НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХII СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ  ХII СЕССИЯСЫНЫН

 № 2 ТОКТОМУ

 

     22-август 2025-жыл                                                                                                                                                                 Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы И.Раззаков атындагы  көчөсүнүн н/ж  дарегинде жайгашкан Кырыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу  №93546 аскердик   бөлүгүнө  (батальон) тиешелүү жер аянттарын жана учурдагы имараттары менен Нарын шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчигине  кабыл алууга макулдук берүү  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесин  жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы   “Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык,  Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз  сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаарындагы И.Раззаков атындагы көчөсүнүн н/ж дарегинде жайгашкан Кырыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу  №93546 аскердик       бөлүгүнө  (батальон) тиешелүү 16,46га жер аянттарын жана учурдагы имараттарын  Нарын шаарынын мэриясынын  муниципалдык менчигине  кабыл алууга жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен тейлөөгө макулдук берилсин.

 

  1. Нарын шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууда мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                         Ж.Эсеналиев

 

 

 

 

 _________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын  облустук юстиция башкармалыгына.

 

 

Добавить комментарий