Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Өмүралиевдин билдирүүсү жөнүндө

 НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 

V I ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ   I УЮШТУРУУ  СЕССИЯСЫНЫН 

 

№1 ТОКТОМУ

 

27-ноябрь  2024-жыл                                                                                                                                 Нарын шаары

 

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б.Өмүралиевдин билдирүүсү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин “КРнын  Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын таркатуу жана КРнын Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндөгү  2024-жылдын 6-сентябрындагы Жарлыгына ылайык, 2024-жылдын 17-ноябрындагы өткөрүлгөн шайлоонун негизинде 2024-жылдын 22-ноябрында Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын №187 токтомуна ылайык  Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.Өмүралиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

 

1.Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  Б.Өмүралиевдин билдирүүсү эске алынсын. (маалыматтар тиркелет) .

  1. 2024-жылдын 17–нобрындагы Нарын шаардык Кеңешине 5 фракциядан шайланган 31 депутаттын, депутаттык ыйгарым укуктары анык деп табылсын. ( тиркеме тиркелет).

 

 

Сессиянын   төрагасы                                                                                                 А.Төрөгелдиев                                                      

                                                                                                               

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына;

1 сессия 1 токтом тиркеме

 

Добавить комментарий