерди карайт.

8.  Жер тилкесин жеңилдетилген типтеги обьектиге ижара укугун берүү тооруктун жана түз сатуунун предмети болуп эсептелинет.

IV. Жер тилкесине укуктарды берүүнүн өзгөчө шарттары

9. Жер тилкелери 3  жылга чейинки кыска мөөнөттүү же 6 айга чейин убактылуу жана сезондук убакка пайдаланууга ижарага берилет.Ушул Жобонун 3-главасынын 5-пункутунун в) жана г) пункутчаларына ыйлайык жер тилкелери түзүлүп жаткан учурда аны убактылуу жана сезондук убакка пайдаланууга ижарага бериле турганда муниципалдык менчик департаментинин убактылуу келишими түзүлөт.Жер комиссиясынын чечими менен ижара мөөнөтү узартылышы мүмкүн.

10. Жеңилдетилген обьектилерге жер тилкесин ижарага коюу тизмесин Муниципалдык менчик департаменти тарабынан түзүлөт.

Бул тизмеге мурун эле жеңилдетилген типтеги обьектилер ижарага берилгени жана жаңы бериле турчу жер тилкелери киргизилет.

11. Ушул Жобого ылайык жер тилкелерине укуктуу болууга мүмкүн , эгерде жер тилкеси ошол учурга толук топтолсо.

Жер тилкелери төмөнкүдөй учурларда түзүлдү деп эсептелинет, эгерде:

а) жер тилкелери үчүнчү жактардын укуктарынан бош болсо;

б) жер тилкелеринин чек аралары анык болгон учурда;

 

 

 

в)  Берилген тартипте жерди пайдаланууга уруксат берилбегендигинин багытынын түрлөрү же бир багытта пайдалануунун түрү болсо, ошондой эле шаар куруу регламенттери болсо;

12. Жер тилкелеринин аянтынын  өлчөмү, Нарын шаарынын генералдык планынын, башка шаар куруу ченемдеринин  жана эрежелеринин негизинде муниципалдык менчик департамент тарабынан аныкталат.

 

13. Жер тилкесинен максималдуу пайда алуу жагын жана муниципалдык менчикти эффективдүү башкаруусун камсыз кылуусу ар бир жер тилкеси боюнча ижарага берүү мөөнөтүн комиссия аныктайт.

14. Жер тилкесинин  ижара акысын Комиссия аныктайт.

 

15. Ижарага бериле турчу жер участоктун старттык баасы ушул Жобонун негизинде муниципалдык менчик департамент тарабынан белгиленет жана ижара акынын акыркы баасын бекиткенге комиссиянын  кароосуна сунуштайт.

 

V. Жер тилкесин тандоо жана аны даярдоо тартиби

16. Муниципалдык менчик департаментинин өтүнүчү  менен женилдетилген обьектилерди ижарага берүү   шартын  Нарын шаардык архитектура башкармалыгы жер участогун тандап корутунду даярдайт.

Корутунда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:

а) жертилкеси  Нарын шаарынын генералдык планына, башка шаар куруу иш кагаздарына , ошондой эле курулуш нормаларына  жана эрежелерине ылайык жайгаштырышы;

б) жер тилкесинин  долбоорго ылайык чек арасы  жана шаар куруу регламенти бар болушу;

в) жеңилдетилген типтеги обьектини жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жөнүндө сунушу.

17. Нарын шаардык архитектура башкармалыгы жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына  тандалган жер тилкеси  боюнча маалымат берип коюу жөнүндө суроо жиберет.

Суроодо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) каралуучу жер тилкесинин  укуктук статусу;

б) сервитут, оорчулуктар жана чектөөлөр бар же жок экендиги;

в) башка жактардын мүлккө укуктугу;

г) чектөөлөргө бөлүштүрүүчү белгилери же аныкталган чекиттери бар болушу; 

д) имараттардын, курулуштардын  жана башка курулмалардын бар болушу.

Эгерде үчүнчү жак, ошондой эле оорчулуктар жана чектөөлөр   бар болсо  берилүүчү маалыматка үчүнчү жак, ошндой эле оорчулуктар жана чектөөлөрдү көрсөтүү менен схеманы тиркеп берет.

Нарын шаардык архитектурасынын суроосу боюнча жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына 5 күндүн ичинде тиешелүү маалыматты тапшырат.

18. Нарын шаардык архитектурасы берген кортундусуна жер жер тилкесинин планы менен  жеңилдетилген типтеги обьектинин  жайгаштырылганын көрсөтүлгөн чиймесин (картасын, схемасын) тиркеп берет. Бул корутундуга графиктик жана тексттик иш кагаздарынын  материалдары топтолот.Буга  төмөнкүлөр камтылат:

а) жер тилкесинин кимге  таандыгы;

б) жер участоктун жайгаштырылган дареги жана аянттын өлчөмү;

в) топографиялык негизде 1:200 ; 1:500 масштабда аткарылган жер тилкесинин  чийимеси. Анда төмөндөгүлөр чийилип көрсөтүлөт:

— координаттык чекиттери жана кыймылсыз мүлккө жер тилкесинин  чек арасына  байланыштыруу менен жер тилкелеринин  чек арасын көрсөтүү;

— азыркы учурда турган курулуштар, анын ичинде курулуш куруу жана жерди пайдалануу эрежелеринин талаптарына жооп бербеген курулуштар;

— жер тилкесине курулган инженердик-техникалык коммуникациялардын трассасы;

— сервитуттардын жана чектөөлөрдүн баяндоосу;

— жеңилдетилген типтеги обьектилердин жайгаштырылган долбоору.

Эгерде жер тилкеси  тийиштүү чектөөлөр бар зонада болсо, анда төмөнкү кошумча шаар курулуш регламенттери колдонулат:

а) тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо шарттары боюнча;

б) курулуштарды куруунун жана жер пайдалануунун сантардык , сууну коргоочу жана экологиялык шарттары боюнча.

Нарын шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгы жер аянтынын планын жана жер тилкесинин  корутундусун 5 жумушчу күндүн ичинде Нарын шаардык Муниципалдык менчик департаментине жиберет.

19. Жер тилкесин  ижарага берүү үчүн  шаардык муниципалдык менчик департаменти жер тилкесине  укукту берүүнүн ыкмасын, тооруктун түрүн (аукцион, конкурс, түз сатуу ж.б.) аныктоо үчүн  жер комиссиясынын кароосуна коет, ошондой эле  жер тилкесинин  баштапкы баасын же старттык баасын бекитүүгө жиберет.

Эгерде шаардык муниципалдык менчик департамент  берилген жер тилкесинин планы жана корутундусу менен макул болбогон учурда, анда алар Нарын шаардык архитектура башкармалыгына кайтаруунун себептерин көрсөтүү менен кайра карап чыгуу үчүн жиберет.

20. Жер тилкесин  ижарага алуу үчүн жеке жана юридикалык жактар ыйгарым укуктуу органга арызы менен кайрылышат.

Жеке жана юридикалык жактардын арызында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

— арыз ээси жөнүндө маалымат (жеке жактын аты, атасынын аты , юридикалык жактар үчүн ал чет өлкөлүк эмес экендиги кошумча көрсөтүлөт);

— жер тилкесинин  жайгашкан жери, болжолдуу өлчөмү же ал жер боюнча  кыскача мүнөздөмө;

— жер тилкесинин пайдалануусу боюнча маалымат.

 

 21.  Шаардык муниципалдык менчик департамент  арызды 3 күндүн ичинде карап чыгып, өтүнүчтү Нарын шаардык архитектура башкармалыгына  жиберет. Андан ары жер тилкесин  даярдап жана ижарага берүү ушул Жобнун негизинде аткарылат.

Муниципалдык менчик департамент  белгиленген тартипте арыз ээсине комиссиянын жыйнтыгы боюнча маалым кат жиберет.

22. Нарын шаардык мэриясы жер аянтына женилдетилген типтеги обьектини (павильон, контейнер, киоск, ж.б.у.с)  жайгаштыруу  үчүн   комиссиянын кароосуна коюуга  тиешелүү органдар менен макулдашуу үчүн долбоор даярдалуусуна алдын ала макулдук берет.

Жер тилкеси  боюнча тиешелүү органдар, кызматтар менен  макулдашуу үчүн даярдалган долбоорго кеткен чыгымдар  арыз ээсинин эсебинен каржыланат.

         23.  Муниципалдык менчик департаменттин сунушу менен комиссия тарабынан  ар бир  тоорукка кепилдик (гарантиялык) взностун өлчөмү , аны  тоорукка катышуучулар тарабынан төлөөнүн мөөнөтү, аукциондун кадамы ( аукцион өткөрүлө турган болсо) же конкурстун шарты ( конкурс өткөрүлө турган болсо),   төлөөнүн түрү аныкталат.

     

  24. Муниципалдык менчик департамент  тоорук өткөрүлөөрдөн  30 күндөн кем эмес убакытта,  массалык маалымдоо каражаттарына жарыялайт жана жалпыга көрүнөө жердеги атайын такталарга тооруктун өткөрүлгүндөгү тууралуу билдирүүсүн жайгаштырат.

Билдирүүдө тооруктун боло турган күнү, убактысы, орду жана формасы, анын ичинде тоорукка катышуучу үчүн документтерди топтоосу, ошондой эле тооруктун баштапкы баасы, гарантиялык жана камиссиондук  мүчөлүк акынын  которулуп төлөнүшү боюнча  банктык эсеби, тооруктук предметтин старттык баасы, жер тилкесинин  берилүү мөөнөтү, арыздарды кабыл алуунун аякталышы, толук маалымат алуу үчүн  муниципалдык менчик департаментинин байланыш телефондору  жана дареги.

 

VI. Тооруктарды жана түз сатууларды өткөрүүнүн тартиби

25.   Муниципалдык менчик департаменти  катышуучулар үчүн, ушул Жободо корсөтүлгөндөй документтердин тобун даярдайт, анда төмөндөгүлөр камтылат: тооруктун аталышы, аукцион менен конкурстун шарттары;,графикалык жана тексттик материалдары.

Тоорукта обьекттер "бир номер — бир лот" деген схема боюнча берилет.

26. Тооруктар төмөндөгү формада өткөрүлөт:

а) ачык аукцион

Аукционду комиссия дайындоочу аукциончу өткөрөт. Аукциончу тооруктун предметин, анын сатуунун жана кадамынын шартын айтып берет. Тоорук башталганга чейин ар бир лот боюнча комиссия тооруктун кадамын аныктайт.

Аукциондо тооруктун башталышы болуп аукциончу лоттун номерин, тооруктун предметинин старттык баасын жана аукциондук кадамды жарыялаган учурдан баштап  эсептелинет.

Эгер аукциондун жүрүшүндө старттык баа 3 жолу жарыялангандан кийин тооруктун предметин алууга даяр сатып алуучу чыкпаса аукциончу старттык бааны 10 проценттен ашык эмес арзандатууга укуктуу.

Лоттун  старттык баасы боюнча алууну каалаган аукциондун катышуучусу, аукциончуга өз номерин каратып  көтөрүп, лотту айтылган баасы боюнча алууга макулдугун билдирет.

Эгер аукциончу акыркы бааны 3  жолу жарыялагандан кийин,  катышуучулардын бири андан ашыгыраак бааны сунуш кылбаса, аукциончу балканы уруу менен тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган катышуучу сатып алганы жөнүндө жарыялайт.

б) Конкурстун шарты чапталган конвертте сунушталат.

Тоорукка коюлуп жаткан жер тилкесин  белгилүү шартта пайдалануусун, комиссия  конкурс түрүндө  тоорукту өткөрүүгө  чечим кабыл алышы мүмкүн.

Конкурсту жарыялоого чейин комиссия конкурстун шартын аныктайт.

 Конкурска катышуучу билдирүүдө жана маалымат  пакеттинде  көрсөтүлгөн конкурстун шарттарына ылайыктуу конкурстук сунушун конкурс өткөрүлчү күнү, белгиленген убакыттан кечиктирбестен жер комиссиясынын отурумуна  чапталган конвертти тапшырат.

Бир лот боюнча бир катышуучудан, бир гана конкурстук сунуш берилиши мүмкүн.

Конверттеги  конкурстук сунуштарда  төмөнкүлөр  болушу керек:

а) Эскиздик сунуш;

б) Комиссия  аныктаган конкурстун шартына туура келген, инвестициялык жана башка сунуштар;

      Эскиздик сунуштарда төмөнкүлөр болушу керек.

а)  Долбоор , архитектуранын  титулдук баракчасы,  лизензиясын  көрсөтүү менен

б) ведомосттун барактары, жалпы маалымат;

в) опорный планы ( 1: 500 масштаб)

г) башкы планы ( 1: 100 масштаб)

д ) жашылдандыруунун ,  көрктөндүрүүнүн  планы ( 1: 100 масштаб)

е)келечектеги көрүнүшү ( перспектива), сүрөттөп көргөтүү ( 3Д- аксометрия) , кино көрсөтүү (ракурс)

Конкурстук сунуштардын конверттен  алынып окулушу  конкурстук сунуштар кабыл алынып бүткөндөн кийин жана конкурска катышуучуларды каттап бүткөндөн кийин конкурстун катышуучуларынын же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн көзүнчө ачылат.

Комиссия түшкөн конкурстук сунуштарды кезеги менен ачат, конкурска катышуучунун номерин, аты-жөнүн же аталышын, конкурстун катышуучусу сунуш кылган негизги конкурстун шарттарын (анын ичинде жер тилкесинин баасын же ижара акысынын өлчөмүн) айтат, конкурстун сунуштары ачуунун жыйынтыгын протоколго жазат жана түшкөн конкурстук сунуштарды баалоого киришет.

Конкурстук сунуштардын конверти ачылган күнү, конкурсту өткөрүү жөнүндөгү иш кагаздарда көрсөтүлгөндөй  белгиленген критерийлер боюнча, конкурстук сунуштарын баалоосу жүргүзүлөт. Нарын шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын    кызыктары приоритеттүү болот (артыкчылыкка ээ болот)

а) эң мыкты эскиздик сунуштар;

           б) конкурстук сунушта көрсөтүлгөн   эң мыкты шартты сунуштагандар жана инвестициялык сунуштарды бергендер;

Өзгөчө учурларда, конкурстук сунуштарды баалоо үчүн кошумча убакыт керек болгондо, жер комиссиясы конкурсту өткөрүү убагын келерки комиссиянын отурумунун кароороосуна калтырылышы мүмкүн.Бул учурда конкурстук  сунуштарды ачышып, анын жыйынтыгы жазылуучу протоколго келерки комиссиянын отурумунда карала тургандыгы жөнүндө жазышат.Бул протоколго комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун катышуучулары кол коюушат. Мунун негизинде жер комиссиясы  көрсөтүлгөн эскизди сунуштарга кошумча  баалоо алыш үчүн Нарын шаардык архитектура башкармалыгына аны жибериши мүмкүн. Жер комиссиясы алган сунуштарды баалоо учурунда  конкурстук сунуштарды берген катышуучулардын сунуштары жөнүндө түшүндүрмө алууга укуктуу.

  27.  Тоорукка катышууга укук  алуу үчүн  талапкер тоорукту уюштуруучуга   төмөнкү документтерди   тапшырат :

а)    жер тилкесин көрсөтүү менен белгиленген формадагы жазуу жүзүндөгү арызы;

б)   жеке жактын өздүгүн аныктаган документ же  юридикалык жактын атынан  катышууга укугу жөнүндө   ишеним кат;

в)  гарантиялык жана комиссиялык жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө  төлөө документи.

28.  Тоорукка катышуучу төмөндөгүлөргө укуктуу :

а)   өзү же өзүнүн өкүлдөрү  аркылуу   тоорукка катышууга;

б)   тооруктун предмети жөнүндө акысыз толук маалымат  алууга ;

в)   тооруктун предмети менен таанышуу жана карап чыгууга;

г)   тоорукка катышуудан баш тартууга, тооруктун өткөрүлүшүнө 3 күн калганга чейин тооруктун  уюштуруучусуна   бул жөнүндө кабар берүүгө. Булар аткарылбаса гарантиялык төлөм кайтарылып берилбейт.

д)   тооруктун катышуучусу катары  анын укугу бузулса, сот органдарына  кайрылууга.

29.  Тоорукту өткөрүүгө 5 күн калганда  муниципалдык менчик департаменти  тарабынан аукционго , конкурска, тоорукка катышуу боюнча жазылган  арыздардын  каттоосу токтотулат. Тооруктун предметине берилген бир гана арыз тоорукка катышуудан алынат жана кийинки боло турган тоорукка коюлат.

 Эгерде тооруктун предметине бир эле арыз берилсе же болбосо, тоорук өткөрүлдү деп эсептелбесе комиссия  баштапкы ижара акы төлөөсүн 25 % ке чейин төмөндөтүүгө укуктуу.

30. Муниципалдык менчик департамент аукцион өткөргөнгө 3 күн калганга чейин каалаган  убагында  аукционду өткөрүүгө, ал эми конкурс өткөрүлгөнгө чейин 30 күн калганда баш тартууга укуктуу.

Аукционду жана конкурсту өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндөгү  себептерин көрсөтүү менен атайын протокол түзүлөт.

Муниципалдык менчик департаментинин тооруктан баш тартуусу жөнүндөгү себептерин көрсөтүү менен тооруктун катышуучуларына билдирүү берет. Бул учурда тооруктун катышуучусуна кепилдик төлөм кайтарылып берилет.

31. Жеке жана юридикалык жактардын арызынын негизинде ушул Жобонун талаптарына ылайык  даярдалган  жер тилкелери  түз сатууга коюлат.

32.  Арыз берүүчү менен комиссия  сүйлөшүү   жолу аркылуу   жер тилкесин түз  сатууну жүргүзөт.

33.  Мурда убатылуу ( мөөнөттүү)  пайдаланууга  берилген жер тилкесин  ижарага пайдалануу  укугуна  түз сатууга  архитектура органынан, ошондой эле жерге жайгаштыруу башкармалыгынан    кайра кортунду  талап кылынбайт.Эгерде төмөнкүлөр мурдагыдай эле болсо:

а)  жер  тилкесинин  аянты, конфигурациясы, жайгашкан жери;

б)  пайдалануу багыты;

 

VII.  Тоорук өткөрүү жана түз сатуунун жыйынтыгы боюнча

документерди даярдоонун тартиби.

 

34. Аукционго катышуучу тооруктун жүрүшүндө акыркы  сумманы  айткан же конкурстун катышуучусу  баарынан артык сунушту берген жеңүүчүсү болуп  комиссиянын мүчөлөрү тарабынан аныкталат. Комиссиянын протоколуна комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.

35. Тооруктун предмети, сатылган тооруктун предметинин старттык жана акыркы баасы, тооруктун жеңүүчүсү жөнүндөгү  маалыматтар протоколдо көрсөтүлөт.

Комиссиянын  отурумунун протоколунун көчүрмөсү тооруктун  катышуучуларына берилет.

36. Тооруктун женүүчүсү, тооруктун жыйынтыгына макул  болбой кол коюудан  баш тартса, тоорукка катышуу укугунан ажыратылат, төгүлгөн  гарантиялык акы төлөм кайтарылып берилбейт. Бул учурда тоорук кайра улантылат.

37. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын бузуу аныкталган учурда, карасанатай атаандаштык аныкталган учурда комиссия коюлуп жаткан лотту алып салууга же лот боюнча тооруктун жыйынтыгын  келишим түзгөнгө чейин жокко чыгарууга укуктуу.

38. Тооруктун жеңүүчүсү тараптан карасанатай атаандаштык аныкталган учурда комиссия ошол лот боюнча ал тоорукка андан ары катышу  укугунан ажыратылат, ага гарантиялык акы төлөө кайра кайтарылып берилбейт.

           39. Тооруктун жеңүүчүсү  ижарага келишим түзгөнгө   чейин, гарантиялык камсыздоо катары 3 айдын ижара акысын алдын ала  муниципалдык менчик департаментинин  депозиттик эсебине  төлөөгө  тийиш.

           40. Ижарага алуучунун өз демилгеси менен келишим бузулган учурда, ал тараптан келишимдин шарттары бузулбаган болсо жана женилдетилген типтеги обьектини бузуп көчүрүп кеткенден кийин гарантиялык камсыздоо кайтарылып берилет.

           41. Ижарага алуучу тарабынан ижара келишимдин шарттары аткарылбаса ижара акысын  2 айдын  аралыгында төлөбөй койсо гарантиялык камсыздоо кайтарылып берилбейт.

        

 42. Тооруктун жыйынтыгы же түз   сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча  комиссиянын протоколунун  негизинде, протоколго кол коюлган күндөн баштап, 5 күндүн аралыгында муниципалдык менчик департамент  тарабынан ижарага берүү келишими түзүлөт.

 

                    VIII. Ижара акысын төлөөнүн жана эсептөө тартибинин шарттары.

 

43. Ижара акысын төлөө жана эсептөө  тартибин жүргүзүүнүн шарттары.

Жер тилкесин убактылуу пайдалануу үчүн, тез аранын ичинде ижарага берүүдө ижара акысын төлөө жана эсептөө шарттары төмөнкү формула менен жүргүзүлөт.

                                                                         Абө П х С

            Аб-ижара акысынын базалык өлчөмү( сом менен)

 П- жер тилкесинин аянтынын  өлчөмү ( чарчы квадрат менен)

 С- ижара акысынын өлчөмү бир  чарчы метрге (Нарын шаардык Кеңешинин токтомуна ылайык)

-уюлдук байланыш түйүндөр, мунаралар кайсыл жерде жайгаштырылбасын бир айлык ижара акы төлөөсү 3000 сомдон кем эмес эсептелинет.

-суусундуктарды сатуу,  көчмө жайлар жана сатураторлор кайсы жерде жайгаштырылбасын  ар бир айга ижара акысын төлөөсү 100 сомдон 200 сомго чейин эсептелинет.

 

44.Чет элдик жарандарга жер тилкесин убактылуу (мөөнөттүү) ижарага жана конкурс аркылуу пайдаланууга  берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү Токтомдоруна ылайык Чет элдик жарандарга ижара акысынын коэффиценти ( Кил) колдонулат.

 

·         Юридикалык жактарга (Кил)-2

·         Физикалык жактарга (Кил)-1,5


 

     45.Ижара акы төлөөнүн ченеми муниципалдык менчик департаментинин  сунушу менен Нарын шаардык Кеңеши бекитет.

    46. Нарын шаардык Кеңешинин токтомунун негизинде ижара акы төлөмдөрүнүн өлчөмдөрүн эсептөөсүн муниципалдык менчик департаменти акы ставкаларды пайдалануу менен аткарат.

   Жогорудагы көрсөтүлгөн формула жер тилкесине ижара акысын төлөөгө пайдаланылат. Мунун ичинде старттык баасы жана жер тилкесин убактылуу пайдалануудан мөөнөтүн узартууда  колдонулат. Жер салыгы эсептелинбейт.

    47. Эгерде жер тилкесин убактылуу ижарага пайдаланууга эки же андан көп пайдалануучу болсо,ал жерди өзүнчө бирдик жер тилкеси кылып бөлүп берүхүгө мүмкүнчүлүк жок болсо, анда ал жер биргелешип чогуу пайдалануучу жер тилкесине кирет.

   48. Эгерде ижара акысы убагында төлөнбөсө же укуктук жарандык келишимдердин , Соттун чечимдеринин негизинде жер участогу өткөрүлүп берилген учурда топтолгон карыздары да кийинки жер пайдалануучуга төлөөсү милдеттендирилет.

Ижара акысы өз убагында төлөнбөгөн учурда, муниципалдык менчик департамент тарабынан айып чаралар (үстөк) көрүлөт, ошондой эле алдын ала билдирүү менен инженердик-техникалык, коммуникациялардын пайдалануусу чектелиши мүмкүн.

49. Эгерде ижарачы жер пайдалануунун мөөнөтү өтүп кеткен учурда пайдалануусун уланта турган болсо, анда ижарачы жерди өткөрүп берүү учурунан пайдаланган учурга чейинки ижара акысын төлөөгө милдеттүү.

50. Жер тилкесине жана башка акы төлөөлөрдүн өлчөмү эки тараптын макулдашуусу менен жүргүзүлүшү мүмкүн, бирок Нарын шаардык Кеңешинин токтому менен бекиген тарифтерден кем эмес өлчөмү коюлат.

 


IX.                Жеңилдетилген типтеги обьектини  бузуу  же көчүрүү

               51. Жеңилдетилген типтеги обьектилер төмөндөгү учурларда  бузулат  жана көчүрүлөт:

а) жеңилдетилген типтеги обьектини  жайгаштырууга  уруксат берилген документтер толук  болбогондо же  туура эмес болгондо;

б)  жаны курулуш  курула турган учурда;

в)  соттун чечими боюнча;

Комиссиянын чечими менен төмөнкү учурларда бузулат жана көчүрүлөт;

а)  келишимдин шарттарын  бузганда;

б) ижара акысын 3 айдын ичинде төлөбөй койгон учурда;

в) архитектура жана шаар куруу нормаларына туура келбеген учурда;

г) Нарын шаарынын инфраструктурасынын өнүгүшүнө жана турмуш тиричилигин тескөөсүнө карата, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими кабыл алынган учурда;

                52. Жеңилдетилген типтеги обьектини  бузуу  же көчүрүү 10 күн мурда, алдын ала бузу же көчүрүү жөнүндө билдирүүгө ылайык жүргүзүлөт.

         Эгерде тиешелүү документтери жок жеңилдетилген типтеги обьекти ишмердүүлүк кылса, алдын ала бузу же көчүрүү жөнүндө билдирүү берүү талап кылынбайт.  

                Жеңилдетилген типтеги обьектинин ээси  табылбаган жана ээсинин кайда экендиги аныкталбаган учурда обьектини бузу же көчүрүү боюнча билдирүү обьектиге чапталып, булл жөнүндө акт жазылып Нарын шаарынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери тарабынан тарабынан кол коюлат. 

Муниципалдык менчик департаменти обьектинин  бүтүндүгүнө жана башка баалуулуктарына жоопкерчиликти албайт.

         53. Жеңилдетилген типтеги обьктини бузуу же көчүрүү билдирүүдө көрсөтүлгөн мөөнөттү аяктагандан кийин, обьектинин ээсинин же анын өкүлүнүн катышуусунда жүргүзүлөт.Бузуу же көчүрүү учурунда обьектинин ээси же анын өкүлү обьектинин ичиндеги материалдык баалуулуктарды алып бошотуусу зарыл.

 

Эгерде жеңилдетилген типтеги обьектини бузуу же көчүрүүгө обьектинин ээси же анын өкүлү тоскоолдук келтирген учурда , обьектиде болгон материалдык баалуулуктарына каттоо жүргүзүлөт жана бузуу же көчүрүү учурунда келтирилүүчү материалдык жана моралдык чыгымдар төлөнүп берилбейт ошондой эле муниципалдык менчик департаменти обьектинин бүтүндүгүнө жана башка баалуулуктарына жоопкерчиликти албайт.

 

Эгерде жеңилдетилген типтеги обьектинин ээси аныкталбаган жана жок болгон учурда, обьектиге мөөр басылат,обьектини бузуу  жана көчүрүүдө ичиндеги материалдык баалуулуктары менен чогуу көчүрүлөт же алынат.Келтирилүүчү материалдык жана моралдык чыгымдар төлөнүп берилбейт.Муниципалдык менчик департаменти обьектинин бүтүндүгүнө жана башка баалуулуктарына жоопкерчиликти албайт.

 

          54. Жеңилдетилген типтеги обьектини бузуу же көчүрүүгө муниципалдык менчик департаментин адистери, кызматкерлери, структуралык бөлүктөр, мэриянын алдындагы кызматтар, ошондой эле укук коргоо кызматкерлери жетекчилердин макулдугу менен катыштырылат.

           55.  Жеңилдетилген типтеги обьекти   «Таза-Нарын»  муниципалдык ишканасына көчүрүлөт жана ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысы түзүлү,  убактылуу сактоого жиберилет.

Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин  расмий түрүндө берген  аныктоочу документине ылайык, обьектини ээсине кайра кайтарып берүүсү жеңилдетилген типтеги обьектини бузганга, көчүргөнгө, сактаганга сарпталган чыгымдарды  төлөгөндөн кийин ушул Жобого ылайык берилет.

            56. Көчүрүлгөн жеңилдетилген типтеги обьекти «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасында 10 күнгө чейин акысыз сакталат. Сактоо мөөнөтү 10 күндөн  ашкандан кийин  сактоо үчүн акча төлөөсү жүргүзүлөт.

            57. «Таза-Нарын»  муниципалдык ишканасы обьектиге жана анын ичиндеги  материалдык баалулуктардын сакталышына жооп берет.

 

Нарын шаардык Кеңешинин

аппарат жетекчиси                                                                                      А.Абдыкеримов 

Обсуждение закрыто.