Депуттардын Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышындагы VIII сессиясынын №1 токтому

Нарын шаардык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде кабыл алуу жана жарыялоо жөнүндө

              НАРЫН ШААРДЫК  КЕНЕШИНИН  XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ           КЕЗЕКТЕГИ   VIII СЕССИЯСЫНЫН

№1  ТОКТОМУ

   26-август   2013-жыл                                                                                                Нарын шаары 

Нарын шаардык Кеңешинин токтомдорун  мамлекеттик тилде кабыл алуу жана жарыялоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын  «Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына  22-февраль 2013-жылдагы №30 редакциясындагы  өзгөртүү толуктоолорго  жана    Нарын  шаардык статистика бөлүмүнүн 2013-жылга карата берген маалыматына ылайык Нарын шаарындагы жалпы 36495 калктын 35967си же 98,5 пайызы кыргыз улутундагы жарандар болгондуктан Кыргыз Республикасынын  «Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 24-26-28-29-беренелерин жетекчилике алып Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                  ТОКТОМ            КЫЛАТ

1.    Кыргыз Республикасынын  «Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына  22-февраль 2013-жылдагы №30 редакциясындагы  өзгөртүү толуктоолорго  жана    Нарын  шаардык статистика бөлүмүнүн 2013-жылга карата берген маалыматына ылайык Нарын шаарында жашап жаткан жалпы 36495 калктын 35967си же 98,5 пайызы кыргыз улутундагы жарандар болгондуктан Нарын шаардык Кеңешинин жалпы иш кагаздары,  токтомдордун долбоорлору, мамлекеттик тилде гана даярдалсын.

 

2.    Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында депутаттардын колдоосуна ээ болгон   токтомдор мамлекеттик тилде кабыл алынсын жана кабыл алынган токтомдорду расмий жарыялоо,  ченемдик укуктук актылардын реестирине киргизүү  мамлекеттик  тилде жүргүзүлсүн.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Э.Турсуналиевге тапшырылсын.

 

 

   Төрага                                                                   Э.Турсуналиев

Обсуждение закрыто.