НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХII СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
22-август 2025-жыл Нарын шаары
Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Чек ара кызматынын “Тайлак Баатыр” атындагы Нарын облусу боюнча башкармалыгына тиешелүү жер тилкесин учурдагы имараттары менен Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Чек ара кызматынын “Тайлак Баатыр” атындагы Нарын облусу боюнча башкармалыгына тиешелүү Нарын шаарындагы С.Орозбак атындагы көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан жалпы идентификациялык коду 4-05-02-0001-1409, аянты 100 458,50 чарчы метр жер тилкесин учурдагы имараттарын жана Нарын шаары И.Раззаков атындагы н/ж көчөсүнүн, идентификациялык коду 4-05-01-0002-0432 аянты 20 670,0 чарчы метр жер тилкелерин Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен тейлөөгө макулдук берилсин.
- Нарын шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууда мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
_____________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.