НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХХ СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-ноябры №2
Кыргыз Республикасынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын 2026-жылга карата каржылоосуна долбоорлорду сунуштоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, сессияга сунуштоо боюнча протоколунун чечимин эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын 2026-жылга карата каржылоосуна долбоорлорду тиркемеге ылайык сунуштоого макулдук берилсин.
- Сунушталган үлүштүк (дем берүүчү) гранттын долбоорлоруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен тиркемеге ылайык пайыздык өлчөмдөрүндө өздүк салым бөлүнүп берилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы, экономика, инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары Эмилбек Рысбек уулу
Тиркеме №2 токтом Үлүштүк грант
