НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХVII СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКСИЗ  ХVII СЕССИЯСЫНЫН

№1 ТОКТОМУ 

 

30 -октябрь 2025-жыл                                                                                                                                                                                           Нарын шаары

Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин карамагына  мөөнөтсүз берилген  223,78 га  жер аянтын  Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” , Кыргыз  Республикасынын  ”Мүлккө муниципалдык менчик  жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясы карап, талкуулап, отурумдун протоколунун  чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын аймактык түзүлүшүн кеңейтүү, социалдык-экономикалык маселелерин чечүү, шаар калкын турак-жай менен камсыз кылуу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, заманбап имараттарды куруу үчүн Нарын шаарынын күн батыш тарабындагы Борборук Азия Университетинин карамагына мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөгөн) пайдаланууга берилген  263,78га жер аянтынын ичинен   223,78 га жерин Нарын шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Ал эми, 263,78га жер аянтынын ичинен калган 40га жери Борбордук Азия Университетинин пайдалануусуна калтырылсын.

 

  1. Жер тилкесин кабыл алуудагы иш кагаздарынын мыйзамдуу бүткөрүү, белгиленген тартипте кайра каттоону жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                         Ж.Эсеналиев

 

 

 

___________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга,  «Нарын  облустук юстиция башкармалыгын;

Добавить комментарий