НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ Х СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ  Х СЕССИЯСЫНЫН

 № 3 ТОКТОМУ

30 -июнь   2025-жыл                                                                                                                                                                   Нарын шаары

 

Нарын шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетине кошумча акча каражатын

бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 26-июнундагы №210 тескемеси менен Нарын шаарынын транспорт жана курулуш инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн Нарын шаардык мэриясына 250 000 000 (эки жүз элүү миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражаты  Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнүп берилген.

Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын  сунуш  катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет,экономика, финансы жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан бөлүнүп берилген 250 000 000 (эки жүз элүү миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражаты Нарын шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн планына  кошумча бекитилип берилсин.

 

  1. Нарын шаарынын 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин чыгаша  бөлүгүнөн төмөндөгүдөй  иштерди аткарууга жумшалсын:
  • Нарын шаарына  автобустарды сатып алууга -130 000 000 (бир жүз отуз миллион) сом, баасын тактоо менен саны аныкталат ;
  • Нарын шаардык муниципалдык ишканалардын материалдык-техникалык базасын чындоо максатында техникаларды алууга 100 000 000 (бир жүз миллион) тиркемеге ылайык ;
  • Москва чөлкөмүнүн Нарын-Суу жээгиндеги аллеясын амфитеатры менен курууга- 20 000 000 (жыйырма миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражаты,
  • жалпысы 250 000 000 ( эки жүз элүү миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражаты жумшалсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык мэриясына     жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                                                 Ж.Эсеналиев

 

 

 _____________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына;

Добавить комментарий