НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ Х СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ  Х СЕССИЯСЫНЫН

 № 4 ТОКТОМУ

30 -июнь   2025-жыл                                                                                                                                                                       Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы    Ленин көчөсү №134 в дарегиндеги борбордук мончону буздурууга   макулдук

берүү   жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-июнундагы №201 тескемеси менен Нарын шаарынын инфраструктура обьектилерин куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 807 061 899 (сегиз жүз жети миллион алтымыш бир миң сегиз жүз токсон тогуз) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилип, жогорудагы сумманын ичинен борбордук мончо куруу жагы пландалууда.

Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана  КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын, жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын  сунуш  катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаарына жаңы, заманбап мончо куруу максатында, Нарын шаарындагы Ленин көчөсү №134в дарегиндеги борбордук мончону буздурууга макулдук берилсин.

 

  1. Буздуруу иштерин жүргүзүүдө мыйзамдуу иш алып баруу  жана бузуудан алынган жарактуу курулуш материалдарын туура пайдаланууну көзөмөлдүккө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына таршырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                                                                                                                                 Ж.Эсеналиев

 

 

 _____________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына;

 

 

 

 

 

Добавить комментарий