НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКСИЗ ХIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
3 -сентябрь 2025-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин 22-август 2025-жылдагы кезексиз ХII сессиясынын
№1 токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин 22-август 2025-жылдагы кезексиз ХII сессиясынын №1 токтомунун 1-пунктуна “Идентификациялык коду №4-05-02-0001-0873, учурда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан бала бакчасы жана “Тайлак Баатыр” атындагы Нарын чек ара башкармасына тиешелүү идентификациялык коду №4-05-01-0002-0434, жалпы 16619,9 чарчы метр жер тилкелери менен биргеликте”- деген сөздөр кошумчаланып жазылып, “Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Чек ара кызматынын “Тайлак Баатыр” атындагы Нарын облусу боюнча башкармалыгына тиешелүү Нарын шаарындагы С.Орозбак атындагы көчөсүнүн №2 дарегинде жайгашкан жалпы идентификациялык коду 4-05-02-0001-1409, аянты 100 458, 50 чарчы метр жер тилкесин учурдагы имараттарын жана Нарын шаары И.Раззаков атындагы н/ж көчөсүнүн, идентификациялык коду 4-05-01-0002-0432 аянты 20 670,0 чарчы метр жер тилкелерин, идентификациялык коду № 4-05-02-0001-0873, учурда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан бала бакчасы жана “Тайлак Баатыр” атындагы Нарын чек ара башкармасына тиешелүү идентификациялык коду №4-05-01-0002-0434, жалпы 16619,9 чарчы метр жер тилкелери менен биргеликте Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен тейлөөгө макулдук берилсин” — деп толукталсын.
- Ушул токтом менен Нарын шаардык Кеңешинин 22-август 2025-жылдагы кезексиз ХII сессиясынын №1 токтомуна киргизилип жаткан толуктоо боюнча Мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
_____________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына.
