НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХI СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-февралы №2
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 8-бөлүмүнүн 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык, коомдук транспорттордун туруктуу иштөөсү, жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу, күйүүчү май менен камсыздоо, кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында Нарын шаарынын мэриясынын сунуш катын, Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы, экономика, жана ишмердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумундагы корутундусун угуп, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылдын 1-январына карата калган “Калдыктар” беренесинин эсебинен Нарын шаардык муниципалдык транспорт ишканасына 1 886 275 (бир миллион сегиз жүз сексен алты миң эки жүз жетимиш беш ) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Бөлүнгөн акча каражаты менен каржылоо жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Бөлүнгөн акча каражатынын максаттуу, үнөмдүү пайдаланышын жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
