НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХХ СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ ХХ СЕССИЯСЫНЫН

 ТОКТОМУ

2025-жылдын 27-ноябры  №1 

                                                                                                           

Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев  атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 4 (төрт) иш  бөлмөсүн Евразиялык орус тили жана маданияты  борборун” ачуу  үчүн   “Евразия Кей Джи” коомдук фондуна акысыз пайдаланууга  берүүгө макулдук берүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик  администрациялар  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө», “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча”, «Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча», «Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият боюнча”  туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунда карап, талкуулап, сессияга сунуштоо боюнча протоколунун чечимдерин эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарында мектеп окуучулар арасында орус тилин жана маданиятын өнүктүрүү багытында жана мугалимдердин кесиптик билимин өркүндөтүү максатында  Нарын шаарындагы Э.Ибраев  атындагы орто мектебинин имаратынын ичинен 4 (төрт) иш бөлмөсүн  “Евразиялык орус тили жана маданияты  борборун ачуу” үчүн “Евразия Кей Джи” коомдук фондуна 5 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берүүгө макулдук берилсин .

 

  1. Мектептин ижарага берилген 4 иш бөлмөсүн толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүү, тиешелүү эмеректер жана жабдуулар менен камсыз кылуу  жана коммуналдык чыгымдарынын (электр энергиясы, суу, жылуулук жана башка коммуналдык кызматтар)  төлөмдөрүн жүргүзүү жана келишимде көрсөтүлөн талаптарды аткаруу  жагы  “Евразия Кей Джи” коомдук фондуна тапшырылсын.

 

  1. Нарын шаарындагы №4 Э.Ибраев атындагы орто мектептеги  ижарага берилген     4 иш бөлмөсүнүн тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык бүткөрүү жана өз ара келишимдерди түзүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.   

       

          Төраганын орун  басары                                                                                                     Эмилбек  Рысбек уулу

 

 

Добавить комментарий